Токтобеков Муслим

Title

Токтобеков Муслим

Subject

Мен, Токтобеков Муслим, 1934- жылы, 15- сентябрда Ак-Кочкор айылында төрөлгөм. Ата - энем болсо колхозчу болуп иштешкен: апийм тигип, колхоздун жумушунда жүргөн кишилер. Колхоз уюшулуп анда сугатта, колхоз жумушунда жүрүштү. 1942 -жылы, 1-классымды Караколдон окудум. Эмне болуп көчүп барганыбызды билбейм. 1952-жылы ошол эле Караколдон 10-классымды бүтүрдүм. Согуш жылдарында ошол шаарда жүрдүм, кыйынчылыктар көп болду. Атамды болсо 1942-жылы армияга алып кетти согушка,1944-жылы армиядан инвалид отечественной войны болуп келди. Колунан ранен болуп, 3 -группадагы инвалид болуп калды. Турмуш оор болду , тамак-аш жок эптеп-септеп эле күн көрүп жүрдүк. Атам 1944 - жылы кайра ар кайсы жумуштарда иштеп, бизди багып жүрдү.
Мен болсо 1952-ж Киров мектебин бүтүрдүм. Анан 1-2 жыл ооруп калып окубай калдым. 1954-ж Фрунзедеги ( Бишкек азыркы) Сельхоз Институтга барып конкурс менен бекер окууга өтүп кеттим. Ал жактан огрономический факультетинде 5 жыл окудум. Анан мен шаарда тарбия алып, орус балдар менен ойноп жүрүп, орусча тилин жакшы билчүмүн. Тил билгеним үчүн окуудан кыйналган жокмун. 1959 - жылы окууну бүтүрдүм, “специалист-учёны агроном”, - деген квалификация менен ошентип окууну бүтүрдүм. Ал кезде колхоз, совхоздордо иштетчүда ошондой кесипти алган студенттерди. Кесибибиз агроном болгондон кийин айыл-чарба кызматкери болдум. Ошол айыл чарба кызматкери болуп колхоздордо иштедим, (ойлонуп) Түп районунда “Тургон”, - деген колхозунда 10 жыл иштедим. Ошол жерде иштеп жүрүп, колхоздо кыйынчылык, ал кезде колзоздор деле мындай көп деле күчү жок слабый болуп калган. Баякы согуштан кийин элдин баары кыйланган. Жумушка жараган элдин көбү эле согуштан кырылып калды да. Аз эле инвалидтер келди, абышка-кемпирлер , анан жаш балдар эле калды. Бизди ошондо деле бала кезибизде колхоздорго алып чыкчу. Чыгып алып машак терчүбүз баякы буудайдын калгандарын чогултуп, баштыкка салып, ошону өткөрчүбүз. Тамак-аш деле берчи эмес, ышы кылып энебиз кандай жана эмне кылып бакканын билбейм, ачкачылыкта жүрүп эле чоңойдук.
Кийин эми турмуш болду согуштан кийин. 1960-жылдары жакшы болду , ал кезде чоңдор (мамлекет бийлиги) алмашылды Сталин өлдү 1953 - жылы. Сталин өлгөндөн кийин амнистия болуп, түрмөдөн көп кишилерди бошотту. (Ойлонуп) Жанагы репрессия деген болгон экен, нечен бир жакшы кишилерди жалаа-жаба менен ар кандай күнөөлөр менен түрмөгө отургузушту, кээбирлерин атып жиберишти, кыйын убактарды көрдүм.
Биз эми балабыз да, көп деле билбейбиз анын баарын, кийин чоңоюп, иштеп, окуп, анан ошондон кийин кичине түшүнүп калдык.(Ойлонуп) 1959 -1960-жылдарда МТС деген бар болчу. МТСтерди жоюп салып, техниканын баарын колхозго берип салган. Бирок ошентсе деле колхоздор көп өнүгө албай, турмуштар оор эле болду. Элди коп кысым кылып жанакы зайым деген немени бар болчу , зайым деп эле ала берчү. 1970 -жылдарда турмуш оңолуп калды, дүкөндөргө нан, ун түшүп, кененчилик болуп калды. Андан мурун жалаң карточка менен берчү нанды (атайын хлебный карточка болчу кагаз ошону кесип, ар бир карточкага - бир нан берчү). Ал карточка көбүнчө шаарда болчу, айылда болчу эмес. Айылдагылар жөн эле эптеп күн көрчү, кичине - кичине ун, эгин берип ошентчү да аларга.(Ойлонуп) Окууну бүтүп, иштеп жүрүп, колзоздо главный агроном болдум. Кийин дагы көп эле айыл - чарба жумушунда иштедим. Кийин жүрүп отуруп, Жети-Өгүздө, Пакровкада иштедим (ойлонуп) анан “заготовительный организация”,- деп коет, (даярдоо) ошол жакта иштедим. Ышыкылып 35-40 жылдай айыл чарбасында иштедим. Райондук кызматкер болдум, заготкантордо иштедим, үрөйчүлүк боюнча жанакы семинаводство деп коет, ошол боюнча иштедим. Эми адистигим агроном да анан жаңы сортторду чыгарып,?колхоз-совхоздордо эгиндерди кандай айдаш керек, кандай өстүрүш керек , ушулардын баарын үйрөтүп, колхоз совхоздордо иштеп жүрдүм. Анан 1978 -жылы Кой-Сары деген жерде пчелосовхоз уюштуруп, ошол пчелосовхозго директор болдум.

Интервьюер: ошол каякта эле Жети - Өгүздөбү?

Респондент: Жети - Өгүз районунун, Липенка айылынын аягында жайгашкан. Липиндин аягында ошо пчелосовхоз деген бар болчу. Ошо жерде директор болуп 7-8 жыл иштедим. Анан кайра айылга көчүп келип, ушул жерге анан үй салып, ошондон бери ушул жерде жашап атабыз. Өзүмдүн бир-туугандарым болсо: 5 бир тууган болчумун, көздөрү өтүп кеткендер бар азыр. Өзүмдүн болсо 5 балам бар азыр , учоо эркек анан эко кыз. Алар чоңоюп, эми өздөрүнчө турмуш куруп кетишти. Азыр болсо пенсиядабыз кемпирим экөөбүз.

Интервьюер:Кичинекей чакта эле атанызды алып кетип калган турбайбы фронтко, ошондо кандай күн көрчү элеңиз , беш бир тууган болсоңуз анан апаныз жалгыз болсо?

Респондент: Ооба, энебиз деле неграмотный да, эч жерде иштебейт, мындай домохозяйка эле да. Анан эптеп эле жан бакчубуз. Кээде фронтовиктин семьясы деп өкмөт кичине каралашчу: нан-пан, карточка берип ,кээде отун-суудан кайрылышып.

Интервьюер: Күнүмдүк кандай тамактанчу эленер ошондо?

Респондент: Күнүмдүк тамагыбыз эми карандай чай. Чай дагы жок, жанакы сабизди казанга кууруп алып, суу кайнатып анан ошол куурулган сабизге суу куйса, кичине суу кызарат экен, ошол анан кайдан тияк-бияктан энем эмне кылып таап келет билбейм. Кичине нан жечүбүз анан шаардагы дүкөндөргө очередке туруп, нан берчи жанакы карточка менен, суткалап турчубуз күнү-түнү кезегибизди күтүп. Ошо жерден беш бир тууган болсок, ар бирибизге 200-300 грамм нан положено болчу. Бир бөлкө тийет да мисалы үчүн бир үй-бүлөгө, 1 кг нан анысы чийки , кап- кара болгон ун, опилка менен аралыштырылган анан ошондой тамак ичип чоңойгонбуз. Кээде суткалап деле ачка жүрчүбүз, ошондо деле курсагыбыз ачпагансып эле жүрө берчүбүз. Анан кайнак эле сууну, анан жанакы токочту аралаштырып жечүбүз. Эптеп жан багып,туугандарыбыз кайрылышчу анча мынча жардам берип. Анан азыр эми жакшы кудайга шугур пенсия тийип, пенсия менен жан багып атабыз. Балдар окуп-чокуп кетти,иштеп кетишти өзүлөрүнүн үй - бүлөсү менен.

Интервьюер: Ошол кичинекей чакта апаныз колхозго чыкчу беле иштеп , же үйдө болчу беле балдар менен?

Респондент: Үйдө эле болчу беш бала менен кайда барат.

Интервьюер:Кошуналарынар чыкчу беле ошол колхозго иштеп талааларга?

Респондент:Ооба кошуналарыбыз баары эле иштечү, баарыле иштеп орок орчу, кырманда эгин иштечү ,сугатка даже аялдарды алып кетчү. Жылаңайлак резинка өтүк жок, жылаңайлак суу сугарчу. Кошуналар болсо ар кандай да: мал баккандар бар болчу,кой багып кетет колхоздун койун же талаа иштетет.

Интервьюер: Сиздин өзүңүздүн мал чарбаңыз бар беле?

Респондент:Жок эми мал чарба жок, эчтекебиз жок,коколой эле башыбыз калдык да . Атабыз армияга кетип калды, бизде болсо эчтеке жок, же пенсия жок, же доход жок анан кандай согуш убагында эле чоңоюп калдык,эптеп эле жүрдүк.Кийим-кече деген жок.

Интервьюер: Ошондо эмнеден кийим тигип берчм эле апаңыз же сатып келип берчи беле,кандай кийимдерди кийчү элеңер?

Респондент: Жанакы эле бир эски-үскү бирдемелерди чоңураактардын кийимин бизге берип ,эски бирдемелерден кайрадан бычып, кайрадан жамап. Жанакындай “трайке”,- деп койчубуз ,жанакындай бир хб да хлопчатобумажный немелер алар деле эски. Мисалы атамдан калган эски чапанын кичирейтип ,атамдын өтүгүн талпылдатып кийип анан жайдын күнү көбүнчө эле жылаңайлак жүрчүбүз да. Бут кийим жок даже кар жааганда секирип-секирип мектепке чуркап барчубуз. Бут кийим жок жылаңайлак, мисалы учун Октябрь, Ноябрь айларында кар жап коет да, ошол малда жылаңайлак эле мектепке чуркап кирип барчубуз.

Интервьюер:Канчооңор окучу элеңер мектепте бир класста?

Респондент: Класста эми 25-30 бала окучубуз, ар кайсы жерден келген балдар мектептен окучубуз.

Интервьюер:Мектепте Ленин,Сталиндер жөнүндө өтчү белеңер, алар жөнүндө эмне деп айтышчу эле?

Респондент:Ооба Ленин, Сталин жөнүндө көп окучубуз. Акындар көп ырдачу: “Ленин күнүбүз биздин ,Сталин айыбыз биздин”, - деп ырдатып, Сталин жөнүндө көп жазчубуз, коп ырдачубуз . Концерттер болуп турчу ,ырдатчу, дикломация айттырчу анын баары эле эсте жок калды азыр.

Интервьюер:Кошунаңар силердин туугандарыңа алар жөнүндө, Сталин жөнүндө эмне деп ойлошчу эле, жакшы көрчү беле же жаман корчү беле?

Респондент: Аны айтчу эмес, аны айтуга запрет коюлган болчу. Эч кандай жаман жагын айтчу эмес, улуу көсөм,жол башчыбыз - Сталинди жакшы мактачу аябай кошуналар, элдин баары эле мактачу, саясат деле ошондой болчу. Улуу Сталин!көсөм Сталин! Сталиндин жол башчылыгы менен немецтерди жеңип, жеңебиз деп келгенбиз. Анан бул согуш аябай катуу болду да, Германия Москвага чейин кирип келбедиби ,Москванын четине чейин 40 км калган Москвага. Анан ошол жерде элдин баары “все для фронта” деп, жалаң фронтко кетчи бүт баары. Биз ачка калсак, калабыз бирок колхоздон баарын алып кетчү да фронттогу солдаттарга деп. Үйүндө буудайың болсо - буудайды, малың болсо - малыңды деле алып кетип калчы. Фротнко жардам деп эле даже үйгө салган кийизди , аркан, жип-суулардын баарын алып кетип калчы. Анан фронтко жардам деп аялдарга үйдөн отургузуп алып жанакы мээлей, байпак токутуп анан алып кетчү.

Интервьюер: Ошол согуш учурунда кандай налогторду салчу эле?

Респондент: Ооба налогтор бар болчу ,налогту көп салчу. Зайым деген бар болчу, зайым салып эле жанакы облигация акчага окшош. Лотерейный билет бар го, ошол өңдүү немелерден берчү анан жалан эле зайымдарга. Зайым төлө деп эле келип кыстап, атайын кишилер бар болчу фин агент деп койчу, ошолор келип эле кыйнай беришчү. Эмне болсоң да, биринчи зайым төлөшүң керек болчу. Биринчиден малың болсо ошол малыңды саттырып, үйдө жууркан-төшөгүң болсо аны саттырып, даже кээбирлер сарайын бузуп устунун сатып зайымдан кутулчубуз. Кутулбай калган болбойт, сөзсүз кутулуш керек болчу. Кийин деле биз окуп жүргөндө, Сельхоз институтта окуп жургөндө, студенттерден деле зайым деп стипендиябыздан кесип алчу.

Интервьюер:Ошол жанакы айтып атпайсызбы облигация жанакындай барак депчи, кагаз ошону эмне кылчу элеңер андан кийин?

Респондент:Аны сактап жүрдүк, өкмөт кийин беребиз деп карызга окшош кылып алышкан да. Кийин беребиз турмуш кайра оңолгондо беребиз деген. Кийин оокаттарыбызды, эч нерсени берген жок, улам тиги власть алмашып кетип эле Сталин болуп андан кийин Малинков болду,Малинковдон кийин Хрущев болду, андан кийин Горбачев болуп ошолор эле перемена власти болуп атып элдин карызы төлөнгөн жок. Ошолор үйдө эле сандыкта жүрүп эле жоголду. Зайым деген неме жаман кылчу ,элдин баарын кыйначу.

Интервьюер: А эгерде мисалы, көп балдары бар, күйөсү да жок, эчкими жок балдар кантишчу эле?

Респондент:Ошондо эле бар болчу анда деле көбүнчө детдомдорго алып кетишчү. Такыр кормилец жок болсо мисалы үчүн, тоголок жетим болсо аларды детдомго алып кетчү. Бизде эми энебиз бар болчу да, атабыз согушта анан бизге тийген жок ,окуп анан кыйланып эле жүрдүк. Көбүнчө ачка эле кийим жок, жылаңайлак ошентип эле жүрдүк. Кээде туугандар келип анча мынча жардам кылып кетет кичине. Мисал үчүн бир баштык ун болсо берип кетет, бир мүшөк картошка берип кетет, ошол ошентип эле жан бакчубуз.

Интервьюер: Жанакы кулака тартуу, “раскулачивание” дегенди уктунуз беле?

Респондент: Ооба ал бизден мурун болду ал 1933-жылдарда болду 1930 - жылдарда кулакка тартыш деген болду да. Жанакы кичинекей эле бираз турмушу оң болсо, ошолорду кулак кылып эле ,кулак деп алып барып камап.

Интервьюер:Сиздин атаңызды ошондой кылышты беле же андай болгон жокпу ?

Респондент:Жок андай болгон эмес, кулакка тартылган эмес.

Интервьюер:Сиз окуп жүргөндө колхоздун жумушуна чыктыңыз беле?

Респондент:Ооба көп чыктык биз. Сельхоз институтга барганда эле барчубуз, мектепте окуганда деле мектептен баарыбызды классыбыз менен айдап барып анан талаадан арык казчубуз, ышыгылып айыл чарба жумуштарына көп эле бардык. Тиги жанакы айтып атпаймынбы машак терип,анан канал каздырчу, арыктарды тазалатчу жазында. Ошондо кетмен күрөк менен көп эле иштедик.

Интервьюер:Балдар эгерде ошондой арыктарды казса,кыздар эмне жумуш кылчу эле?

Респлндент: Кыздар деле барышчу.

Интервьюер:Кыздар деле арык казышчы беле?

Респондент:Кыздар деле аралашып эле, алыбыз келишинче иштечүбүз да баарыбыз.

Интервьюер:Ал арыктарды жазында казчусуңар да, андан кийин эмне кылчу элеңер?

Респондент: Жайында эми каникулга таратчу, анан колхозго барып чөпкө жардам кылчубуз. Күзүндө чөп чапканда атка минип , чөп сүйрөтүп жанакы чанага мындай жер чана кылып алып чөп тартып , атка минип ,көбүнчө кырманда иштечүбүз. Жанагы буудай сапырат го кол менен, анда эми комбайн жок, кол менен орот тиги буудайды талаадан оруп аялдар барып иштейт. Оруп, боолап анан кырманга ташып барып талкалашат аялдар ошону. Моло таш деген бар болчу, мондай томолок таш [көргөзүп], ошону өгүздөргө, атка сүйрөтүп анан ошону минип барып талкалашчу аялдар. Жалаң кол жумушу да, техника жок. Кол менен, айры менен, күрөк менен, жыгач күрөк менен сапырып, ышыкылып сортировать этип бөлуп калчубуз. Анан аны мүшөктөргө салып эле, тиги “все для фронта”,- деп эле алып кете берчү пристандарга. Алып барып араба менен ташып барып, пристандан пароходго салып, пароход менен анан кетчү.

Интервьюер:А силерге эмне калчу эле ошондо?

Респондент: Үрөөндүк колхозго калат , а элге эмне эмне калат? Саман эле калат. Эчтеке бүтүн эле алып кетет, анан үрөнгө деп алып койсо керек. Кичине продукты алып койсо керек, биз жаш балдарбыз эмнени билебиз.

Интервьюер:Дагы эмнелерди сээп, айдачу элеңер?

Респондент:Буудай, арпа, таруу, картошка айдачу. Картошканы колхоз коп деле айдабайт, мындай могуреки огород 30 сотыхтан- 50 сотыхтан жер боло турган ар бир кишилерде анан ошол огородторго картошка айдап алышчу. Үрөн жок картошканын, жанакы картошканын кабыгын калыңыраак кесип, анан ошону отургузчубуз. Ошону көчүрүп анан элди көбүнчө ошол картошка сактап калды ачарчылыктан. Картошканы өстүрүп, ошону отоп анан жанакы буурчак барго ошол буурчакты көбү айдачу элдин. Ошол данды дагы кузгө чейин эптеп багып, өстүрүп алып анан күзүндө тойунуп калчубуз. Картошка жеп ,картошканы сууга бышырып, буурчакты сууга бышырып жеп ошентип элетжан бакчубуз. Элде мал деле жок, бирин-серин бирөөнүн уйу болсо болгондур, бир серин эчки мал деле жок барын эле алып кетчү зайым деп.

Интервьюер:Ошол колхоздун кызматы эмне эле ошондо?

Респондент:Колхоздун кызматы мал багуу, эгин өстүрүү. Ошол эгинди эл өстүрсө, баарын эле алып кетчү колхоз, барын эле мамлекетке деп. Ал кезде согуш убагы да, “все для фронта” - баары согушка деп эле алып кетчү, анан үрөндүккө кичине алып калса керек, анда дагы аны деле өлчоп эле алып калчу.

Интервьюер:Жана талаада бираз буудай, бираз картошка, бираз бабы калып калганда силер чогултчу белеңер чыгып?

Респондент:Ооба чогултчубуз. Казчубуз аны, издеп. Кайра жанагы машак деген немени кырманга барып, талаага барып, чукулаа анча-мынча мындай бирдеме тапсан үйгө барып жечүбүз.

Интервьюер:Аны тергенде эчким кубалап эчким урушчу эмес беле?

Респондент:Жок урушчу эмес.

Интервьюер:Бул Караколдун совхозу болуп атат э окуп жүргөндө, азыркы айтып бергениңиз?

Респондент: Караколдун жанында Челпек деген айылдар бар болчу. Жолголот деген айылдар бар болчу ,Маман деген айыл бар болчу жаныбызда ошолорго алып барып иштетчуда бизди колохоз окуучу кезибизде.

Интервьюер: Эң биринчи трактор кайда жана качан пайда болду эле?

Респондент: Эң биринчи трактор согуш убагында деле көргөнүбүз жок. Биринчи трактор ушу, жанагы бир машина пайда болду, 46- жылдарда келди го.

Интервьюер: Тракторбу же эмне машина эле?

Респондент:Грузовой машина.

Интервьюер:Ал эмне кылчу эле, эмне ташычу эле ал грузовой машина?

Респондент: Бир орус айдап келчү, не кылчу экенин кайдан билебиз,келип иштеп анан бат эле кетчү кайра эле.

Интервьюер: Орустар ошондо кандай мамиле кылчу эле Кыргыздарга?

Респондент: Кыргыздарга ал кезде жакшы эле мамиле кылчу, мындай кыргыз, оруссун деп бөлчү эмес. Баарына тиги Советский союз, гражданин советского союза, деп эле жакшы мамиле кылчу. Көп деле дискриминация жок болчу, баары бирдей эле болчу, дружба народов дегени күчтүү болчу.

Интервьюер : Ошол колхоздон мисалы бүгүн эгин чогултуп алдыңар да, ууручулук болчу беле, уурдагандар болду беле?

Респондент: Ууручулук болсо керек эми, мен андайды укканым жок, билгеним жок. Биз анда жашпыз да,?уурдап атабы же уурдабай элеби кайдан билебиз. Ошондо согуш бүткөндө, 45-жылы, мен он бирдемин, он бирдеги бала эмнени билет.

Интервьюер: бираз чоңоюп калгандачы?

Респондент:Чоңоюп калганда деле билбейм, аркандай закондору болду да ,анан чоңоюп калганда биз, мисалы үчүн, фронттон кишилер келип атты баягы согуш бүтүп, аяктаганда кайра демоблизация болуп келип атты. Анан ошолор кайра колхозго иштеп, завферма болушуп мал багышып иштеп жүрүштү. Бирок жакшы иштете албай: учетун жүргүзө албай, кебирөөлөр кайра түрмөгө түшүп калгандар болду. Уурдаганын билбейм көргөнүм жок.

Интервьюер:Ошол эң жакшысы анан жаманы эмне эле колхоздун, жакшысы эмне эле?

Респондент:Колхоздун жакшысы элди иштеткени анан элди такыр таштаган жок. Элди бакты, эмгек күн берчү да колхоз. Баягы уже согуш аяктаганда кичине элге бере баштады. Тиги эмгек күн деп коюп буудай берчү, ун берчү, талкан берчү ышыгылып иштеген күнүнө жараша эгин бере баштады. Кийин кебирөлөр тонналап ала баштадык, анан кийин аягы 60-жылдарда, кийин курсак тоюп эле анан дүкөндөргө ун жайнап эле баары жакшы турмуш оңоло баштады. 60-жылдарда,70-жылдарда андан жакшы болуп эле баардык товарлар көп чыгып, дүкөндөргө батпай эле келип калды. Мисалы үчүн простой өтүктөр, керзовый өтүктөр, жанакы хб бумажный шым-көрнөктөр, шырмал: көбүнчө спецовка трактористер кийет го, шоопурлар кийет, комбинезон-спецовка деп коет ошондойлор келип атты. Кийин турмуш оңолуп жакшы эле болду.

Интервьюер: А могу согуш учурундачы айылдарда ачарчылык болуп, элдер тойбой атканда эпидемия, оорулар болчу беле?

Респондент: эми андай деле ооругандар болгон жок [жөтөлуп], эми оору болду мындай, бирок өтө катуу ооругандар жок болду. Мисалы үчүн дизинтерия, грипп ушундай оорулар болуп эле атты, баары эле ооруп анан көп деле маани берген жок, даары жок болсо эч ким унчукпайт да. Негизинен согуштан көп өлдү, кырылып калды элдин көбү. Ал кезде советтер союзу дагы слабый эле болчу да, а немецтер аябай күчтүү келди да ,техникасы бар, вооружённый болчу алар. Алар келип эле кырып, талкалап Москвага чейин кирип келбедиби. Анан Сталин кыйын экен, күчтүү анан жанакы Жуков деген кыйындар чыкты. Маршаллдар чыкты ошолордун күчү менен кайра немецтерди сүрбөдубү 45-жылы анан ошентип жеңишке жетпедикби.

Интервьюер:Ошол иштеп жүргондө сиз айтып атпайсызбы колхоздо иштедим деп Түптө депчи, Түптүн башчысы болдуңузбу ошол жактын? Ошол жакта кандай ал колхоз беле же совхоз беле ал учурда?

Респондент :Кайсы жердеги?

Интервьюер: ошол сиз Түптө иштегенде , окууну бүтүп.

Респондент:Колхоз болчу.

Интервьюер: А кандай чогулуштар бар эле?

Респондент: Чогулуштар кыйын болчу, мисалы үчүн чогулуштар көп болчу анан партия деп жанагы партийный кызматкерлердин чогулуштары көп болчу. Ар кандай мероприятиялар, ушу партиянын саясаты да советтер союзун өстүрүш керек, гүлдөтүш керек, элдин турмушун оңдош керек деген максат менен эле чогулуштар көп болчу. Конференциялар ,партиялык съездер көп болчу, ошол съездерге делегаттарды шайлачу ал кезде. Мисалы үчүн, съезддерди шайлаганда баланча дояркп депутат болуш керек, баланча тракторист депутат болуш керек, баланчасы аял болуш керек деп, баланчасы эркек болуш керек деп талап койчу. Даже жашына чейин карачы, бирөө жаш болуш керек, бирөө карырак болуш керек деп ошондой бөлүшүшчү. Делегат анан депутат шайлачу. Зайна Бейшекеева (респонденттин кошунасы) 2 -3 жолу депутат болгон, чабан болуп жүрүп анан депутат болуп Москвага чейин 24- съездге делегат болуп барып жүрбөдүбү депутат болуп. Ошондо как раз ошол жаш аял болгону туура келген го: кыз болсо өзү, жаш болсо анан чабан болсо, партияга алып ошо депутат болуп жүрчү анан. Трактористтердин жакшы иштегендеринин бирөөсүн, чабандардан бирөөсүн алып анан дояркалардпн алып ошентип Москвага съезд делегатовго аралаштырчу. Бирок негизги политиканы жалан партия аткарчу, алар (доярка, чабан, тракторист) жөн эле для показухи. Ооба алар эмне кто за десе колун көтөрүп жүрөт, кто против десе айтпайт, против болсон даражасың да. Кыскасы, мамлекет кайсыга добуш бер, эмнп деп суйлөөрүңдү диктовать этчи.

Интервьюер:А ошо партия деп атпайсызбы, сиз партияда болчу белеңиз?

Респондент: Ооба, мен партияда болчумун.

Интервьюер:Ошол сиздин кызматыңыз элдин алдына кандай эле?

Респондент: Элдин алдында ошол эле өзүмдүн айыл чарба кызматынын ишин иштечүмүн, анан кайсы партияда иштесең, линиясын өткөрчүбүзда. Кандай болуш керек, честный болуш керек, туура иштеш керек, уурдабаш керек ,албаш керек ,түз жүрүш керек, партиянын ишин аткарыш керек, коммунизм курууга аракет кылыш керек деген ураан менен жүрчүбүз да. Баарыбыз иштешибиз керек, иштебей калган киши жок, баары иштеш керек.

Интервьюер: Партийный билет жөнүндө эмне деп айта аласыз?

Респондент:Партийный билет эмгиче сакталуу меники .

Интервьюер:Ал Партийный билеттин бары эмне пайда эле?

Респондент: Партияга өтсөң мисал үчүн партийный болсон рядовой коммунист болушун керек да, честный болушун керек: «ум, честь, совесть нашей эпохи», - деп койчу [күлүп]. Партия ошол советтер союзунун руководящий органы болчу да, ошол баштайт, ошонун линиясын өткөрүш керек, ошонун саясатын жүргүзүш керек. Чогулуштарда сүйлөшүбүз керек: жанакындай иштебегендерди, терс көрүнүштөрдү критикалаш керек. Оң жол менен жүрүшүбүз керек анан план аткарыш керек: буудайдын планын, эгиндин планын, картошканын планын. Кой бакса, койдун төлүн жогорулатыш керек, койду өлтүрбөш керек, семиз багыш керек - ушундай саясат .

Интервьюер: Ошол партияда кандайдыр бир должность бар беле же баарынар бирдей анан бир партия беле?

Респондент: Өзү бир эле партия бирок ар бир колхоздо 20-30 партийный болчу. Анан ошол ар бир колхоздо порторок болчу, порторокту тияктан айттырып, шайлачу да. Партийный собранияда анан көбүнчө кийин райкомдон жиберчү жогорү жактагы парторок деп койчу, партийный организация .Анан ошол партиянын эле линиясын ишке ашырчу.

Интервьюер: Түшүнүктүү, анан жанагы ревизорлор келчү беле колхозго?

Респондент: Ар бирибизге келчү ревизор, көп келчү.

Интервьюер: Ошондо кандай болчу эле, коркчу белеңер, атайын даярданчу белеңер же кандай болчу эле?

Респондент: Коркчу деле эмеспиз эми, эгерде ишибиз ак болсо коркчү деле эмеспиз, а жанакы тымызын жеп-ичип койгондор конечно коркчу.

Интервьюер:Жеп ичкендер бар беле ошондо уурдагандар?

Респондент: Бар эле болчу, далайлары соттолуп кетпедиби уурдаган үчүн.

Интервьюер: Алар уурдап, соттолуп кеткенден кийин үй-бүлөсү эмне болчу эле?

Респондент:Үй бүлөсү үйүндө эле калчу, эч нерсе кылчу эмес. Мүмкүн эгерде сот конфискация имущества десе үйүндө ценный эмнеси болсо, конфискация кылып алып кетчү. Керек болсо үйүн деле алып кетчү. Анан эң низкий уровени менен колхоздо, анын член бюросу болчу андан кийин райкомдо райондо болсо райкомдун биринчи секретары экинчи ,үчүнчү секретары райкомдун биринчи секретары ошол конференцияда шайлачу да анан баарыбир тиги жогорү жактан указания берип анан баланчачы шайлайсын деп тымызын айтчу. Биринчи секретарь общий руководство кылат, экинчи секретары болсо айыл чарбасын тийешелүү, үчүнчү секретары көбүнчө аялдардын жен советине жооп берчү. Аялдардын ишине кийлигишип, маданият жагынан соревнованиелерге бөлүштүрчү. Райсполком дегени болчу, райсполкомдун председатели дагы райондон шайланчу, ал чарбалык иштерди айтчы. Мисал үчүн негизи эле план аткаруу анан жайдын күнү сугат ишин аткаруу, суу сүрдүртүп келүү, ышыкыл элдин баарын турмушка бардык жагына мобилизация кылып конфликация кылчу да аябай. Мобилизация кылчу, мисалы үчүн сугат убагында аябай катуу тартип болчу. Сугатчыларды жакшы иштесин деп аракет кылчу, алардын тамак ашына чейин берип турчу, зарплатын берип турчу.

Интервьюер:Бут кийим берчү беле?

Респондент: Резиновый өтүк, спецовка берчү. Кадимкидей сугатчылардын кийинки убактарда, 60 -70 жылдарда, абдан турмуштары оңолуп, иштеген элдин баары байып жашап калышкан. Өзүң деле көрүп калдың го, могу чабандарды деле турмуштары оңолуп, жакшы эле болуп калган.

Интервьюер: Жен отдел, жен совет деп атпайсызбы ошолор кандай иштечү эле, алардын кызматы кандай эле?

Респондент:Жен совет ышыгылып айылдардагы тартип бузуулар болсо ошолорду чогулушка салып уяткарып турчу. Мисал үчүн кебирөө ичип кеткен болот ,кебирө үй бүлөсүндө урушуп, тартипсиздик кылса, ошону чогулушка салып, жен советтер ошону обсуждения кылып тартипке салып турчу.

Интервьюер: Судебная система ошондой болчукенда аяладырдыкы , а эркектердики кандай эле?

Респондент: Эркектердики деле общий собранияга салып, аракеч болуп тартипти бузуп, иштебей кетсе ошонун баарын тартипке келип чогулушка салып салчу.

Интервьюер:Ошол чогулушка ким салчу эле, мисал үчүн аялдардыкы жен совет салса,эркектердики кандай болчу эле?

Респондент: Эркектердики ошол эле парторок ,директор совхоз ,председатель, башкарма деп койчу, бригадир, сакалдуу кишилерди чогултуп, тартипке салып турчу.

Интервьюер: Сиз айтып атпайсызбы Зайна Бейшкееваны мисал келтирипчи, Москвага чейин барып келген деп, а сиз бардыңыз беле ошондой чет жака?

Респондент: Чет жака деле барчумун.

Интервьюер:Каяка барып келдиңиз эле?

Респондент: Москвага барып келдим, Жанакы пчелосовхоздо иштеп турганда Москвага барып келгем .

Интервьюер: Ал канчанчы жылдары эле?

Респондент: Ал 78 -80 жылдарда.

Интервьюер: Эмне максат менен барып келдиңиз эле ал жака?

Респондент: Айыл чарба жумуштары боюнча сыйлап анан путевка берчү, ошол путевка менен барып просто эле Москваны көруп, шаарды көрүп келип анан өзүндүн опытынды айтып берип койчубуз. Ошол жерде чогулушка салып: мондай кылып иштеп атабыз, передовой методтору менен иштеп атабыз, анан негизиле под руководством партии ушундай жакшы жетишкендиктерге жетишип атабыз, коммунизмди курабыз акыры деп эле турчубуз анан коммунизм курулбай калбадыбы.

Интервьюер: Пчелосовхоз деп атпайсызбы ал кандай болчу эле, ал жакта кандай иштечү эле?

Респондент:Ал пчелосовхоз деген аарычылыкта жанагы аарыларды көрдүн беле челектеги, ошондойду уюштуруп мен иштеген жерде 3 миң бал челек бар болчу ар кайсы жерлерде. Тоодо мисал үчүн көчүп жүрчү да , гүл кайда бар болсо, ошол жакка машина менен кочевать этип жеткизип турчубуз. Анан жайдын күнү гүл гүлдөгөндө, эспарцеттер гүлдөгөндө, ошол жерлерге алып барчыбыз. Аары гул чогултат да, чогулткан кезде флягага качать этип атайын медагонка дегенге салып, балдардын алып флягага куюп, анан мамлекетке өткөрчүбүз.

Интервьюер:Каяка кетчү эле, Москвага кетчү беле же?

Респондент:Эми Москвага ,Японияга чейин кетчү. Биздикие экспорткого деп алып кетчү да.

Интервьюер: Ошо пчелосовхоздочу канча киши иштечү эле?

Респондент:Пчелосовхоздо 100гө жакын киши иштечү: рабочийлер бар ,пчелосодтор бар, бухгалтер бар, шоопурлар бар. Жерине эгин сээп, ошолорду оруп, жыйып, өкмөткө тапшырып. Пландарыбыз бар болчу да, өкмөттөн берген пландар бар. План менен эгинди оруп ,убагында сугарып, айдап аткарчубуз.

Интервьюер: Ошол пчелосовхоз тоодо жайгашкан болсочу , ошол иштеген кишилердин баарын ошол жакка көчүрүп барчу беле?

Респондент: Ооба мындай ордунда турган үйлөр бар болчу ал жерде. Биздин рабочийлер болст палатка менен көчүп чыгат жайында. Мисал үчүн, 2 - 3 ай ар кайсы гүл бар жерге конунуп анан балды качайтетип алып келип, өткөрүп берчүбүз.

Интервьюер:Сиздин ата энеңиз биякта Караколдо болсо, сиз Бишкеке каяка жашачу элеңер?

Респондент:Общежитие берчү да, селхоз институтта общежитие бар да. Общежитияда жашап жүрдүк.

Интервьюер: Бекер беле?

Респондент: Ооба бекер, тиги даже кровать анан мебель, баарын берчү. Комнатага 5 -6 бала чогулуп алып жашачубуз.

Интервьюер :Бул Караколдо жашап жүргөндө банялар бар беле?

Респондент: Бар болчу банялар. Каракол шаар да, бирок очередь менен кирчүбүз. Анда мындай ээн эмес да, очередь менен кирип жуунчубуз.

Интервьюер: Самындар магазинде сатылчу беле?

Респондент: Ооба, хозяйственный магазинде самындар бар болчу ,самын берчү же болбосо. Шакар самын болду согуш убагында, кийим жок болсо бит бар болчу.

Интервьюер: Ошо кандай болду эле силердин үй бүлөнөрдо бит беле?

Респондент: Бар болчу бизде деле, кээде энебиз жууп-тазалап, оңдоштуруп берип турчу. Бирок турмуш начар, бит болчу анан оору сыркоо деле болчу бирок мындай массовой эмес. Анан жанакы бир жылдарда бир таз балдар көбөйүп кеткен, баарынын чачы түшүп.

Интервьюер:Эмнеден болду эле ал ?

Респондент: Ал жөн эле жугуштуу оору болсо керек. Мисал үчүн, бирөөнүн чачын алат, анан айылда парикмахер жок да ,берки кошунанын баласынын да чачын алып салат, анан ошентип жугуп жанакы устарадан, ошондойлор болгон.

Интервьюер: Согуш учурунда же андан кийин майрамдар болду беле , кандай майрамдар болчу эле ?

Респондент: 1 -май майрамы болчу анан 9-майда день победы деп аябай чон майрамдачубуз. Парадтар болчу ,обязательно ,1 -май майрамы день трудящихся деп, 1-майды аябай жакшы майрамдачубуз. Жалаң плакаттарды көтөрүп, желектерди көтөрүп, анда баарын организовать этчү да, бири калбай парадтан басчубуз. Шаарларда болсо, биз окуп жүргөндө, студент кезде баарыбызды бастырып, центрдан айланып журуп отуруп, дом правительствага чейин айланып келип. Мамлекеттин башчылары секретарлар,чоңдор туруп кабыл алышчу. Кинотеатрларга барчубуз кинолор бар болчу ,театр кинолорду жакшы койчу, мамлекеттин агитациясы кыйын эле болчу.

Интервьюер: Ошо кинолор канчанчы жылы эле ?

Респондент:Көбүнчө биз студент кезде кинолорду көрүп аттык, индийский кино анан согуш жөнүндө кинолор көп болчу , патриотический да баары.

Интервьюер: Эң жакшы көргөн кинөңуз кайсы эле ?

Респондент: Жакшы көргөн кинолор көп эле, индийский кинолорду көрчүбуз жакшы анан согуш кинолорду көп көрчүбуз. Согуш кинолор соссуз эле немицтер жеңилип калчу, биздики победа болуп калчу. Бизди канча кырды мурун аны айтпайт.

Интервьюер:Үйдө телевизор бар беле ошондо?

Респондент: Жок, кайдагы телевизор, анда радио бирин серин бар болчу телефон ,телевизор жок. Бир айылга бир радио коюп койчу столбанын башына, чоң радио анан ошол сүйлөп турчу. Эртең менен доброе утро деп, жаңылыктарды айтып турчу. Физкультура ойнотуп турчу, физарядка жасаттырып ошо радио менен.

Интервьюер: Ошо кинотеатрда бир канча айда же канча күндө кино болчу эле?

Респондент: Шаарларда күндө эле болчу да, “Ала - Тоо” кинотеатры бар болчу илгери эле, “ударник” дегендер бар болчу, айылда деле дом культуры бар болчу. Могуреки дом культурыларды анла кызыл үй деп койчу, ошолор бар болчу жумасына бирден келип турчу. 10 күндө ,1 айда жанакы кой кырккан жерге алып келип койчу. Тиги кырманга алып келип койчу, талаага эле коё берчү мындай шейшепти жая коюп эле, эски сарайдын ичине эле кино болчу айылда, шаарда болсо кинотеатрлар бар болчу.

Интервьюер: Аларды ким организовать этчү эле же ошо жашагандар элеби?

Респондент : Жок, совет өкмөтү уюштуруп, кинотеатрларды салып берчү да. “Ударник”, - деген кинотеатр бар болчу, “Россия” деген бар болчу, кинотеатр, драмтеатр анан опера балет деген бар болчу, ошонун баарын эле мамлекет башкарчу. Мамлекеттен бюджет бөлүп, мамлекеттен иштетип кадимкидей эле зарплат төлөп артисттерге маданият жагын жакшы эле кылды өкмөт.

Интервьюер: Колхоздо кол алдыңарда иштеген адамдар уурдап же бир башкача кылмыштарды кылган болду беле?

Респондент : Андай чоң кылмыш болгон жок. Сурап алат, жаздырып алат, зарплат алат ,зарплат төлөчүбүз да. Мамлекеттик банк аркылуу зарплат анан тиги нормасы бар болчу норматив боюнча зарплат жазылчу, рабочийдин баары зарплат алчу, эмгек күнү алчу, эгин бары эле бар болчу жакшы эле болчу турмуш кийин.

Интервьюер : Сиз партия деп айтып берип атпайсызбы ошо адамдар ошо партияда бар болчу деп, окуялар болду беле партиядан чыгып калып партбилетин алып алып ?

Респондент : Болгон жанакындай бир норушениялар болсо эгер. Мисал үчүн, жанакы сүт планы бар эмеспи, сүт планын аткарыш керек соссүз. Анан аны кандай аткарыш керек, норушениялар болгон ошондой тиги магазинден сливочный майды сатып келип. Туура эмес иш экен да, ошону сатып келип анан кайра мамлекетке өткөрчү да, магазинден алып значит круговорот туура эмес да магазинден сливочный маслону эл жеш керек да сатып алып. Аны кайра колхоздор сатып алып, маслопромго алып барып төгүп, сыр заводго анан бул обман государства да ошондойлор болгон.

Интервьюер: Аларды кандай кылып жазалчу эле?

Респондент:Партиядан чыгарып коет. Өтө катуу норушения болсо, соттоп ийчү 1-2 жылга за обман государства деп туруп.

Интервьюер : Партиядан чыгып калгандан кийин кайра экинчи шансы бар беле киргенге же болду бир чыкты болдубу?

Респондент: Жок шанс бар болчу, кайра оңолуп, кайра иштеп кайра арызданса кайра восстановить этчү.

Интервьюер: Ошондо партбилетти ошондой нарушенияларга дагы кандай кездерде алып алчу эле?

Респондент: Нарушение болгондо, жанакындай ууру кылсаң, нарушение кылсаң, алып алчу исключить этип чыгарып, чогулушка салып партийный бюрого салып, анан уяткарып. Чоңдор исключить из партии деп чечим чыгарса, партбилетин алып алчу анан өзүн кызматтан алып, жумушу жок калчу да.

Интервьюер: Мисал үчүн партияда турган кишинин үй бүлөсү туурамес болсо, же үй бүлөсү башкача иштерди кылса, ошол атасы партиядан чыгып калышы мүмкүн беле?

Респондент: Жок өзү эле нарушение кылса, өзү жооп берчү, үй бүлөсүнө тийчу эмес. Үй бүлөсү оокатын өзү кылчу .

Интервьюер: Согуш бүткөндөн кийин жакшы оңолуп калган ,картошка, буудай элге бираз бир аздан бериле баштаган деп атпайсызбы, ошондон кийин жашоо кандай оңолду эле ,продукты жактан оңолуптур, мал чарба жактан кандай оңолду эле?

Респондент: Мал чарба жактан дагы оңолду жакшы эле. Ошондо саясат жүрдү, бир үй бүлөдө 50 - жылдарда бир уй ,1 жылкы, он койго уруксат болчу. Ошолорду урунду эл ,жер берди 30 же 50 сотых. 50 сотых жер оңой жер эмес да. Ошо жерди иштетип анан уй ,кой уруксат берилчү.

Интервьюер: Ошондо согуш бүткөндөн кийин жөн эле колхоздун жумушун жасабай өздөрүнүн да талаасы болуп калыптыр да?

Респондент: Ооба өзү үйлөрүнөн деле иштеп, эртели кеч бүтүрүп алат да. Күндүз колхоздун жумушунда болот: сугаттын убагында сугатка, же болсо кой бакканга да жардамдашып кетет, уйчулар уй багып кетет, дояркалар сүт саап, сүтүн өткөрүшөт флягалап.

Интервьюер: Сиз ошо колхоздун башчысы болуп жүргондө, партияда турганыңызда сиздин үй бүлөңүз ошондо талаага чыкчу беле иштеп ,же алар партиянын балдары деп чыкчу эмес беле ?

Респондент: Балдарым окууда болчу, окуп жүрчү, аялым болсо иштечү.

Интервьюер: Балдарыңыз сиздей эле болуп чыктыбы талаага же андай чыккан жокпу алар?

Респондент: Аларга эмне, алардын муктаждыгы жок,окуусун окуп эле жүрдү. Көп деле чыкчу эмес кийинки заман оңолду да, ал согуш убагында да баарыбыз талаага чыкчубуз.

Интервьюер: Колхоз,совхоз чачыраганда кандай болду, эле элдер эмне болду эле ,колхоздо иштегендер кандай кыйналышты беле же жыргашты беле?

Респондент: Кыйланды эл, мисал үчүн 1990 -жылдар болуп калдыда колхозду жоюлуп, Акаевдин саясаты туура эмес кетти да. Колхоз, совхоздордун баарын жоюп ийди, аларды талап кетти да, приватизация деп жалаң колунан келген чоңдор колхоздун малын талап кетишти анча мынча элге бөлүп беримиш болуп көбүнчө, техникаларды талап кетти, жерди бөлүп кетишти анан эл конечно кыйланып калды. Зарплат тийбей калды, кайындар жакшы нерселерди бөлуп алып кетип калды, кыйын эместер начар алып калышты.

Интервьюер: Ошол кезде кайра ачарчылык болдубу?

Респондент: Жок ачарчылык башталган жок, тамак аш бирок кыйын эле болуп калды. Ун сатылбай калды, колхоз бербей калды да жоюлуп кетип. Эл ачка деле калган жок бирок кыйын болду, ун жок ,нан жок иштейин десе жумуш жок баарын талап кеттида. Мисал үчүн Акаевдин убагында ошондой болду да ал өзү президент болуп алып башкара алган жок да, билген жок. Айыл-чарбаны түшүнбөсө, билбесе анан ар кимдин кошоматтыгы алдап кетти да аны. Могуреки спецсовхоздо 20 миңдей кой бар болчу, 500-700 дөй жылкы бар болчу, 200 жүздөй трактор бар болчу, машиналар бар болчу, ошонун баары жок, ким алып кетти ким талап кетти билбей да калдык. Эл алган жок да аны жанакы ошол жерде аралашып жүргөн чоңдор алып кетти жоготту баарын.