<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?>
<itemContainer xmlns="http://omeka.org/schemas/omeka-xml/v5" xmlns:xsi="http://www.w3.org/2001/XMLSchema-instance" xsi:schemaLocation="http://omeka.org/schemas/omeka-xml/v5 http://omeka.org/schemas/omeka-xml/v5/omeka-xml-5-0.xsd" uri="https://omeka.auca.kg/staliniststories/items/browse?collection=17&amp;output=omeka-xml&amp;sort_field=added" accessDate="2026-04-14T18:30:25+00:00">
  <miscellaneousContainer>
    <pagination>
      <pageNumber>1</pageNumber>
      <perPage>10</perPage>
      <totalResults>1</totalResults>
    </pagination>
  </miscellaneousContainer>
  <item itemId="913" public="1" featured="0">
    <fileContainer>
      <file fileId="883">
        <src>https://omeka.auca.kg/staliniststories/files/original/af21838b6f3e25c30b57be6ec91c4ab6.mp3</src>
        <authentication>34ee80b0bf629bea1fb749f691a0a482</authentication>
      </file>
    </fileContainer>
    <collection collectionId="17">
      <elementSetContainer>
        <elementSet elementSetId="1">
          <name>Dublin Core</name>
          <description>The Dublin Core metadata element set is common to all Omeka records, including items, files, and collections. For more information see, http://dublincore.org/documents/dces/.</description>
          <elementContainer>
            <element elementId="50">
              <name>Title</name>
              <description>A name given to the resource</description>
              <elementTextContainer>
                <elementText elementTextId="6857">
                  <text>Untold Stories of Stalinist Kyrgyzstan</text>
                </elementText>
              </elementTextContainer>
            </element>
            <element elementId="49">
              <name>Subject</name>
              <description>The topic of the resource</description>
              <elementTextContainer>
                <elementText elementTextId="6880">
                  <text>This collection is the result of a two-year long research conducted by students and faculty of the&#13;
American University of Central Asia to study and collect oral histories of ordinary people who&#13;
lived in Soviet Kyrgyzstan in the 1930s and all the way up to the early 1960s. The goal of this&#13;
research is to record and preserve time-sensitive and valuable oral testimonies about everyday&#13;
life during the Stalinist period to reconstruct the public and collective history of Soviet&#13;
Kyrgyzstan.</text>
                </elementText>
              </elementTextContainer>
            </element>
          </elementContainer>
        </elementSet>
      </elementSetContainer>
    </collection>
    <elementSetContainer>
      <elementSet elementSetId="1">
        <name>Dublin Core</name>
        <description>The Dublin Core metadata element set is common to all Omeka records, including items, files, and collections. For more information see, http://dublincore.org/documents/dces/.</description>
        <elementContainer>
          <element elementId="50">
            <name>Title</name>
            <description>A name given to the resource</description>
            <elementTextContainer>
              <elementText elementTextId="6877">
                <text>Усупов С. М.</text>
              </elementText>
              <elementText elementTextId="6879">
                <text>Usupov S.M.</text>
              </elementText>
            </elementTextContainer>
          </element>
          <element elementId="49">
            <name>Subject</name>
            <description>The topic of the resource</description>
            <elementTextContainer>
              <elementText elementTextId="6878">
                <text>Интервью алуучу: Айдай&#13;
Интервью берүүчү: Усупов СМ&#13;
Интервью алуучу жер: Бишкек&#13;
&#13;
-Ошо өзүңүз жөнүндө биринчи таанышып кеттсеңиздер? Аты-жөнүңүздү, кайсы жерде туулгансыз?&#13;
&#13;
-Ушул Нарын району, Миң-Булак эскиче Куйбышев колхоз. Миң-Булак сельсовети Куйбышев колхоз, эскиче. Азыр эми Миң-Булак айылы да, Миң-Булак айыл өкмөтү.&#13;
&#13;
-Ата-энеңиз ким болгон?&#13;
&#13;
-Ата-энем, ата-энем колхозчу болгон, андан кийин ушул айылда сельсовет болгон, башкарма болгон атам. Чарбада иштеген, мал чарбасында талаачылыкта. Жетекчи болуп, башкарма болуп эле иштеген да. Анан бригадир болду.&#13;
&#13;
-А апаңызчы?&#13;
&#13;
-А апам жана колхозчу болуп ал жаш кезинде мен кичинекей кезимде каза болгон да бир 7-8де.&#13;
&#13;
-Балким чоң-ата, чоң-энеңиз Үркүндө Кыргызстанда катышты беле же калышты беле Кытайга?&#13;
&#13;
-Үркүндөн мурда илгери эле 1905-1906-жылдары эле каза болгон да чоң-ата, ал Үркүнгө катшыкан жок алар. Чукул туугандардан Үркүнгө катышкан жокпуз, ушул айылда эле оор турмушта жашап кетти ошол.&#13;
&#13;
-Ата-неңиз жөнүндө да айтып берсеңиз мүнөөздөрү кандай болгон? Балачак кезиңиз кандай өттү ата-энеңиз менен?&#13;
&#13;
-Балачак кези ошол атам башкарма, жылкы ферма, бригадир болуп иштеди анан мал чарба, талаа, айыл чарбасында иштеп жумуш аткарды мамлекеттик тапшырмаларды. Анан ошол кездерде биз колхоздо эле орто мектепти...7-класска эде чейин бар болчу ушул айылда анан кийин анан 50-51-жылдардан анан кийин Нарынга, Нарын шаарына Токтогул атындагы орто мектепке берип ошол жактан бүтүп келдим мен. Анан согуш...мен 1937-жылы туулгам да, 1937-жылы анан, бала кезде кичинекей согуштун эмесин көрүп калдык оор турмушун, ачкачылык, эртең менен кетип кечке чейин иштөө. Согушка бул жакта техника жок, балдыгы согуш үчүн кеткен. Кол менен жумуш, ат менен соко айдайт арпа, буудай. Буудай өспөгөн жерге арпа эле айдайт. Бир аз мал чарбасы, колхозду мал чарбасы бар, талаачылыгы бар, арпа айдайт. Ошонун баарын тең жанагы комбайн да жок, анан ат менен бастырып, [идишти бирөө тарсылдаптып жатат] таштан жазалган жанагы данды талкылаган ошол менен... ошондон кийин эгин бастырчу. Анан кийин анан согуш бүткөндөн кийин дагы оор турмуштарды өктөрүп анан Советтер Союзу мезгилинде анан, согуштан кийин 50-...40-жылдын аягынан дагы 50-жылдына баштарында бир аз техникалар келе баштады. Согуш мезгилинде айагында бир кичинекей тракторлор келе баштады, кичине ошол жеңилденип эметишип эле атын унутуп калдым. Анан кийин анан согуштан кийин 50-жылдарда техника анан комбайн чыгып, анан жанагы молотилка менен бастырып, ат менен бастырган, өгүч менен эгиндер анан техника иштете баштады. Анан 50-жылдардан кийинанан бир аз турмуш оңолду. Ага чейин оор турмушта…&#13;
&#13;
-Азыр бир аз артка кетсек, сиз айттыңыз да атаңыз бригадир болчу деп, ушундай кызматка кандай келди эле?&#13;
&#13;
-Кандай келгенин билбейм, ал кезде тиги партиянын жетекчилиг кылчу анан ошол эмегегин ал анда де өтө мындай институтту бүткөн билимдүү мес болгон атам. Жогорку окуу жайын бүткөн эмес, өзүн бири бирин өркүндөтүп он алтың тен тамгасын менен жазчу. Анан өзүнүн жөндөмдүүлүгү менен чарбаны жакшы билген, эл турмушун жакшы билген жетекчи катары эле, партия, райондук партия, же облус партиясы көтөргөн жетекчи кызматтарга. Ошол согуш мезгилинде башкарма болуптур да, согуш мезгилинде ошол Миң-Булак айылынан ал тетиги Эки-Нарын районун Эки-Нарын деген жер бар да. Ошол...тиги...Эки-Нарын деп. Ошондо Киров колхозунда аяк башын он жылдай согуш мезгилинде жетекчи башкарма болдуго. &#13;
&#13;
-Согушка катышкан жокпу ошондо?&#13;
&#13;
-Ыя, ии, согушка барбай, бул жакта тылда...ушул элди согушка мобилизация, мобилизация кылыш үчүн ошого тылда иштеген. Согушкан жиберген эмес, жетекчи кадрлар керек болгондо, элди жыйнаш үчүн. А тылда, согушка жибербей и анан тылда согушка материал тигүүчү жактан тамак-аш менен кийим-кечек менен армияны камсыз кылып тылда дагы согуштан каттуу, оор жумуштан оор жумуштан өткөн да. Анан ошону уюштуруп...тылда жетекчи кызматта иштеген да. &#13;
&#13;
-Ошондо согушка эмне жиберилчү?&#13;
&#13;
-Ал согушка ошол кездерде кийим-кечек, мисалы үчүн, эмне кийим керек болсо, байпак керек болсо, жылуу кийим, андан кийин жүндөн токулган тиги эме кол менен, ошондой ошондой азыркыдай фабрика эмес, кол менен эметилген. Анан эгин чаптырып, жанакындай бастырып, анан тамак-аш менен камсыз кылып. Тиги...эме бөлүмдөр болгон да тиги даярдоо бөлүмдөрү, ошого эгин жиберип, согушка барсын деп, анан кийим-кечек менен камсыз кылып. Тамак-аш менен камсыз кылып тылды иштеген. Анан бизди да ошол...кол менен орого ороптур [00:06:57 түшүнүксүз] биз дагы бала кичинекейибизде. Анан ошол эгиндер калып калат да, анан ошол машакты терип биз дагы 6-5-6, 6-7 жаштарыбызда 2 килограмм, 3 килограмм терип келесиңер дегенде ошол машак терип талаадагы калып калган эгиндерди буудайларды терип келип кампага алып келип төгүп иштедик да эрте. Сокого миндик жанагы ат менен. Эттүү болсо ошентет, эттүү болбосо жакшы эметилбейт. Анан оор турмушта жашагам кийим деген мындай жок, ботинка, тигиндей, мындай деп эмелерим жок. Чокой кийип.&#13;
&#13;
-Чокойду эмнеден жасашкан?&#13;
&#13;
-Чокойду эмеден жасаган койдун жүнүнөн. Анан чокой, чокой кийип эле өстүк. Анан андан кийин ошоно эметип, чокойду дагы тамандап жанагы уйдун терисинен эме кылып тамандап кийип ошо бизди неметти өстүрдү. Кыскасы эл согуштан мурда, согуш мезгилинде, анан согуштан кийин бир калыбына келтирүү жылдарда эл оор турмушта жашаган. Колунан келген....анан эмне тамак ичкен жанагы жарма, арпаны талкан...жарма. Буудайдан бир аз нан кылып. Анын өзүнүн колундагы мал чарбасы бар да бир аз ошондон этинен шорпо кылып. Кой, эчкилерден союп жеп. Анан ошондо дагы жөн койбой, жанагы мамлекетке эт керек, тиг неме керек деп ушул конторорг [00:08:40] деп малдардын баарын этке төктүрүп да кетчү. А кийин эле согуш...кийин эле тиги жанагы эгемендүүлүк жылдардан мурда деле ошо...болгон менчил малдарын этке төктүрүп алып койчу партиянын жетекчилиги...неме…&#13;
&#13;
-Канчанчы жылдары ошол болгон?&#13;
&#13;
-Аны билбейм...60-70-жылдары. 80-жыл ал элди...мен мен жеке менчик өзүмдүн, мисалы үчүн, малым бар, уйу бар, койум бар, бодо малдан, же болсо жылкым бар. Анан ошондо конторг...эмеге салып туруп, туруп туруп алып, баягы эт планы келип деп анан этке төгүп берип. Анан бир тыйын берчү ага, ага кийим-кече, балдардын окутуп.&#13;
&#13;
-Ошондо канча тыйын берчү?&#13;
&#13;
-Малдын немесине, салмагына жараша. Малдын са...семиздүүлүгүнө салмагына жарага тиги килге тарттып туруп, ошентип туруп берип анан мамлекеттик чекене баалары бар ошол семиздүүлүгүнө жараша, салмагына жараша. Канчалык семиздүү, канчалык семиз, канчалык салмагуу жогору болсо ошого карата тыйынын төлөйт да.&#13;
&#13;
-Ошондо да айта кетсек согуш жөнүндө, согушка жибере турган, мисалы үчүн, дан, же чогулткан дандын канчанчы бөлүгү согушка жиберилчү? Ошол чогулткан дандын, мүлктүн, же кийимдин канчанчы бөлүгү согушка жиберилчү, канчанчы бөлүгү элде калчу? &#13;
&#13;
-Эл..элге көп калчу эмес. Бир аз эле калбаса, үчтөн эки бөлүгү согушка кетчү. Элибиз өзүнүн эмгеги менен, өзү таап, машак терип, биртке...эгинин даярдап эметип алып ошого....калганын бүт эле ошого фронтко кетчү. Эметип турчу, мамлекетке туруп турчубуз да. &#13;
&#13;
-Атаңыз негизи кыйын эле кызматта отуруптур да ошол, партияда партиец болуптур, анан ошондо үйүңүздө канча мүлк бар болчу, канча мал бар болчу?&#13;
&#13;
-Анан ал...үйдө, менин үйдө...бир 15, 15-20 иреттеги эле майда жандык кой, эчки. Анан бир 2-3 уй, анан 1-2 аяк башы 5-6 эле бодо болчу. Андан ашык ашчу эмес, азыр байлык да. Чакан эле мал менен эметти, бирок өзүбүздө чакан болгону менен, мамлекет дагы камкөрдүк көрүп жанагы. А согуш мезгилинде айлык да берчү эмес, акча берчү эмес. Эмгек күн деп койчу. Эмгек күн деп ошол эмгек күнүнө кол...мамлекеттен колхоздо эмгек күн деп, акчасы жок, акча бербейт, акча жок. Ошонун ордуна тиги трудодни дни жанагы эмгек күнү берип туруп бир аз буудай, же арпа колунан келгенин. Акча, акчаны кийин чыгарды. Эмгек акысын анан кийин 50-жылдары чыгарып калдыго, мен ошол бала кезимде. Ага чейин тиги согуш мезгилинде трудодни деп койчу, эмгек күн, ошого натуральный, натуральный баланча аласын, дүкөнчө аласын деп берип. &#13;
	А бирок эл оор турмушта жашады да. Оор, согуштан мурда мен бала кезимде көрүп калып жанагы, эртең менен эрте кетет. Кечинде кеч келет, түнкүсүн анан кийин анан ошол ачкасы балдар те...жанагы терип келген буудай, же арпасы ошону сокуга салып жанчып, ошону талкан кылып, же ун кылып анан ошо үй-бүлөөсүн багып жатты да.&#13;
&#13;
-Ошондо сиздин кичинекей чагыңызда ошол столдун үстүндө эмне турганын дагы бир жолу айтып бересизби? Сиздин кичинекей чагыңызда ошол чай ичип жатканада ошол столдун үстүндө эмне турганын дагы бир жолу айтып бересизби?&#13;
&#13;
-Согуш….кичинекей турганда, согуш мезгилинде, өзүнүн эме талкан, биртке нан, бирок ченелүү менен, анан, анан биртке мынча нан болчо, анын баарын жебейсиң. Өзүңө тойгондой, ачка калбай калгандай гана делгээнде. Ачка калып бала кыйналбайсын, өзүлөрүн ачка калбагандай жегиң келсе гана койчу болсо. А бобосо, кээ бир үй-бүлөөлөрдө талкан менен гана жашаган үй-бүлөө, нан да жок. Ошондойду көргөм да. Анан картөшкө, картөшкө, коюп койчу. &#13;
&#13;
-Ошондо балачак кезиңизде кандай оюндарды ойнодуңар эле?&#13;
&#13;
-Ал ошол...кезде...ака чөөлмөк [ака чөөл], селкинчек.&#13;
&#13;
-Ака чөөлмөктү да айтып бересизби, ушул канда оюн?&#13;
&#13;
-Ака чөөлмөк жыгачтан мындай эметет тазалайт апаппак кылып, айлуу түндө, айлуу түндө көчөгө чыгабыз, ээң талаага чыгабыз анан ыргытат, ыргытканда анан баары да силерге сен дагы, мен да мисалы үчүн, баардыгы жаштар. Анан, ошол дагы ака чөөлмөктү издеп, издеп анан кийин табат да. Ал кезде, мисалы үчүн, сенин көзүң курчта. Анан апаппак болгон, мындай, момундай апаппак болсо жатат, анан таап алып. Анан качып, анан тапкан киши качат, анан калгандары тапты тиги анан кубалап жөнөйт. Колуна кармашып анан кийин ака чөөлмөктү талашып, анан кимиси жеңсе. Баягы бири бирине берип, бири бирине жыгылып да калса, басып алып деле, ошол сыяктуу…&#13;
&#13;
-Американский футбол сыяктуу турбайбы?&#13;
&#13;
-Так ошонун….Ака чөөлмөк ошону бир түрү да. Түнкүсүн селкинчек, анан кой кайтарат, кой түнүчүндө карышкыр тийбесин деп тим эле. Анан ошол кездерде, селкинчек тээп, ака чөөлмөк ойноп, [идиш аякты тарсылдатып жатат бирөө] бир чети эми ошол малдарды карышкыр жеп кетпесин деп, анан экинчи азыркыдай телевизор жок, радиоприемник жок, болсо дагы жетишпейт. Ал жанагы...85 жылын белгилеп жүрүөбү тиги 90 жылын белгиледи радиосу...Ошол андан мурдагыларда жок болгон, кийин согуш мезгилинде, согуштан орто чендеринде чыгып калды го. &#13;
&#13;
-Ошол радио бар болду беле сиздин үйүңүздө?&#13;
&#13;
-Менин төрөлгөн кездерде 37-36-жылдарда болуп калдыго, ага чейин жок болгон. &#13;
&#13;
-Радиодо кандай передачалар бар болчу, эмне жөнүндө айтышчу радиодон?&#13;
&#13;
-Радиодон элдик музыка, концерт берик калышчу. Анан дагы айыл чарбасында колхоз, совхоздордун жетишкендиктери. Кемчиликтер азыркыдай эле, Республиканын деңгээлинде, Советтер Союзунун деңгээлинде эмелер болуп турду да ошол, акыркы кабарлар ошол радиодон айтып, анан маданият жөнүндө айтып, анан концерт берчү, Муса Баетов жанагы, Атай Огонбаев дегендердин баары 49-жылдары. Ошолор анан патефон деп анан жаздырып. Анан ошолорду сатып алып, анан кийин патифон болсо бул техника өскөн жол болду анан патефон деп жанагы эме деп жүрөбү тегереткен. &#13;
&#13;
-Үйүңүздө бар беле ошол?&#13;
&#13;
-Биздин үйдө бар болчу. &#13;
&#13;
-Ошондо ар бир үйдүн ичинде патефон бар беле, же сиздикинде гана бар беле?&#13;
&#13;
-Жок, ал жетишкендиги. Ал жетти деп туруп, баардык деген деле патефон жок, мындай колунда барлагылар эле. &#13;
&#13;
-Ошондо бош убакыт бар беле кичинекей чагыңызда?&#13;
&#13;
-Бош эми...азыркыдай...бош эми иштеп келип анан калган убагым бош да. [бирөө трасылдатып идишти жууп жатат] Үйдө...мисалы үчүн, барып кой кайтарып келесин бир түнү, бир күнү кой кайтарасын дежурный, мисалы үчүн. Анан экинчи күнү башка кишиге айтат да, сен экинчи күнү кой кайтарбай каласын да. Анан эртең менен таңатпай бээ саайт, мисалы үчүн. Кымыз ичишчү, айран ичишчү жана эмне тамакты деп айтпайсынбы. Анан эжигей деп туруп сүттөн эжигей жасачу, ушул тамактар менен. Жарма, бозо, арпадан бозо салып эле иче беришчү. Мындайча айтканда....кыргыздын пивосуда баягы эме сыяктуу бозо. Бозону азыр деле сатып атпайбы Бишкекте. Анан ошол, ошо тамактардан ошо болчу, эжигей, айран, анан...бир аз эт, сүт, каймак, анан баягы өзүнүн деңгээлине жараша. Анан кийин анан быштак жасай баштады. Анан быштакты болсо, примитивный азыркыдай завод жок. Кол менен бир чоң немеге коюп алып анан бастырып, бир аз быштагы, быштагы да азыркыдай деңгээлде болбой калды, кол менен примитивный жасаганда эл да камсыз кыла албайт экен.&#13;
&#13;
-А таттуу бар беле? Мындай кантпы, же конфеттерби мындай?&#13;
&#13;
-Иий, кант, кант, кант бар болчу. Кант да согуш мезгилинде жеткиликтүү болгондо кийин. Канттар болду, бирок жеткиликтүү болгон жок, начар болду да. Анан кийин эле көбөйдү да, согуш мезгилинде андай да тартыш болуп. Кийин анан көбөйдү да кийин. &#13;
&#13;
-Ошол сиз айттыңызда, кол кайтармачумун, карышкырлар да болчу деп, койду карышкырлардан кайтарчусуңар да, анан ошондо мылтыгыңар бар беле?&#13;
&#13;
-Жок, ал мылтык жок, ошол үчүн жанагы...ал короодо да. Мына бул жеринде жүрөт анан кийин карышкыр болсо күндүз, түнүн билбейт экендир, [үндөр чыгып жатат], түнүчүндө жанагы...ырды, ырдап жүрбөйбү шыпшырылдаң шыр экен, жылкычынын ыры экен деп, ошондой ойноп анан...себеби бир чети жаштар азыркыдай эме жок, театр...эме жок да. Анан бош болгондо жайлоодо, азыркыдай отурукташкан кийин да мындай комплексный болуп отурукташып калбадыбы. Баары көчмөн эл болгон да, анан жаштар эме болгондо, эме болгондо ошол жанагы селкинчек салып, ака чөөл ойноп. Бул бир жагы, экинчиси маданият жагынан өзүңдүн көңүлүн ачып. Ал тиги жалаң эле кой кайтарган эмес, жалаң эле кой кайтарган үчүн эмес, ал жанагы жаш кезде ошол улуттук оюндарды селкинчек, ака чөөлмөк анан жоолук таштамай дегендерде ошо азыркынын жанагы филармониясына барып эс алгандай, операга барып эс алгандай. И же болбосо тиги дегендерде ошол жайлоодо көчмөн калкктын жаштардын эс алчу эмеси болгон да. Анан ака чөөлмөк ойногондо, бир четинен спорт, экинчиси жайга көңүл алчу улуттук каада-салт, жоолук таштамай, анан ак терек, көк терек, сизге бизден ким керек деп ошентип биз да колду кармап алып. Ошонун баары эле бир чети...өзүндүн турмушуңду эметсен, экинчи жаштардын ойношот эметип көңүл ачышып, бири бирине болгон урмат сый, бир бирине болгон коллектив. Коллективде бирөөнү урматтоосу, ынтымактай жашоо деген мезгилдер ошо камтыган да. Азыр ошол көчмөндөрдүн оюну. &#13;
&#13;
-Ошондо жалаң эркек балдар эле ойночубу, же кыздар деле ойногонбу?&#13;
&#13;
-Жок, кыздар деле ойноп, кыздар да уруксаат сурап. Мен кеттим деп эле, мен кетип калдым, азыр ака чөөлмөк ойноп деп.&#13;
&#13;
-Ошол кездеги кичинекей балачагыңыздагы үйүңүз жөнүндө айтып бересизби? Кандай үй эле, ким курду эле, эмне менен курушту эле ушул үйдү?&#13;
&#13;
-Мына бышкан кирпич жок, болсо да жетпейт, жетпейт. Анан кирпич куйчу.&#13;
&#13;
-Кантип куюшчу ошондо?&#13;
&#13;
-Калыпка могул калып да, могул калып. Ичи мындай эме болот көңдөй. Ошого...лай жасап, саман кошуп туруп анан ичине салса, айланайын, төрт чарчуу болуп, бышкан кирпичти көрүп жүрбөйсүңбү, ошонун формасына куюп куюп...Анан кийин күнгө коюп коесуң, анан 15-20 күндөн кийин ошол менен салып койосуң. Анан...отурукташканда...35-36-жылдары баштап там сала баштадык. Анан менин атам бул жерге эметет, ошол 36-жылы салып турду. Ошол жерде 36-37 мен кичинекей беште кезимде 37-36-жылы биринчи там салышты. Ага чейин боз үйдө...кыштоодо мал чарбасын. Анан же болбосо...жашоо шартка ылайыктап туруп бирден отурушкан эмес да. Тээ 30-жылдардан кийин...30-жылдардын баштарында анан отурукташып анан ошондо там салган. Там салганда деле азыркы менен мындай там салган эмес, 1-2 комнат, 2-3 комнат, кухнясы. Анан мындай эметет андай эме жок, газ жок, ысык суу жок, тигиндей-мындай баягы. Өзүнө эле кириштүү шартына жараша. &#13;
&#13;
-Негизи Нарындын кышына очок, же мештер бар болчу беле?&#13;
&#13;
-Иий, ал меш бар, очок бар. Ошол үйдө очок бар, меш бар. Андан кийин анан кийин оңоло баштады. А бул тамдар кийин эле жаңылбасам 50-жылдардын аягында 60-жылдардан баштап анан там тиги сала баштады да.&#13;
&#13;
-Ошондо сиздин оюңузча, айтып жатпайсызбы 37-38-жылдары биринчи тамдар пайда болду деп бул жакта. Анан ким жардам берди ошол кыргыздарга там курушун?&#13;
&#13;
-Өздөрү эле, өз күчү менен. Өзүлөрү, өзүлөрү эле жыгач таап, карагай кыркып, мисалы үчүн, тоодон алып келет. Өз күчү менен, аны мамлекет сал..бир да мамлекет тамды салган эмес. &#13;
&#13;
-Бирок ошол башка калктын өкүлдөрүнөн көрүп келишкенби, же үйрөнүп келишкенби ошол там салганды кыргыздар?&#13;
&#13;
-Кыргыздар эми ооба, отурукташып, ооба, көргөндөрү бар. Анан кийин аны көрүп туруп экинчиси ошол иий ошондой болот турбайбы көргөнү бар, ооба, эки жактан көрүп келип анан киийн. Ээ жанагындай көчүп боз үйдө жүрбөйэ эле, анан да салып отуруп. Анан да жанагы коммунисттик партиянын советтер жанагы отурукташуу деген маселе болгон да. Иий, колхоздо коллективизаци, индустриализация деп тиги коллективизация деп анан бир жерге отургузуп колхоз, совхоз түзгөн. Мурдагы дай жанагы тоодон күнүгө эле көчүп эле анан. Тиги...жанагы Сталиндин ушундай индустриализация, коллективизация деген болгон 30-жылдары. Анан ошол коллективизация болгондо эл отурукташтырып мына ошондо там сала баштаган. &#13;
&#13;
-Ошол коллективизация жөнүндө да айтып бересизби?&#13;
&#13;
-Ии, коллективизация, коллективизацяи биринчи ячейка деп, он бешпи же мындай ошол ячейка деп, анан дагы кооператив түзгүлө деп жатпайбы, кооператив жанагы, ошондой болгон. Ячейка деп анан чогулушкан, чогулуп анан ошол...коллективизация деп анан отургузуп, адагенде майда чарба болуп, андан кийин анан майда чарба биригишип, анан андан кийин колхоз, совхоздор биригишип анан ошол анан жана отурукташкан ошондон анан тамдар салынып, эки жакка кетсин, эметсин. А так ага чейин мына мен, биз деле көрүп калдым, ошондон кийин деле көрүп калдык, февралдын аягында, март айларында, кой тууп калат да мартта, апрелдерде кыштын күнү, каар да. Боз үйдө, боз үйдө жашачу кээ бир малчылап, март айларында. Же шамал, же болбосо каар неметкенде мен ага кийиз берем тор болуп турат. Ошону каар менен тиги кереге боз үйдү көрүп жүрөсүңбү, ошонун эки жагынан тиги неме жана каар менен эме менен ошону тосуп коюп боз үйдө жүрүшөт, мешти коюп койчу. Себеби айдын аягында марттарда, а керек болсо кышында боз үй менен чыккан элдер болгон аны мен көргөн жокмун.&#13;
&#13;
-Ошондо коллективдештирүү болуп жатканда ата-энеңиз мүлкүн ортого салды беле?&#13;
&#13;
-Салган, алып койгон да.&#13;
&#13;
-Ошондо канча мүлкүн алып коюшкон? Канча мүлкү бар эле анан канча мүлкүн ортого салышкан?&#13;
&#13;
-Эми ар кандай да, ал баланча, мисалы үчүн, он койуң болсо, мисалы үчүн, теңин алып коет, же болсо 2-3 таштап калгандарын алып коллективдүү колхоз, совхоздорго деп, жанагы эме кылган да, кулактарын тарткандан киийн ошондон чыккан да. Жанагы байлардын баарын кулактардын манаптар экен деп, байлар экен деп, анан ошол менчик атын, уйун, бодо малдарын, койлорун алып туруп анан колхозго алып коюшкан да. &#13;
&#13;
-Негизи ошол айтып жатыгат го, кулактардын балдарына бир өзүнчө бир мамиле жазашчу деп, жактырбай ошо элдин арасында, ошол чын беле? Ошол балдар жумушка орношо албай, ошо окуусунда кичине ата-энең кулак деп шылдыңдап сүйлөп?&#13;
&#13;
-Ооба, шылдың эмес, саясат ошондай болгон да. Кедейлердин балдары эме болгон деп, анан тиги байлар немелер болгон, алардын кедейлердин карапайым элге караганда тиги кулак, кулакка тарткандар алардын малы бар, ээ...жаны бар, үй-оокаты тың, ушундай кишилер болгон да. Анын баарын тең эмеге алган да, тиги...бай-манаптар деп туруп коллективизация мезгилинде колхоз, общий. Жалпы менчикке айландырганда, жеке менчикке эмес жалпы менчикке айландырганда. Анан ошол алып койгон анан ошол ….ошол тиги анын балдары эми...шарты ошол болгон да ал. Аны, мисалы үчүн, бул се байдын баласы экенсиң деп жек көрүү эмес, шарт ошого, коомдун өнүгүш ошого толкать эткен түрткөн да. Мындай ажырым, ажырым кылган да. Анан бул бир чети анан жана...азыр деле айтып жатпайбы, экинчи жанагы...ошолорду кулакка тартып, алардын баарына басмачы болуп, совет бийлигине каршы чыгып, тигиндей-мындай болгону, ошолордун балдарын анан жанагы коммунисттик партиясы Сталин ошон да жанагы...репрессияга кетип...репрессияга кетип жанагы, Айтматов...Чынгыз Төрөкуловичтин ошонун бирөө эмесин азыр силер угуп билип калбадыңарбы, ошол сыяктуу болгон. &#13;
&#13;
-Ал кезде ошол….биз го азыр мына канча жыл өткөндөн кийин билип жатабыз да ошондой репрессия болгон экенин, ошол убакытта сиз билчүсүңөрбү? Ошол убакытта репрессия жөнүндө эмне сөз болчу?&#13;
&#13;
-Ошол убакытта мындай болгон да, жанагындай коомдук өнүгүш ошондой шарт түзгөн, анан кийин эл дагы ошого багыт алып анан кийин каршылар бар, тууганы бар, досу бар, ошого карабай туруп. Мисалы үчүн, сени мен жек көрсөм, мен ушундай деп түшүндөм да, эми ал канчалык чындык экен, же сен мени жек көрсөң, жамандап барган да. Жамандап барган ошол, Совет бийлигине калышы, коллективизацияга каршы, индустриализацияга каршы, эл душманы деп жамандап барса, жанагы уку коргоо оргнадары азыр...КГБ деп жатпайбызбы жанагы. Эметип анан ошол ак болсо да, ак болсо да, кара болсо дагы алып келип камалып, көпчүлүктөрү ошондой кетти. &#13;
&#13;
-Ошол сиздин айылыңздан же Нарындан репрессия болуп кетке, Сталиндик жазалоо чарасында репрессия болуп кеткен адамдарыд билесизби?&#13;
&#13;
-Билем, менин чукул...чукул тууганыбыз бар, Борсунбай Жунус деген, ошол киши 6 ай Архангельский, Архангельский облуска сүргүнгө айдап кетип, 6 айдан кийин акталып келген. Анан өзү 1921-жылы коммунисттик партиянын мүчөсү болгон, сельсовет болгон, тетиги Тогуз-Тородо Кызыл-Жылдыз колхозунда башкарма болуп иштеген, бул жакка келип сельсоветте сот болгон. Советтер Союзунун жанагы тиги...социалист мамлекет болууга салуу кошкон, бирок жамандап коюп анан кийин муну ошол киши сот кезинде андан кийин башкарма тиги-мындай эң негизи, 1921-жылы тиги партиянын мүчөсү болуп турган кишини жамандап туруп ошол тиги сүргүнгө айдап жүрүп Архангельскийге 6 айдан кийин аттыгынан кайра кутулуп келген. &#13;
&#13;
-Ошондо айтып берди эле ошол сүргүндө жашоо кандай болду эле?&#13;
&#13;
-Жашоо болгондо...ал тиги...ооба, айтып берген.&#13;
&#13;
-Ошол жөнүндө да айтып бересизби?&#13;
&#13;
-Түрмөгө...одиночный камерага кармаган. Анан ошону суракка калган, анан жатчу жери жок, анан мундай...тиги...шиш бар экен, темирдей мындай шиш, ошого жата албайсын. Жата албайсыңда. Бул жагына тигип кетет көчүгүнө, же болбосо аркаңа тийип кетет. Анан ошентип бир... алты күндө турганда анан ошондо бутуң эметкенден кийин буту эме болот экен жанагы чегине тургандан кийин бутка кан бар да, суусу ылдый түшүп анан балтырга чейин шишийт экен. Ошол шишип кетип анан, суркка алып анан, бир эки киши сураганда эки киши, анан булу тааныйсыңбы? Муну бирөө жамандаган да. А билем бул Совет мамлекетине каршы чыкканда. А экинчи киши сураганда ал “жок, бул киши болбой турган эмес эле, бул эме жакшы тааныбайм” деп анан актаган да. Ошону немесинен, ошо бирөө жамандап, бирөө жамандап бирөө жамандап бул киши экенин мен даана билбейм деп актаган үчүн, алты айдан кийин анан сүргүндөн келген. Көрөсүңбү, жатпай алты күн...жанагы беш-алты күн тургандай кийин, тигинен тургандан кийин, буту шишип тизеге бул балтыр бар эмепи, ошого чейин шишип чалгынып кетет экен деп айтып берди. Ушундай болгон да. &#13;
&#13;
-Ошондо ушундай кыйынчылыктарды өткөнгө эмне жардам берди элге, же жеке сизге?&#13;
[суроону жакшы түшүнбөй калды]&#13;
-Эч ким… мен колунан келген жардам берет баягы бир убагында ар ким өзүнүн эмгеги менен оокта кылып. Ал кишинде өзүнүн эмеси бар да, өзүнүн оокаты бар. А бирок...ынтымактуу, ал кезде элдер кайрымдуу бологон. Эгерде эме болуп турса, жартынан болсо дагы, же болбосо бир согун союп, кой союп, же уй союп, бодо мал союп эметкенде сөзсүз чыкырышып тамагын берип, сыйлашып, а керек болсо жетпей баратса ошондон чыгарып берип моминтип бири бирине ынтымактуу болчу. &#13;
&#13;
-Ошондо айылыңызда канча түтүн бар болчу?&#13;
&#13;
-Ал...ар кандай, отурушку ...отурушка жараша. Мына элдин саны өскөн сайын көбөйөт, ага чейин аз эле түтүн болгонго. А даанасын мен билбейм, ышыгылып 30-40-жылдарда аз эле түтүн болгон. Көп болсо бир канча деп айтсам, ал даанасын билбейм. Элдин отурукташканына, жашоо шартына жараша азайып, көбөйүп. Кээ бирөөсү тиги жайлоого кетип калат да, кыштоого кетип калат мал саап, малын багып. Анан бул жерине отурукташкан ошого жараша.&#13;
&#13;
-Ошол сиз айттыңыз да, негизи эл ынтымактуу болчу деп ошол убакытта, бири бирине жардам берчү. Бирок ошол Сталиндик репрессия болуп кеткен адамдар ушак менен кетишти да, бирөө бирөөнү жамандаган үчүн кетишти да, э? &#13;
&#13;
-Ооба, көбүнчө ошондой болуп жатты, көбүнчө. Анан мында Кыяз Молдокасымов турбайбы, мисалы үчүн, кыргыз өзүбүздүн менталитетибиз ошондой да. Кээ бир тарыхчылар айтып жүрбөйбү, Өзбекстанга, Казахстанга, Таджикстанга караганда репрессия бизден көп кетти. Кыргыздардан көп кетти. Мен аны кайдан билем десем, Кыяс Молдокасымов тарыхчы айтып калат. Себеби эмне үчүн кетти, башка элдерде бир бирин мынчалык кыргызча анча жамандаган эмес. Ээ, каралаган эмес, каралаган, жамандаган, бирок кыргызча деңгээлинен аз болгон да. А кыргыз элинде бизден көп кеткен да репрессияга. &#13;
&#13;
-Репрессияланып кеткен адамдардын дагы окуяларын билесизби?&#13;
&#13;
-Көп эле, аттарын унутуп жатам, ооба, көп эле кишилер кетти кайра эле келген барып, ошол жакта жок болгон. Мисалы үчүн, мына реперссияга кеткен дагы тууганым тиги...дагы бир тууган киши ким...унутуп атпайымбы. Ат-Башыда Казыбек деген казалчы ырчы, мына ошондой ошондойдон кеткен да. Мына ошондон ошону жамандап, ошону тиги эменин айынан кеткен Ат-Башылык Казыбек деген ырчы казалчы. Дагы ошондой эмеден кеткен. Анан биздин айылдан деле көп эле кишилер кетти, мен атын унутуп жатам, көп эле кишилер кетти анан кайрылганы кайрылды, кайрылбагандары кетти. &#13;
&#13;
-Ошол сиздин атаңыз деген чоң эле кызматта болуп, негизи коркунучтуу болгон турбайбы репрессияланып кеткен?&#13;
&#13;
-Ооба, атама да коркунучтуу болуп, бир сапар контрга кетип кала жаздап, бирок өзүнүн актыгынан, киши жамандабагынан, анан эл үчүн кызмат кылып эметип калган үчүн аман калган да. Бирок партиядан чыгарган жамандар.&#13;
&#13;
-Партиядан чыгарган?&#13;
&#13;
-Иий, коммунисттик партиясынын мүчөсү молдонун баласы деп, партияга албай койгон. Атасы, молдонун баласы деп эле партияга албай койгон чыгарып. &#13;
&#13;
-Ошондо динге тыюу салынды беле?&#13;
&#13;
-Жок, динге деле тыюу салынбайт, бирок тиги карштарштар ушинтип туралды, көралбай, көралбастык да.&#13;
&#13;
-Ошол партияда негизи кыргыздар көп беле? &#13;
&#13;
-Көп эле, өткөн, өтүп, өтүп өткөн. Көп эле, көп эле кыргыздар өткөн, бирок ал баардыгы эмес да. Бир 30...20, 30дай % партияда болчу, кийин мен немен...а бирок жанакындай тоскоолдуктар менен ызапты жеген да. &#13;
&#13;
-Ал эми ошол айылыңызда сиздин кичинекей чагыңызда айылыңызда кандай элдин өкүлдөрү жашачу? Мурун ошол согуш убагында, согуштан кийин дагы көчмөн эл көп келишпеди беле Кыргызстангачы?&#13;
&#13;
-Бул жерде кыргыздар жашачу, орустар жашачу, татар жашачу. &#13;
&#13;
-Ошол татарлар, орустар кайсы жактан келишти?&#13;
&#13;
-Орустар ошол турмуштун айынан эле….Россиядан келген, Татарстандан келген.&#13;
&#13;
-Согуштан кийин, э?&#13;
&#13;
-Согуштан кийин эле жашады. Ошондо 2-3 бизде эгин ачы...кыный механизатор Игнатов деп. Анан Иван деген орустар кадимкидей эле бара бакырасы. Ошол биз менен чогуу өсүп, менден улуурак боло турган, аты Володя болчу. Володя болчу тиги баласынын аты өзү, а кыргыздар Бектур деп коюп алган, Бектур деп, Бектурмун деп эле жүргөн. Кийин чоңойгондо Бишкекке кетип калды го. Орустар, татарлар, анан уйгурлар.&#13;
&#13;
-А уйгурлар кайдан келген?&#13;
&#13;
-Уйгурлар бир, эки эле аз эле, бир, эки. Бирдемке деп...тиги Кытайдан келиптир го.&#13;
&#13;
-Бири бириңиз менен кайсы тилде сүйлөчүсүңөр?&#13;
&#13;
-Алар...кыргызча алар...эки-үчөөндө орус бар, алар өзүрөлүнчө орус, биздикилер чала-мала орусча билесиңби, билбейсиңби, алар кыргызка көнүп кеткен да, кыргызча сүйлөчү алардын баары. Анан...кыргызча түшүнөт, бирок андай даана сүйлөй албасаңар, кыргызча түшүнөт, кыргызча бир аз жооп берет, анан өздөрүнчө орусча сүйлөшөт. А берки кыргызча эле көнүп кеткен, балдары кыргызча эле сүйлөп калды да. А тиги келгендери баягы үйрөнүп, үйрөнүп сүйлөп калышты да. &#13;
&#13;
-Ошондо орустардын, мисалы үчүн, татарлар дедиңер да, орустар, татарлар анан уйгурлар менен кыргыздардын жашоосунан кандай айырмасы бар болчу, жашоо деңгээли боюнча?&#13;
&#13;
-Жашоо деңгээли, мисалы үчүн, бул айылда кандай жашашаса анан өздөрүнчө өзгөртө албай да. Элдин жалпы турмушу кандай болсо, орусу болобу, татары болобу, ошонун деңгээлинде эле жашачу. Но бирок, канчалык эмгектенип, канчалык эме кылса, ошонун шартына үй-бүлөөсүнүн иши [00:29:21 угулган жок] болот да. А бирок, жалпы эл кандай жашаса, жалпы эле, жанагы улуттар алар дагы ошонун деңгээлинде, эмгектенип ошонун деңгээлинде жашайт анан эмгектенет. Канчалык эмгектенсе ошончолук жашайт. Азыр деле ошондой болуп жатпайбы, канчалык ким эмгектене ошончолук тиги...Эмгекке жараша да, эмгекке өзүңдүн коомго кошкон салымыңа жараша да. Соодагери соодагердей жашайт, устасы устадай жашайт. Анан ар кимдин жанагы чечимдүү деңгээлине жараша. Мал бакканы, мал баккандай жашайт, жакшы мал баксан жакшы жашайсың, жаман малды карабасаң эмне кайдан сага...мени баккын деген. Эмгек керек да, эмгектин эмесине жараша.&#13;
&#13;
-Ошондо сиз канча бир туугансыз?&#13;
&#13;
-А мен, мен беш кыз, беш эркек -- он. &#13;
&#13;
-Сиз ошондо улуусу белеңер, же кичүү болдуңуз беле?&#13;
&#13;
-Мен бирден кийин. Мен азыр 83төн 84кө кеттим, мен бирден кийинки. Улуу агам Рыбачы да болчу анан каза болуп калган, андан кийин мен, андан кийин карындаштарып, анан дагы иним бар болчу ал да каза болуп калды. Апабыз болсо…&#13;
&#13;
-Ошондо бир туугандарыңыз менен бири бириңерге мамилелеңиз кандай эле?&#13;
&#13;
-Жакшы, азыркыга чейин. Байыркы..апабыз өлгөгдөн кийин...баары тең, мисалы үчүн, мен улуусу болуп азыркыга чейин бири бирибизге жардам берип багабыз, ынтымактуубуз да. Себеби апабыз өлүп калгандан кийин, атабыз өлүп калгандан кийин тигилер менден кийин жаш да. Анан баары тең менин айланамда болуп калды анна мен атасы, мен апасы...Анан мындайга...мындай оокат кылба, тигиндей оокат кылгыла, муну мындай кылгыла деп акылымды айтып коем. Анан өзүлөр билишип, өзүлөрдүн оокаты. Алар да бала-чакалуу, неберелүү. Чоңу эме болуп калышты, алтымышка келип калды. &#13;
&#13;
-Ошондо мектеп жөнүндө айтып бересизби, кайсы мектепке бардыңыз эле?&#13;
&#13;
-Ушул жердеги 7-класска чейин Куйбышев атындагы жети жылдык мектеп, андан кийин анан Нарны шаарында Токтогул атындагы мектеп, ошол жакты бүттүм. &#13;
&#13;
-Куйбышевтеги мектепти ким салды эле?&#13;
&#13;
-Куйбышевтеги мектепти ушул эл эле салган. Колхозчулар салып, ошол жанагы жетекчилер эле Насып деген башкарма болгон, азыркы деген мектептин ары жагындагы ошол киши салган. Анан кийин Эримов топ [00:42:13 түшүнүксүз] кеңейтип, бул жанагы мамлекет жаңы мектеп салабых деп эки этаждуу мектеп, проекти союз кулап калып бүтпөй калды. Ошол илгерки салынган мектептер капремонттон өткөрүп, эл акча чогултуп. Анан адис программасына долбоор жасап, анан азыр мектпти жылуулап, кеңейтип анан ошондо окуп жатышат азыр. &#13;
&#13;
-Ошол мектеп кыргыз мектеп болчу да, э?&#13;
&#13;
-Кыргыз.&#13;
&#13;
-Жалаң кыргыздар окуучубу?&#13;
&#13;
-Жалаң кыргыздар. Ал жалаң кыргыз чогуу окучубуз..кыргыз. &#13;
&#13;
-Канча классты бүтүрдүңүз?&#13;
&#13;
-Онду бүтүрдүм, ал кезде он...онду..онду эле бүттүм, он класс.&#13;
&#13;
-Ошондо мугалимдер менен окуучулардын мамилеси кандай болчу?&#13;
&#13;
-Ал кезде мугалимдер менен окуучунун мамилеси жакшы деп айтсак болот, себеби шарты ошондой болгон, тартип каттуу болгон. Тартип, андан кийин биздин кыргыз элинин өзүнүн ата-бабаларынан келип жаткан каада-салттары, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо деген ошо мектепте окуп жүргөндө, ошо биздин арабызда жашап турганда, мугалим эмне айтса..мисалы үчүн, саламатсызбы агай деп, агай келип атса да, салам берип, анан кийин алардан коркуп. Тиги...көп сүйлөбөй, эгерде тентек кылсаң алар бизди каттуураак тилдеп жана эметип анан тартипке чыкырып койчу. &#13;
&#13;
-Ошондо жакшы көргөн сабактарыңыз бар беле?&#13;
&#13;
-Жакшы көргөн сабактар бар, ооба. Мен эме история, географияны жакшы көрчүмүн, математикага жок болчумун. &#13;
&#13;
-Ошол кезде сиз ким болом деп кыялданчусуз?&#13;
&#13;
-Ошол кезде айыл-чарбасында эле, чарбасында эле иштеп жүрсөм, себеби атамдын таасири тийди да, атамдын таасири тийип анан ошол...өндүрүштө иштейм, ошентчүмүн да. Анан мугалим болом, анан кийин баланча болом деп ойлогон жокмун, ушул чарбада иштейм деп жүрүп. Анан кийин ошол атамдын таасири тийди да. Анан сельхоз институтка окуп анан тиги жакка чарбага иш тапкам.&#13;
&#13;
-Колхоздор жөнүндө да айта кетсеңиз, колхоздордо кандай эл оокат кылчу, мисалы үчүн, кандай элдин өкүлдөрү оокат кылышчу, мамилелери кандай болчу?&#13;
&#13;
-Мен ошол окууну бүтүп келгенден кийин үйдө чарбада иштеп калдым главный ветврач болуп, андан кийин порткомсекретарь болуп, андан кийин башкарма болуп, андан кийин анан сельсовет болуп. Сельсоветтен айыл өкмөтү улам, 2001-жылы пенсияга чыктым. Анан мамилеси кандай дейсиңби?&#13;
&#13;
-Сиз азыр кызмат тепкичиңизди айтып бердиңиз да, анан сиздин балачак кезиңиздеги колхоздор жөнүндө да айтып бересизби? Колхоз, совхоздор бар болгон деп атапайсызбы…&#13;
&#13;
-Ооба.&#13;
&#13;
-Ошондо кандай адамадар оокат кылышчу?&#13;
&#13;
-А жанагы кездеги Советтер Союздун мезгилинде колхоз, совхоз түзүлгөн. Азыркыдай жеке чарба эмес. Жалпы колхоз, совхоз коллективный чарба болгон. Азыркыдай жеке эмес, пландуу түрдө болгон, плановый, плановый экономика деп тиги экономика пландуу түрдө болгон. Баланча эт төгөсүн, баланча сүт төгөсүн, баланча козу аласын, баланча эгин неметесинби. Мына ошол жанагы мал чарбасы болсо жанагындай жалаң койчулар, уйчулар, жылкычылар, жылка алып, кой алып, ошолор өзүлөрү багып, мамлекетке төлө алып өткөрүп берип турган. А талаачылыкта суугарып [00:46:35], эгин айдап, буудай айдап, агрономдору бар, бөлүнгөн кирлери бар жалпы айдайт, суугарат, комбайн эмени чаап, талаачылыкты өзүнчө иш берип, өзүнчө иштейт. Ошондой багыт менен иштеген да, бири, ар бир чарбанын өзүнүн мүнөөзүнө жараша багыт менен иштеген. Мал чарбасында мал чарбасында иштеген, талаачылыкта талаачылыкта иштеген. Анан кийин эгемендүүлүк башталып эме болгондон кийин анан...кхм, рыночный экономика базар экономикасына өтүп кетип анан кийин коомдук менчиктердин баарын жаап анан кийин ал жеке менчик да. &#13;
&#13;
-40-50-жылдары ачаарчылык болгон да, ачаарчылык болгон кезде совхоз, колхоздородо иштеп жатканда уруулар бар болду беле?&#13;
&#13;
-Ооба, эми, кийин айрыкча кийин пайда болуп, ал кезде деле болгон, бирок мынчалык билинседир. Кийин дагы эгемендүүлүк башталып уруу каттуу болуп кетти. Тигинде ал кезде деле бир аз уруулар болгон, бирок мыйзам, закон каттуу болгон дагы эл сезчү, коркчу. &#13;
&#13;
-Абдан кызыктуу айтып берип жатасызда. Ошондо сиз согуш бүткөндө сегиз жашта болгон турбайбысбы, э? Сиз согуш бүттү экенин кайсы жактан, же кимден уктуңуз?&#13;
&#13;
-Согушту...бүткөнүн менин ошол атам тээ Эки-Нарында башкарма болчу, Киров деген колхоздо. Ошо...ошол жерде...тиги...апамдар сүйлөшүп отуруп, мен кичинекей ойноп, ары чурка, бери чуркап, кой тосуп, ары-бери чуркап жүрүп анан апамдын жанына келип эметсем бир беш-алты аялдар сүйлөшүп, согуш бүтүптүр, жеңиптир деп ошону апамдан уктум. Ошол...менимче 9-майда жеңди, мен бир 5-6 күндөн кийин уктуймго дейм, 15-20-майда уктуп го деп калдым. А кишилерге мындай азыркыдай каттоо жо, ат менен жүрөсүң. Автобус жок, такси жок, анан кийин арава менен барабыз, же болбосо ат менен барат, арал ошол менимче бир эки-үч, үч-төрт күндөн кийин угулду го согуштун жана ошо биринчи апамам. Же апам мага айткан жок, бирок тиги...жанындагы жанагы...оокат кылып, жүн саап бы эмне кылып, кийиз жасап жатканда чогулуп оокат кылып жатканда, аялдар бири-бири менен сүйлөшүп жатканда, ошондо апама айтып жатканда ошондо уктум.&#13;
&#13;
-Ошондо сиз түшүндүңүз беле согуш бүттү экенин?&#13;
&#13;
-Ооба, бүткөнүн түшүнгөи, 7-8деги 1-классты бүтүп, 2-класска көчүп калгам, түшүнгөм. &#13;
&#13;
-Ошондо кандай өзгөрүштөр болду согуш бүткөндөн кийин?&#13;
&#13;
-Согуш бүткөндөн кийин сразу өзгөрүштөр болгон жок, ошол оор турмуш согуш мезгилинде оор турмуш уланды 3-4 жылга чейин. Сразу өзү согуш бүттү дегенде эле турмуш оңолгон жок. Ошондо согуш мезгилинде кайра калыбына келтирүү, кайра жаңынан турмуш баштоо, уланды 5-6 жылга чеийин, анан андан кийин анан оңолду. &#13;
&#13;
-Ошол жылдары сиз эмне кылып жүрдүңөр эле? Согуштан кийинки жылдары сиз эмне кылып жүрдүңөр эле?&#13;
&#13;
-Окуп жүрдүк, окуудан кийин чөп чаптык, сокого миндик, машак терип баш тердик талаадан. Ии...окууга барабыз, талаада жанагы эгинин сокусуна минип же болбосо айдоосуна барып. Анан кийин тиги буудай, арпа түшүп калтыры...эме жок да комбайн. Жөнөкөй эле ченемдик чегине эле колхозго жардам берген жумуштарды өтөрдүк. 5-6-7 жаштагы бала эмне жумуш жасайт. Ошондой эле ээң талаага жардам берген жумуштарды өктөрдүк да. &#13;
&#13;
-Ал эми китептер бар беле? Кандай китептерди окудуңар эле?&#13;
&#13;
-Бар болчу, бар болчу китеп. Жомоктор, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек” деген ошол кезде деле чыккан. “Жаныш-Байыш” деген ошол кезде мен латын тамгасынан үйрөнүп калып. “Жаныш-Байышты” латын тамгасы менен окудум. Газет, журналдар, тиги жак биягы эме болду анан ошону эме окуп калдык ошо. &#13;
&#13;
-Сиз ошондо Сталиндик кезге күбө болуптурсуз да, Сталин жөнүндө сиз эмне айта аласыз? Өзүңүздүн жеке мамилеңиз кандай Сталинге?&#13;
&#13;
-Сталинге менин өзүм жеке мамилем...андай...оң жагын оң, терс жагын терс эле кабыл аламын. Оң жагы кайсы, оң жагы, ал жана ошо согуш мезгилигде, жанагы оор турмуш болуп атты, ошонун баардыгын тең бир тутамда кармаптыр, баардык фронт үчүн, баардыгы жеңиш үчүн деп, ошонун баардыгы тең ошонун айланасына топтой алганда. Топтой алганда. Ал эми кемчили жагы, кемчилик, жанагы репрессия, репрессия, кемчилик жагы. Ошонун актыгына дагы, карасына чыдабай жамандап кетсең, эми муну кийин айтып жүрүшөт ошол...ошонун айлана чөйрөсүндөгү, чөйрөсүндөгүлөрдүн таасири да чоң болгон да иий. Жанагы, эми анын баарын көбүн эле атын билем, бирок ошолордун дагы терс таасири болгон да. Анан ошолордун баардыгын тең өзүнө топто...тиги...же билгенби, же билбегенби ошонун баарын каршы тура албаганда да көп кишилерди репрессия кат [00:52:47] жеринен кетип калганы терс, анысы терс. А так жеңишти камсыз кылгандагы, Советтер Союздун кургандыгы, кээ бир жактары, оңду оң деш керек, тескерисин тескер деш керек. Жаман эле жамандай бергенде да болбойт да. Өзүндө өзүнүн тарыхый орду болгон да, жаман деп эле атабыз, жаман деп эле атабыз, а бирок жамандаган менен...өүнүн тарыхтагы орду баары бер турат да. Андан кийин мына репрессия ошол мезгилдердеги жанагы ишенбечилик, жамандап келсе эметип, а бирок ошол Сталиндин атынан да көбү жаман деп келсе...ошол Сталиндин атынан дагы жасагандар болгон да. Тиги киши билбегендери деле болгон да деп ойлойм да, мен даанасын билбейм мен, бирок тиги киши эметип отуруп ошого жанагы саясатка жамынып алып, тиги киши билгизбей өзүлөрү деле эме...тиги...репрессияга ка..[00:53:54 түшүнүксүз] болгон да. &#13;
&#13;
-Ошондо Сталин каза болгонда сиз кандай кабыл алдыңыз ошол каза болгонун?&#13;
&#13;
-[күлдү] Ии, анда мен 53-жылы, ооба, оор эле кабыл алдым, менин жеке эле эмес, балдар баарыбыз эле тиги Сталин атабыз өлүптүр деп, анан кийин тиги шаарда Токтогулда окуп калдым да, анан ошол жезденин үйүндө окудум ошондо бир орус жашачу, орус аял, ыйлаганын көрүп Сталин өлүп калды деп, өлүп калыптыр деп. &#13;
&#13;
-Сиз да ыйладыңыз беле?&#13;
&#13;
-Мен ыйлаган жокмун, бирок өлүп жүрөт, анан дагы митинг болуп Молотов, Хрущев, анан Молотов...Берия, Маленков сүйлөгөндө радионун жанында туруп Нарында укканым, укканым да эсимде 53-жылы 9-...койгон күнү. Советтер Союзунун эли оор кабыл алган анда Сталинди жоготуп, анда тарыхта жүрбөйбү, ал кезде билген эмесмин, бир миң, миңден ашык тебеленип өлгөн турбайбы. Москвада болгон да, жанагы похороны, тиги коюп аткан мезгилдеги, ошондо тебеленип өлдү деп жүрөт. Деп жүргөн анан мен уккам элем анан мен өзүм көргөн жокмун, бирок угушум да, мен даана билбейм, бирок укканымды айтып атамда. &#13;
&#13;
-Анан динге кандай мамиле болгон ошол кезде?&#13;
&#13;
-Динге атеизм, атеист деп жүрүп атпайбызбы. Динге партиянын деңгээлинде терс эле мамиле болгон. А бирок ич арада кыргыз эли, ич арада, же болбосо өзбек болобу, дунганы болобу, уйгур болобу, ич арада, улуттук ислам динин кармап, баягы атеисттик деңгээлдеги эме болбой ич арада улуттук динди ислам динин кармап келген. Ал...ата-энелер, эмелер, мисалы үчүн, ошол кездерде көрдүм орозо кармаган, намаз окуган. Совсем эле тиги атеист деп эметкен эмес, анан ошондойлор болгон, бирок...мындай азыркыдай жалпы массалык түрдө эмес да. Ата-эне кармаган, орозо кармаган деле көрдүм, таенем бар болчу да апамдын апасы, үйгө келип калчу орозомун деп эле, анан орозо кармаганын көргөм. Атам кармаган жок, ал кызматкер болуп...ал эме дин жакка эметкен да сактагандар болгон, сактаган. Совсем эле атеист болуп кеткен эмес. А атеист болгондо мунуку компартияны жетектеп кызматкерлер бар, ошолор, бирок ичинен кандай ойлоп атат билбейм [күлдү] ошол болгон да. &#13;
&#13;
-Сиз өзүңүз партияда болгонсузбу?&#13;
&#13;
-Болгом.&#13;
&#13;
-Негизи партияга кириш абдан кыйын да ошо кантип кирдиңиз, кантип мүчө болдуңуз, кантип кирдиңиз партияга?&#13;
&#13;
-Мен...кхм...тиги 59-60-жылдары армияга кетип, армияга алып кетти. Ошол армияда служить этип, анан жакшы кызмат өтөрдүм да. &#13;
&#13;
-Канча жыл өттүңүз?&#13;
&#13;
-2,5 жыл.&#13;
&#13;
-А кайсы жерде?&#13;
&#13;
-Тиги эмеде Казахстан Жезказган облусунда. Анан мени ошол армиядан партияга кабыл алышты. Армияда служить этип, ошондо алты айлыктын курсуна жиберип. Анан жакшы эметип, зампром...завзоддун командири болуп тигинтип анан ошол партияга мен армиядан кабыл алышты. &#13;
&#13;
-Ошондо партияда ар кандай льготалар же белектер келди беле?&#13;
&#13;
-Партиянын мүчөсү болгондо эмеге жараша, мисалы үчүн, кандай, мисалы үчүн…&#13;
&#13;
-Кандай пайдасы тийчү ошол партиянын?&#13;
&#13;
-Пайдасы тийгенде кызматтан кызматка өтөрчү билим деңгээлине жараша. Тарбиялачу, мисалы үчүн, адегенде жөнөкөй комсомолдун кызматына берип андан кийин анан партийный секретари болуп, порткому болуп, анан башкарма...анан эме анан ошентип анан. Жакшы кызмат кылсаң анан ошол кызматтан кызматка көтөрчү, анда грамота берчү, орден берчү жакшы кызмат өтөсөн. Анын сыйлыгы ошол анан андан башка эмне берет, анан карапайым чабандар, тиги элге болсо подарка берчү тигиндей материалдык жагынан акча сыйлык берчү элдерге.&#13;
&#13;
-Партиянын терс жактары бар беле?&#13;
&#13;
-Терс...бар да, терс жактары бар. Себеби, ошону...карапайым эле же болбосо жетекчи кызматтарда турган ошол талапты коюп атат да талапты, бирок ошол талаптын деңгээлинде аткара албай, аткарбай эле башка жакка мындай калыс [00:59:14 түшүнүксүз] болгон.&#13;
&#13;
-Ал эми ошол убакытта мындай паракорлук, же кошоматчылык кылып туруп бир кызмат алганга болот беле?&#13;
&#13;
-Болгон да, бар да ошол кездерде. Азыр андан эки эсе күчөбөдүбү. Кошомат айткан калбайт экен да. Кошомат айтып, мактап, жамандабай...анан жамандаса анан да мындай болчу да тиги азыр жамандаса тиги көп эметпей, баягы жамандаса ал кезде партиядан чыгарып таштап, кызматтан алып таштап. &#13;
[пауза]&#13;
-Ошондо сиз канчанчы жылы үйлөнгөнсүз? Ала качып үйлөндүңүз беле же мындай таанышып үйлөгдүңүз беле?&#13;
&#13;
-Таанышып адегенде киного алып барып.&#13;
&#13;
-Ошол кезде ала качууга тыюу салынды беле?&#13;
&#13;
-Тыюу салынган, салынып эле, ала качпагыла деп эле.&#13;
&#13;
-Сиздин канча балаңыз бар?&#13;
&#13;
-Төртөө.&#13;
&#13;
-Канча кыз, канчасы эркек?&#13;
&#13;
-Үч кыз, бир эркек.&#13;
&#13;
-Ошол кездеги убакытты айта кетсек сиздин кичинекей балачагыңызда, свет качан келди эле?&#13;
&#13;
-Свети 50-40-жылдардын аягында да. Ой, ал 50-жылдарда эле болгон свет.&#13;
&#13;
-А ага дере жарыкты каяктан алчусуңар?&#13;
&#13;
-Ага чейин тиги чырак жакчу, керосин менен. &#13;
&#13;
-А керосинди кайсы жактан алчусуңар?&#13;
&#13;
-Керосин келчү, дүкөндөргө сатчу, солярка, керосиндерди.&#13;
&#13;
-Биринчи дүкөндөр кайсы убакытта пайда болду? Канчанчы жылдары?&#13;
&#13;
-Билбейт экенмин аны, ал ошо колхоздошкон мезгилдерде потребсоюз деп койчу да, ошол потребсоюздун дүкөндөрдө ачканда. &#13;
&#13;
-Ошол кезде эмне дефицитте болгон?&#13;
&#13;
-Дефицитте...баары эле беш колдой болгон эмес да. Кийим-кечеден дефицит болгон, бут кийимден дефицит болгон кийим-кечектен. Анан ал кезде эт, сүт деле сатчу, бирок ошолорду төккөнгө жараша, эт, сүттү эмелерди тиги дүкөнгө салчу да, мисалы шаарды. Анан ал төксө бул жактан алып барып камсыз кылса сатылат да, камсыз кылбасаң эмне сатылат. &#13;
&#13;
-Ошондо дүкөндөрдө кездемелерди сатчу беле?&#13;
&#13;
-Cатчу, сатчу, кездемелерди саткан, баркут, чий-баркут, вельвет тигиндей-мындай деп саткан, алардын баары ар кайсы жактан, экспорттон да келгендери болгонт да. [пауза] &#13;
Көрдүңбү, карагай, чөп, токой, суу, анан ошол суудагы балыктар экология жагынан жаратылыш менен айкалышып жашаган да кыргыздар. Анан айкалышып жашаганда жаратылышты коргоп жашаган. Анан ошол үчүн жанагы балыкты суудагы...кармап жеген эмес да. Жаратылыш менен кыргыз эли көчмөн эл болгон, жаратылыш менен кыргыз эли өзүнүн турмушунун айкалышып жашаган, бузган эмес. Мисалы үчүн, мен сага бирдеме айтам мынакей кичинекей кезимде көччүбүз, кзччүбүз да, көчкөндө ошол атамдар жетекчи кызматта иштейт да. Же апам да ошол эмеде, апам карапайым үй хозяйка болчу, үй кызматкери болчу. Ошол көчүп жатканда жанагы бизге дагы мына кичинекейге, же болбосо бизден улуу кишилер бар да туугандар. Анан көчүп аткандай боз үйдө турабызда, мал союлат да. Анан эт жейбиз, анан сөөк бар да, вот ошол сөөктү көчүп эметип жатканда, ошону колонтого же болбосо жерге ошол сөөктү таштабагыла деп көмдүрүп кетчү. Мен эки-үч сапарда көргөм ошону. Боз үй көчүп жатканда сөөк тигиндей, мындай калдыктар бар да. Ошону боз үйдүн айланасындагын тазалантып, анан бул колонтого, колонтого же болбосо капталга бир жерге каздырып туруп ошол сөөктөрдү калтырбай, көмдүрүп кеткенин көрүп. Мына тазалык деген ушул. Ошондо ушундай болгон да. &#13;
&#13;
-Ошол кезде самын жок болчу да, бирок самындын ордуна эмне колдонушчу?&#13;
&#13;
-Шакар. Шакар деп жанагы аккулак бар эмеспи, шакар деп аккулак, вот ошондон уйутуп, казанга салып кайнатып. Камыштай болгон жалбырактуу, кайнатып неме дагы эмне...май кошуппу, ошону кайнатып кадимкидей. Анан кир самын бар эмеспи, ошондой самын, анан кийин момундай томолоктоп, же болсо мындай сүйрү ажасап коюп, ошол шакар самын де пошондо. &#13;
	&#13;
-А кийимдичи, кийимди? Жанагы чокойду айтып бердиңиз, а кийимдичи эмнеден жазашчу?&#13;
&#13;
-Кийимди алып келет, алып келет, мата...мата деп койчу, тиги Кытайдан келет. Өздөрү эле кадимкидей тикчү, мисалы үчүн, менин апам тигип берди мага. Анан ишмерлер болгон да, анда шырдакты, жанагы боз үйүдүн жасамлмасын көрүп жүрбөйсүңбү, вот ошондой болгон. &#13;
&#13;
-Ошол сиз кичинекей чагыңызда эл саясатка жакын беле, кызыкчу беле?&#13;
&#13;
-Мынчалык кызыкчу эмес. Себеби ар бири өзүнө тапшырган жумуш бар, мал чарбасы мал чарбада, талаачылыктар талаачылыкта, партиянын кызматкерлери партия кызматкери иштеген. Бирок жалпы жонунан түшүнүгү бар, партиянын саясатын баарсыны беш колдой, жүз процент билбесе да, негизи багытын билет. Анан ошого карата көз карашы болгон да. Анан азыр бүт эле саясатчы болуп кетпедиби. Түшүнгөн, түшүнбөгөнү деле болгон, бирок мычалык деңгээлде эмес. &#13;
&#13;
-Ал эми элди салыштырсакчы, сиздин кичинекей чагыңыздагы эл менен азыркы элдин айырмасы эмнеде?&#13;
&#13;
-Азыркы...ошо биз бала кездеги эмелер азыркы, мисалы үчүн, ошол биз бала кездеги элдин бир жакшы ынтымагында, анан улуусун улуудай, кичүүсү сыйда. Улууну урматтаган, сый болгон, оокаты жетишпесе дагы, жетишип турса дагы, ачка тигиндей болуп турса дагы ынтымак, ырычкеч деп коет эмеспи, анан бири бирин сыйлоо, бири бирин урматтоо. Ну, анда деле тентеги бар да. Коомдо өзүнүн оң жагы менен дагы терс жагы болот, анда деле айырм, но бирок көчпүлүк элдер, көпчүлүк элдердин бири бирине урматтоо, сыйы, тууганчылыгы, анан бир бирине урматтоосу, ынтымагы жогору турган. &#13;
&#13;
-Акыркы суроом, келечектеги жаштарга кандай акыл-насаат айтасыз?&#13;
&#13;
-Жаштарга [күлдү], жаштарга эмне эми, жаштарга эң биринчи билим керек экен да, билим болбосо, билим болбосо...эч кандай алдыга...алдыга...билим болбосо өзү [пауза, кухнядагы кимдир бирөө ызы-чуу кылып, интервью берүүчүнүн сөздөрү так угулбай жатты]. ...калыстыкты, чындыкты, жаман менен жакшыны айырмалай билүү, дегендердин баардыгы билимдүү гана киши ажырата билет экен. Вот менин жаштарга кааларым ошол. &#13;
&#13;
-Чоң рахмат. Чоң рахмат интервьюңузга абдан кызыктуу айтып бердиңиз. &#13;
[интервьюнун аягы]&#13;
&#13;
[ кухнядагы кимдир бирөө ызы-чуу кылып, интервью берүүчүнүн сөздөрү так угулбай жатты]</text>
              </elementText>
            </elementTextContainer>
          </element>
        </elementContainer>
      </elementSet>
    </elementSetContainer>
  </item>
</itemContainer>
