Тайсалов Арпачы

Title

Тайсалов Арпачы

Subject

Тайсалов Арпачы Нарын

И. Озунуз жонундо айтып берсениз? Атыныз ким? Кайда туулуп остунуз эле? Канчанчы жылы?
Х. Ии, мен Тайсалов Арпачы, Нарын облусундагы Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында торолгом. Ошол жылдын бери билем … Чон атам Тайсал совет окмотун курууга активдуу катышкан киши ал киши (перепроверить ). Ал кезде коллективдештируу деген болгон, коллективдештируудо айрым жаныны тушунбостон, ал кезде совет союзун тушунбогон элдер болгон, малдын барын ортолоштура башташкан, менчиктердин баарысын. Буга тетири тургандардын баарысын кондуруп,ошону ортолоштурганга активдуу катышкан Тайсал деген чон атам. Андан кийин ал кишинин жолун жолдоп, оз атам Байбагыш деген колхоздо далай жылдар чабан болуп иштеген. Ленин орденин алган. Мен озум ошол атадан учообуз экенбиз, тортообуз, экоо каза болуп калып, экообуз эле калганбыз, бир карындашым бар, мен озум эле. Эл кандай болгон ал кезде, эл деген … “переходной период”(перевести) болуш керек, абдан каттуу ачкачылык болгон, кыйынчылык болгон, кийим-кечек болгон эмес … мм(эстеп).. кой териден эптеп кийимдерди жазап чонойгонбуз да. Тамак дагы болгон эмес, ото кыйынчылыкта чонойуп, ото кыйынчылыкта Советтер союзунун курулушуна катышканбыз. Мен кырк жетинчи жылы … 1945-46чы жылдагы жутту аябай жакшы билем, мм.. ошондо колхоздун малы, биздин колхоздо ,мисалы учун, Аксай деген кыштоодо кыштап, ошол жака жон эле таягын алып келеегндер болгон, койдун баары кырылган, мал кырылган
И. Ал эмнеден ошентип кырылды мал?
Х. Абдан жут болгон, кар бир метр бир метрден ашык кар тушкон, тоют даярдалбай калгандыктан ошол малдын баарысы кырылып калган да. А бирок менин атам ото тын киши эле, эптеп койун айдап, биз болок жак менен келип, апам экообуз,ал киши жылгыз, дагы бироолор менен жармакташып койун айдап келип, беш жуз койдон уч узду койду аман алып калган киши … мм. Ошол, кийгенге кийим жок, чокой … жундон чокой жазап, ошондон кийчубуз
И. Апаныз жонундо айтып берсениз, апаныз кандай киши эле?Же чон апаныз?
Х. Чон апамдарды эс-мас эле билип калдым, а озумдун апам абдан … “активный” журчу да журушундо, малга тиги абышкасы менен, Байбагыш деген абышкасы менен, менин атам, ошол кол-кабыш кылып багышкан ..ммм .. озунун сыгармачыл жагы да бар болчу, аны жазып да калбаптырбыз, басып да калбаптырбыз ыр жазчу экен, ошонун немесин ыр жазып койгон да. Туз Ашуу деген жерде кузундо куздогондо карагайы бар, ошону айткан, -
“Туз ашуунун карагай,
Жагычуу белек талкалап,
Аксай деген ушул экен,
Тутоп куйбойт ташкалак”, - деп,ташкалак деп койдун коргоолун эметип алып, ошону менен жагып, ошону менен …. жашачуубуз. Олбой калганыбызга суйуном да, ото кыйын убакыт болчу (болезненные воспоминания были заметны на лице). Ошол убакытты башыбыздан откоруп, анан Советтер союзун куруп алып, жакшы жашоого онолуп келеткан да, абдан онолуп келаткан (окунуч).Тартип бар эле ээ, бир да жумушсуз киши жок эле, бут бардыгы жумушта эле, бош жургондорду бул милиция органдары менен текшерип, бош, эмнен учун сен бош журосун деп “вынужденный” жумуш иштегенге алып барчу …. ушундай иште++++++++тишчу эле…(окунуч)….мм. анан апам айтып калчу эле, отуз сегизинчи жылы контур, жанагы репрессия башталып, ошондо менин атам, атама жетпептир, анын агасы актив экен да, селсовет экен, ошол кишини камап алып кетип атканда келип, бешиктен мени ооп анан кеткен экен, “Келебизби, келбейбизби” - деп кеткен экен, Чаркеш деген агасы экен, менин атамдын агасы экен да, ошол отуз сегизинчи жылкы репрессияга кеткен киши, ал киши.
И. Репрессия эмнеден улм болгон? Эмне учун аларды репрессияга алышкан?
Х. Репрессияны эми анчалык, оозеки бироолор бироолордун эле айткандары да, аны мен окуп тигинтип минтип достовернный эч нерсесин айта албайм.
И. Озунуз билгенди эле айта бериниз
Х. Озум билгеним ошол кезде дагы мулк же ошол жарактуу кишилер мындай уюшуп алышап мумкун Советтер союзун кайра каршы кулатууга аракет кылган, кылабы деген мааниде неметишкен. Анан ошол эмелерди кармап алып, камаганда жон эле эч куноосу жок эле жон эле алып барып эле, андан дагы бир немени айтып алып эле сабай берчу экен да,сабачу экен да, урчу экен. Анан биздин бир аталарыбыз айласы кеткенде эмне кылаарэкен деп, -“Мен Кытайга бир кундо качырды минип, бир кундо эки барып келчумун, матаа(что?) алып келип сатчумун” - дептир да.Анан ошенсе, ал кишини арабакеч кылып эле, баягы продукты тарткан комендатурада, ошондой кылып коюптур дейт. Анан андан кийинкилери баарысы калп айтып, кутулгандары болуптур. Бир жолу Жумгалдык балбан атабыз бар эмес беле …(эстеп). атын унтуп атпаймынбы...Жумгалдык блбан атабыз, ошол табызды кармап келип, жыланайлак кылып коюп бир кыргыз жигит эки орусту киргизип, анан тиги кишини жыланайлак тургузуп коюп туруп, сурайтта, тиги муну сурайтта, анан бир маалда тиги солдаттын бироо басып келип, жыланайдакты керзовый(проверить )отук менен басып отуптур да, кычыратып, анан былк этпептир тиги киши, анан бироо бир жак бутун басыптыр анан тиги айтыптыр да, - “Балам, ансыз деле олтургон атат окшойсунар, учоонду азыр ушул жерден чыгарбай жайлап коём”, - дептир да (кулуп) - “Кой дегин бцл иттеринди, биз кыргыз экенбиз”. Анан “Силер кете бергиле”, - деп тигилерди чыгарып жиберип, анан ал киши тигил Уралга чейин камалып барып, Уралда анан бир казак бала менен жатыптыр да, анан ал казак экоо кенешип,
“Балам качалы”, - дептир
“Ата, кантип качабыз?” - дептир, ал кезде жаш экенде беркинден
“Качабыз, мен айтканды жасай бер”, -деп,анан эптеп бир кийимдерин неметип, бир учурду неметип жургон да, анан сырткы дарбазы баягы темирден, калын темирден жазалган да, ошол дарбазанын этегинн кармак туруп тартып момундай (колу менен корсотуп жатты), ийип, мишине дагы ийрий албайт да аны, момунтип ачып туруп
“Батасынбы?
“Батам”, - озу дагы чон киши экен, эптеп батып анан ошондон качып, ошондон качып, кун тун качып журуп, кутулуп келип казак баласынын уйуно келлип, жатып эс алып алып анан андан кийин озу жалгыз качып келген экен. А тигил, озунор деле билесинер да, Кожомкул, кожомкул атабыз балбан, ошол киши ошондой болгон экен, анан кийинкиге чейин аман калыптыр да ал киши качып келип. Репрессиянын немеси ошол эле, шарты ошондой экен. Анан, бул … мен кырк жетинчи жылга,уч ... уч жыл кеч келдим мектепке. Мен кой кайтарып эле, тээтиги талаада атам менен апам экоо эле болгондуктан, мени ошол мектепке бербей алып журушуп, уч жыл отуп кетип анан, 1947-жылы киргем да.
И. Кайсы мектепте окудунуз?
Х. Ошол Ак-Муздагы эле, кыргызча эле Ак-Муздун мектебинде окудум. Анда бизде тетрад деген жок, карандаш деген жок, гезиттин чекесине, бир эски китептердин чекесине жазы, окубадыкпы … Абдан кыйынчылыктар болду, бул бутубузда эч нерсе жок, жазында кар ээрип калган кезде баягы чокойдон суу отот да. Ичине чоптон батек кылып салып, анан ошентип болбой бутубуз какшап, олбой калганбыз да (смешок).
И. Канча классты окуп буттунуз ал Ак-Муздагы мектепте?
Х. Мен сегизинчи классты окудум, Кызыл-Аскер атындагы ме ктеп болчу, сегизинчи классты окуп, андан кийин анан бул Нарындан тогузунчу, Ат-Башыдан онунчуну окудум. Атам малчы болгонуна жараша, мындай тууганы жыты бар кишилердин уйундо журуп окудум. Эртен менен эрте туруп, кулун чыгарып, отун жагып, ошол 8-9 класс кездеримде ошол, отторун чыгарып. А ошого чейин эле Ак-Муздагы мындайраак туугандарымдындын уйундо журуп, отун жашып, кулун чыгарып, шентип окудум. Бир жолу … чырак жок да, анан баягы казан мешке бирдемени жылтылдатып коёт да, анан ошого чай кайнатып же болсо жарма жасайбыз, башка тамак деген жок. Ошентип атса мен болбой, эртенки биринчи класс окуп аткан экенмин да, кырк жетинчи жылы, мындай ошону жарыгына минтип (корсотуп жатат) китеп окуп жатсам, жездем, - “Турчу нары, Сталин болуп кетсен дагы”, -деп ошентет да (кулуп), анан эртеси тигини билбей калам да,сураса такалып. Эмне десе айтыптырмын да, Жерикбай жездем Сталин болуп кетсен дагы турчу нары деп окутпады, жарык жок(кулуп). Эне-аталардын чогулушуна салып жаман кылган да, даже соттой туран болуп.
И. Ошол оттун жарыгына корунсун деп окугансынар да ээ?
Х. Ии анан карангыдан касыл жакта, карангыда тигил жак. Жарма, арпадан, талкандан жарма, “только” жарма, ошол коз алдымда турат, жашыл чаар мындай чара эле чон, ошого жарманы жазап келип, туз татып(??12,58), анан ошондон бирден аяк жарма ичебиз уч маал, башка нан деген, башка тамак озу .-. айлансын(??13,03), жок, ушундай болуп чонойгонбуз.
И. Жармага талканды кайдан алчу эле ата-энениз?
Х. Арпа айдачу да
И. Оздорубу?
Х. Жок. Ал кезде коллективдешип калып, жалпы колхоз айдап ошондон эптеп бир мушок-эки мушок арпа алып, эптеп анан талкан кылышып. Жаргылчак деген болгон анда, колго озубуз неметип, элек деген болгон, ошенткенбиз … Коллективдештирууго ошол Тайсал, менин чон атам абдан киришкен, эми ал жашыруунбу жашыруун эмеспи байлар… бербей койгон байларды кедей токмок уюштуруп, ошонун башчысы болуптур Тайсал. Анан бербей койгондорду сабатып туруп алчу экен(кулуп). Ошентип … коллектив деп анан колхоздун малын аябай, абдан жогорку немеде бакты, жылкысын да бакты атам, Байбагыш атам,коюн да бакты, уюн да бакты, журуп олтуруп элуу жетинчи жылы Ленин орденин алып, татыктуу болду да Ленин орденине.
И. Ошол мектепте мугалимдер менен окуучулардын ортодогу мамилеси кандай эле?
Х. Мектепте, экинчи класс - биринчи класста Султанбаев Надырбек деген агайыбыз окутуп калды, экинчи классты Тулобаев Жумакадыр деген атабыз окутуп калды, жакында эле козу отту, токсонго чыгыппы, ошондой. Ошол кезде сабагын отуп баягы ото турган немелери бар, эсептери бар да, экиге кошсон уч болот, тортко кошсон беш болот дегендей сыяктуу, аларды окуткандан кийин, бир он мунотчо акыл-насаатын айтып турар эле да, мен мур бою ошол адамдыкын унутпайм. Жакшы адам болуш керек, уруу кылбаш керек, ушак суйлобош керек, тигиндей мындай ушундай ушундай дегендерди айтып эметчу да. Абдан жакшы учур эле, мугалимдер, андан кийин деле 4-5-6чы класстарды окуп жургондо биздин Ак-Музда ушунчалып каттуу суук болот, машине деген жок, ат гана, жоо киши жургон мындай жолчо бар да, ошол жолчо менен келе жатканда алдынан мугалим чыгат, борошон болуп жатса да болбой “ушанканы” чечип алып туруп, “Саламатсызбы, агай” деп учурашып анан кайра кийчубуз, жолду бошотуп берип. Ушундай мугалимдерге “уважение” абдан мектепте балдардан абдан чон эле да …
И. Жакшы коргон сабагыныз кайсы эле мектепте?
Х. Бут эле беш менен окучумун мен, анткени эс тартып калганда,чонойуп калганда кирип калдым да, тогузга келгенде кирип, тогуз жашка келгенде биринчи класска кирип калдым анан сабагынын баарысын жакшы билчумун, бут эле: арифметикасын, адабиятын, бут эле бешке окучумун да. Сочинение жазканда сабактан сырткары китеп окуу десе жазуучулардын китебин окуучубуз. Бир жолу сочинение жазып, биздин Элебаев деген жазуучубуз бар болчу, Мукай Элебаев. Ошол кишинин эмне деген китеби бар эле, ошону окуп калыптырмында, “сочинениени” ошого жазсам анан, “Мына, Тайсалов Арпачы, момундай неметиш керек, ушундай окубайсынарбы, карачы момундай келтирип жазыптыр сочиненияны анан арифметикалык бир да катасы жок экен”, деп мактап балдарга, ошентчи да мугалимдер. Ошол, ошентип сегизинчи классты бутуп, тогузунчуну ушул Нарынга келип, Нарында шаарында ошондо окуп калдык. Анан менин деломду коруп, Абдылдаев деген агай экен, кийин билдим, “Мага бул окуучу керек”, деп мени алып анан тогузунчу класстан анан кузундо ..мм… анда колхозго жумушка жиберчу, кузундо арпа оргонго Ат-Башынын Терек-Суу деген жерине жиберди биздин классты. Мени болок жака баргандардын баарысына “руководитель” койду мугалимди, а мага руководитель койгон жок, мени коюп койду (сыймыктанып), ошо менен балдарды ошол жерде иштетип … иштетип анан келгенден кийин мени Комсомол комитети кылып койду, активист деп …
И. Мектепти буткондон кийин сиз каякта окудунуз?
Х. Мектепти буткондон кийин сразу окууга бардым. Окууга барып, 1957-жылы, анда чон окууга ото албайм деп, авто-дорожный техникум деген бар экен, ошол акто-дорожный техникумга бардым, отпой калдым. Отпой калып кайра келдим биринчи сентябрьда. Анан бир досум бар эле, барбай эле бул жактан иш табабыз деп, потребсоюзда иштейт экен. Алып барып мени ученик деп, айына 40 сомдон толоп, 40 сом деген анда укмуштай акча да, 40 содой акчасын алып ученик болуп журдум, бир 3-4 ай. Тортунчу айдан кийин завскладыбыз, потреб союздун завсклады райпо деп койчу, Районный потреб Общество деп, завскладыбыз эмне бирдеме болуп бошоду. Аны откоруш учун болок сладда иштеп турушу керек да, анан бул бала болот деп мени тигил председатель Райпо Толобектин атасы болчу, ким эле фамилиясы, Эсенгул аке. Мени чыкырып атат дейт, кирсем, -”Завсклад болосунбу?” дейт, мен эмне экенин деле билбей эле эсим чыгып калды анан, “Канча уйунар бар?”, - деди. Бир уй музолуу дейм. Канча коюнар бар? 5-6 коюбуз бар. Анан жылкычы десе, бир бээбиз бар дейм да. Ошонун баарын жашырбай айтып берем да, “Анда сен болосун завсклад, растрата болсон тологудой экенсин деп завсклад кылып койбодубу. (кулуп)
И. Канча жашта ал жака Завсклад болдунуз?
Х. Завсклад ошондо 19 жашымда бодум го дейм. Завсклад болуп 7-8 ай иштеп калдым. Жаны товарлар келет анда ачкабы(?), товар дагы элге укмуштай керек да, укмуштай неме болдум, так иштедим, складын откоруп бердим, жакшы иштептирмин
И. Ал товарлар кайдан келчу эле?
Х. Бишкектен келчу, Рыбачыдан келчу, продуктулар, вино арактар болчу баары эле(кулуп), Бишкектен келчу
И. Аларды эмне кылчу эленер?
Х. Аларды биз анан завсклад деген районный ошол жерге тушуруп, топтоштуруп бир жерге бул базардын жанында болчу, анан айылдарда дукон бар да, ошолорго болуп берчубуз … Анан откоруп берип кетип калып кузундо чыкырып атат деп, Облпотребсоюздун немеси чыкырып атат дейт, барсам Облпотребсоюзга жаны склад ачып жатыптып, дефицитный товарлар деп коет да анда, тукаба, чий-баркут, швейный машине, эмне, эмне, иши кылып жаны бут ушундай товарларды, ошого жаны склад ачыптыр. Сени тын иштейт деди, болосун деп мени ошо завклад кылып койду. Бир жыл иштедим, бир жыл иштеп анан чыгам да отпускага, отпускага чыксам офис деп коёбуз бул товардарды тизмелеп, ошол тизмени карап бул бет тиги беттери бар да, ошол беттердин бир бетине откоруп алган завсклад кол койбой коютур. анан прокурор чыкырып … кол койбой коюптур сен ушунуку бир жуз бир неме сом экен, баланча мин сомдун товары экен да, анда сен соттолдун мунун колу кана дебейби. анан мен тыныраак экенмин да, откоруп берген офистин бир экземпляры болот, ошого мен кол койдуруптурмун аны мен алган экенмин, алып алыптырмын да озум, анан алып барып уйдо сактаган,атамдар жайлоодо да, анан Ак-Муздагы уйдо чемодандын ичине, устуно салып коюптурмун. Аны алып келип ошо бети, баланчанчы бет болчу, 11чи бет беле, 12чи бет беле, до сих пор эсимде, корсотсом эле прокурордун тергочуусу болчу, отуруп тур деди, тиги беркини камап койгон да милициясы менен чакырып келип, кагаздардын баарысын мындай коюп, бул кимдин колу, менин бетимди сураган жок, бул кимдики, меники, меники деп атат да, анан бир маалда бул кимди колу десе, меники дептир. Анан ошол жерден эле согуп эле кирди, атандын оззурайын буга эмне кол койуп бересин, анан бугалтерия да тигиге кол коюлбай калган. Ошону менен аран кутулганбуз
И. Ошол убакта товарлар келчу дейсиз, аларды каякта Кыргызстанда, биздин олкодо чыкчу беле же башка олкодон алып келчу беле?
Х. Жок, анда башка олколордон вообще товар келчу эмес, такыр. Озубуздун мынакей Союзда чыккан, республикада чыккан товарлар гана келчу да. Чокойлор,мисалы, бизде Токмокто жасалчу, керзовый сапоги деп коёбуз …
И. Алар ошол канчанчы жылы келе баштады, чокой эмес керзовый отуктор?
X. Ошолор илгеру эле келчу, мен болгондон баштап эле келчу. 1957 жылдарын биле, 57-жылдардан баштап эле товарлар келчу.
И. Товарлардан дефицит болчу беле же …?
Х. Дефицит, копчулук эле дефицит болчу. Жаны … башында жок болчу, анан жаны чыгып жатса, дефицит болот да. Анын, озунун коммиссиябыз бар биздин, товаровед анан эмне эмне, анан ошол карап туруп, мисал учун Куйбышев, Мин-Булакта баланча[24.52 тушунуксуз] бар, ага баланча бериш керек, удельный весы баланча, ошондой эсеп бар болчу жакшы. Ал эми Оттукта баланча эле, анда ага баланчаны бериш керек деп, ошондой берчубуз. (удалить паузу до 25.14)
И.Ошол иштеп жургон кесиптештериниз менен мамилениз кандай эле?
Х. Мамилем абдан жакшы болчу. Эми ошол кезде мени менен иштешкен кесиптештерден аз эле калды, бир-экоо элеби, ошондой эле. Жакшы, жакшы мамиледе журчубуз да.
И. Ал жакта канчанчы жылга чейин иштединиз?
Х. Соодада, иши кылып жалпы соодада 25 жыл иштедим. Нарынгортор(тушунуксуз) дагы иштедим Нарында шаардык соода деп коёт, анда главный товаровед деп коёт, ошол товарлардын ассортиментерин карап, ошону алып келгени мен болчумун да, главный товаровед деп, берки товароведтер “изучение” кылчу, кандай товар керек, эмне керек, ошолордун баарысын…
И. Партияда турган адамдар боду беле?
Х. Партия мучосубу?
И. Ии ооба
Х. Партиянын мучосу председателибиз болчу, анан айрым дукончулор да коммунист болчу, ии анан журуп отуруп мен 25 жыл соодада иштегенден кийин орторооктун жанагы главный товароведи тиги болду. Общепит коомдук тамак-аш жагы болчу анда директор болуп эки жолу иштедим, анан ошентип журуп кийин Нарын швейный фабрикасы республика боюнча “единственный” фабрика который “национальный одежда” тиге турган. Ошонун директору болуп дагы 12 жыл иштедим. Ошого директорго коёрдо мени кандидаттыка алышты, партиянын кандидаттарларына, анан бир жылдан кийин “член” болуп калдым, коммунистмин да,эми азыркыга чейин коммунистмин - билетимди берген жокмун эч кимге, озумдо эле сакталып турат. Жаман жери мен “взнос” токпой эле журо берип, журо бердим да, взнос токпой калдым. Мен того берсем кайда кетет эле ошол (жылмайып)
И. Башка мучолор взнос токчу беле? Ал эмнеге токчу эле взносту?
Х. Билбейм, алар жонундо билбейм … алар биллетерин таштады окшойт, кээбирлер орттодук деп. Менин бугункуго чейин сейфимде турат.
И. Партия мучолорундо кандай мумкунчулуктор бар эле, башкаларга салыштырмалуу?
Х. Башкаларга салыштырмалуу аткара турган жумуштар … ишене турган, мына ошондой партиянын мучолоруно берчу да. Коммунист болбосо андай жанагы чон жерлерге алып барчу эмес, мисалы фабриканын директоруна алып барчу эмес да. Мына мен коммунист болгон учун ушундай болду.
И. Кандай уйдо турчу элениз? Уйунуз кандай эле, там беле же ...?
Х. Уйум дегенде квартирада журдук адегенде, Тогуз-торого эки жыл иштеп келдим, Потребсоюздун “заместитель” башкармасы болуп. ошондо квартирада турдук, алды жер болчу. Бир куну эле колутугум муздайт эртен менен ойгонсом эле, карасам колтугума бака кирип жатып алыптыр (кулуп) … ошол артыкчылыгы. Андан Нарынга келгенде да квартирада журуп , бирок там салыш керек дегенди ушу жышамда беле , канча жашымда там салдым, чон там, аябай жакшы. Нарын боюнча иринчи сеники деп, архитекторлор келсе эле корсотуп калышчу. Азыр ошол особнякта турам, окмоттон очередьке туруп тамак алган жокмун эч качан, квартира журдум да анан там салып алдык.
И. Бош убактыгында эмне кылчу элениз? Бош убакыт болчу беле ошол убакта?Сиз окуп жургондо же кийин
Х. Бош убакытта адегенде … китебим бар эле бир словарь, Юдахиндин чыгарган китеби бар болчу , элуу бир мин созу. Ошондон окуп кичине орус, бут эле кыргызсча окугам да мен, анан орусча окуп кичине-кичине неметип келе жаттым. Анан жон китептерден дагы китептерден окуп журдук. Бирок, чындыгын айтыш керек кемчилик озумдон кетип калды да (окунуп) кичине акыл кошуп, же тигиндей бол мындай бол деген жетектеген киши болбогондуктан эле “чээнден чыгуурак” башкачарак болуп жашап калдым да. Жанагыдай иче турган, жей тураган тамагын болсо,кийимин бутун болсо. Эки кийим келсе бироо меники, бир кийим келсе бироо меники болчу да, эч кимге неметчу эмесмин, главный товаровед болуп анан потребсоюзда журдум … кичине кобуроок, копкон болуп калдым да, Анан кийин кийин акылга келдим (кулуп)
И. Бала чагынарда кандайн оюндар ба болчу эле? Оюн ойночу беленер?
Х. Ойночубуз. волейбол ойночубуз мектепте … анан жарычубуз “легкая атлетика” деп коёт да, стрельба болчу, стрельбадн да биринчи атчумун. Бир жолу общепиттин директору болуп турган кезде Горкомдун секретары, Горисполкомдор болуп барып анан бут атышап калдык, пистолет менен бут(?) атышып, анан мен эле талкалай атып салам (кулуп) тигилердики тийбейт, бир аздан кийин эсиме келип анан кийинкилерин тескери тескери атып, ошеттик.
И. Коллективдештируу жонундо эине айта аласыз? Жашоонузга ал кандай таасир тийгизди?
Х. Кайсы учур?
И. Коллективдештируу
Х. Тиги Союз башталаардагы коллетивдештируубу?
И. Ооба
Х. Менимче эн чынын, тусун айта турган болсо коллективдештирууну мен аябай жактырам да. Себеби элдин баары жумуш менен алек “занят” болот, жумуш аткарылат, коллективдештирууго жанагы чон атам Тайсалдын дагы иштеген учурлары коп таасирин тийгизди да. Анан андай коллективдештируу деп, колхоз болуп, колхоздун жумушун далай мектепте окуп жургондо иштеп, мына был колумду (колун корсотуп) арпа оруп атып колумду мындай алдырганмын орок менен. Сабактан кийин алып барып арпа ордурчу, жазында баш тердирчу, бар … арпанын башы тушуп калат да, ошону жазында тердирип, урон кылып себишип, ошондой болчу да. Айыл башкармага баш ийишчу, айткан айткан, деген дегендейди. Башкарма болсо райондон алчу эмне жасаш керек, эмне кылыш керек, кенешип, кенешуу жолу менен.
И. Колхоз жонундо айтып калдыныз. Айылдыктар колхоздун курамына кандай шартта киришчу?Жеке калоосу мененби же …?
Х. Жеке каалоосу менен кирчу, бирок айрымдары жанагынтип коллективдештирууго малын бербей койгондор, ошол эле бойдон озум кармап турам малымды десе тушундурот да, бул элдики болсун , болгондо турмуш которулот анан сеники да болот деген созго коп тушунбой, бербей койгондорду анан ошентип сабатып тарттырып алчу, кедей-токмок кылып. Кедей токмоктун беш-алты жигити болгон, ошолор токмокточу да, ал тигинин жылкысын айдап жоно колхозго, жазгыла актысын бут документ мына кайра бер копиясын озуно, илгери кийин тиет немеси деп.
И. Сиздин колхоздун аталышы кандайн эле?
Х. Куйбышев болчу. Колхоз имени Куйбышев. Бир кыштак уч башкармадан турчу да, анан кийин учоону кошуп туруп,бириктирип туруп Куйбышев атындагы колхоз болду. Мурдагы бироо Куйбышев, бироо Боронду,бироо Кызыл-Аскер деген уй кыштактан турчу да, уч кыштак бир жерде болчу, учоондо уч башкарма болчу. Бирок анан кийин элуу канчанчы жылда, жылы эсимде жок, жоюп туруп учоону бир колхлз кылып, Куйбышев атындагы колхоз кылган.
И. Эмнеге Куйбышев аталып калганын билесизби?
Х. Эми Куйбышев деген неме… союздун немеси эмеспи … Союздун куруучуларынын бири да Куйбышев.
И. Ошонун атынан аталып калган турбайбы анда
Х. Ии
И. Колхоздун озун озу башкаруу уюму бар беле?Башкармаларды кантип тандачу эле ал жака?
Х. Жок. Анда колзоздун башкармаларын Райком аркылуу, райондук партия комитетинин секретары аркылуу, алардын бир оозу аркылуу(?) алардын бир оозу жети кишиден, тогуз кишиден, он бир кишиден да,ошонун жети кишиси чогулуп туруп, башкарма билет да ошондо Куйбышев колхозунда ким баш которгон, жанагы уч колхоздун кимисинин башкармасы тын, кандай иштеп жатат. Андан кийин тиги жерден карап туруп коллектив менен Райондук партия комитети чеччу, анан болчу башкарма.
И. Колхоздун мулку кантип тузулгон?
Х. Колхоздун мулку биздики, ушул Ак-Муздуку мал аркылуу тузулгон, колхоздо, бизде … мурдакысын билбейм, адегенде башталышында, анан кийинки учурларда жлуу мин тумар кой, жыйырма мин этке того турган кой дегендер болгон. Ошолордон акча тушчу да, откоруп. Козулар элуу мин кой тууганда, элуу мин кошуп тууйт да, анын анча-мынчасы олсо да, калганы бар, кошулуп отуруп колхоздун байлыгына ошол неметчу, башка байлык колхоз киргизе алчу эмес.
И. Сиздин уй-булоонуз эмне берди ошол колхозго?
Х. Бизде, Тайсалдын озунун илгерки “сначала” айта туран болсок, озунун малы жок да, орто экен, бирин-экин жанагыдай малы болсо аны бериптир. Бербесе тигил кедей-токмокко урайт да, чынбы?
И. Совхоз менен колхоздун айрымасы эмнеде?
Х. Совхоз менен колхоздун айрымасы, колхоздун озунун немеси чечет, совхоз болсо айлык толочу да, айлык толочу, толой турган акчасын айлык деп койчу, а колхоздор болсо эмгек акы деп койчу. Биз эмгек акыны элуу бешинчи жылдан баштап алдык. Элуу бешинчи жылга чейин эк качан мындай неме жок, мал багып атасын, арпа айдап атасын же эмне кылып атасын - бул акчан деп эчнерсе бурчу эмес да, бекер гана журуп иштеп, озубузду озубуз тургузуп алып туруп, анан 1955- жылдан баштап туруп айлык мындайч айтканда айлык да, эмгек акы толой баштабадыбы. Аны дагы “натуралап” берип калды, акчасы жок, малчыларга кийим берип калды бекер, бекер отук, бекер … шаравара деп коёт (40,13 тушунуксуз) деп коёт, оолордун баарысын бекер берип калды малчыларга. Андан кийинки жылдары жон эле малчылар чыт тукуруп эле жатып калды, комурунон бери тушуруп берчу, колхозго.
И. Коллективдештируунун натыйжасында кандай озгоруулор болду?
Х. Ал кезде эми коллективдештируу жыйырма неменчи жылдарда болду го, озгоруу элдин баарысына жумуш болду, бироо арпа айдап кирди, бироо картошка айдады, бироо кызылча айдады, бироо чоп чапты, а бироолор болсо 550-дон ашырчу эмес, 550-дон кой болуп берип ошону бакты, бироолор жылкы бакты, бироолор уй бакты, мындай бош жургон жок.
И. Колхоздун ондуруш базасы кантип тузулгон? Эмнеден тузулгон? Ошону билесизби?
Х. Ондуруш базасы … ал кезде эми жанагы механизация , машина, трактор тиги-бугу дегендин баарысы райондо,РТС деп койчу, Районный технический, колхоздун озундо жеке уюштурган жок, аны бир гана райондун масштабында уюштурду.
И. Ошол убактарда балдарга билим беруу маселеси кандай эле? Сабатсыздар болду беле?
Х.Кийинки эле учурларды айта алам албетте. Колхоздор озубуздун кадр болсун деп озубузго деп направление берип, окуу жайларына, направление берип окутуп анан келгенде зоотехник болсо - зоотехник кылып ошону жумушка алып, ветеринар болсо веттехник кылып алчу жумушка. Анан ошонун ичине осуп чыгат да башкарма тиги-бугу дегендин баарысы.
И. Саламаттыкты сактоо кандай уюштурулган эле? Ооруп калса, аны ким айыктырчу эле?
Х. Бизде Ак-Музда участковый больница деген бар болчу, ага чейин бир эле болмодо фельдшерский кылып неметчу, Калий(?) деген апабыз бар эле, укмуштай даарыгер болчу (кулуп), ошол эле айыктырчу анан кийинки жылдары ушул жанакындай неме уюштуруп, больница эле сразу салынып калды окшойт , больница салынды. Больница ошол 1950-жылдары салынды окшойт бизге. Врачтар келди, озубуздон буткон балдардан келди, болоктор келди направление менен. Мен билем элуу жетинчи жылы го дейм, элуу алтынчы, бизде уч врач бар экен больницада. Мен озум ошол 1956-жылы больницага жатып калып, сарык болуп, ошондо бироо колдук доктур болчу, ал менден бир торт беш эле класс, беш жаш улуу экен, жакшы доктур болчу. Андан кийин азыр аябай чон больница болуп чонойбодубу биздики, райондон кийинки эле биздики Ак-Муздагы больница.
И. Жугуштуу оорулар жайылган учурлар болду беле?
Х. Жок. Ошол 1945-46-жылдары котур басты элдичи. Бут котур болдук.Тоо котур деп коёт экен, чон чон жара болуп меники момундай (колун корсотуп), биз ала качып журуп жоголду ал. Биз элге аралашкан жокпуз, элди билбейм, котур болуп атат дегенде эле жайлоодо, кыштоодо журдук. Анан котурга,меники ар кандай жерге жанакыдай неме чыкты, атам да, апам да таза эле бойдон неметишти.
И. Экинчи дуйнолук согуш башталганда канча жашта элениз? Эсинизде барбы?
Х. Ооба,эсимде. Японияга барышпадыбы … Японияга барышты … Японияда канча болду аны анча досканально айта албайм, билбейм. Жапан согушуна катыштык деп келгендер
И. Ошол согуш жонундо эмнени эстей аласыз? Адамдар эмнени билишчу эле согуш жонундо?
Х. Германия менен болгон согуштабы?
И. Ооба
Х. Германия менен болгон согушта, озунун бийлигин озу жургузо турган болуп, дуйнону озу башкара турган болуп Гитлер ошондой тийишеп калды го дейм. Ошондой тийишип калды, бирок ал тийишет деп биздин разведкалар эчак иштеп билген аны. Ошон учун тиги чек арага топтобой, бери жакта туруп бири бирин эртерээк баштап калышты да тигилер. Бир кун эрте баштап, бир топ кырсык болуп, чыгым болуп кетти адамдан. Анан кийин бара бара Сталиндин катуу, “жесткий” тартип кармап, стратег Сталиндин башчылыгы менен женип чыктык, болбосо тигилер укмуш болчу. Сталинградты талкалады кудайды карабай,
И. Канча жашта элениз, согуш башталганда?
Х. Мен 1937-чи жылмын. 1938 деп жазылып жатпайпы ээ?
И. Ооба, 1937 дейинби?
Х. Жок, документин 1938
И. Эсинизде аз эле калган турбайбы ээ? Кичинекей болчусузда?
Х. Кичинекей болсом дагы эстейм … эстейм баарысын (капаланып)
И. Согуш сиздин же сиздин уй-булоонуздун жашоосуна кандай таасирин тийгизди? Айылда жашаган адамдарга таасири болдубу?
Х. Согуш болгон учун таасир болуп, жанагы 1946-47 жылдары “восстановительный” убакыттар болуп калды, 1948 жылдар жон эле арандан сорго оттук ошол жылдары … кара тумоо деген дагы оору башталды, анан (48,43 тушунуксуз) алды, жанагы … хас деген бар эмеспи, немистин немеси, адамдарды чоп жедирген, ошол сыяктуу жоп жей баштабадыкпы, зыгыр деп коёт, зыгырды неметип тазалып тушурсо май немеси чыгат, ошондон да жеп, бир кундук ачкачылыктан отуп кеткендер болгон.
И. Ачарчылык болгон турбайбы Согуш жылдары?
Х. Ачарчылык аябай болгон, оношчо койду айдап журуп, ачка болуп жатсак да бирине чекесине тийчу эмеспиз да. Чекеси тийиш деген болчу эмес андай, тартип ошондой болчу.
И. Чон атаныз, же сиз тааныган адамдар согушка барды беле?
Х. Менин атам согушка эмес рабочий батальонго чыкырылып калды, анткени ошол рабочий батальонго чыкырылып калып анан бул Барнаул жака барып, карагай даярдап согушка бир нерсе жазатчу го. ошого катышып калды да, эки жыл ошого катышып. Анан ал жерде дагы эмне, ачка, ачкачылык укмуш болот да, олумдон эле аман келип, анысы жомок эми башкача. Келиптир, келди, келди Байбагыш деп атышат, мен ошондо жетиге чыгып калган кезим го. Элдин баарысы эле аттын устунон тартып алып эле ошентип атат, анан юир маалда мен : “Коётургулачы, мага дагы бергиле” дептирмин. Мени учураштырабы деген созум го. Ошентип анан согуш буто электе эле , кырк тортунчу жылы кайра келди ал киши эмнегедир. Кайра келди да анан 1944 жылдан сразу эле , мал багыш керек да ал киши, эркектер аз да, мал бага баштады.
И. Жениш алган кун эсиниздеби? 9-май
Х. Эсимде бир жери калган, кичине эле жери калды да, 2Согуш бутту, биз жендик” деп бир атчан киши чаап жургонун билем. “Согуш бутту, суйунчу,суйунчу” деп аты менен чаап жургонун билем.
И. Сталин башкарган учур кандайн эле?
Х. Сталин башкарган учур, укмуштай начар убакыт болчу да. Эгерде Сталиндин тартиби болбосо, ошондон ары жанагы контур-понтурга катышчулар озубузду озубуз билип, кайра бытыранды болуп дайыныбыз жок жоголмокпуз да, мен ушундай деп айткым келет да. Сталиндин мынакей катуулугунан кыргызча айтканда, ошон учун кармалып, ошон учун неметип калдык. Анын дагы немеси бар го жанагы контурду уюштура калып кокустан, (52,24-52,52 тушунуксуз. прослушать).
И. Сталиндин убагында жазалоолор коп болгон турбайбы, алар кандай отчу эле. Эсинизде барбы?
Х. Сталин убагындагы жазалоо жанагы эле контурга, репрессияга кеткендер жонундо гана билем, башка … аа башка, тартип ото каттуу болчу да, Арпадан бир-эки килограмм бироонун арпасын кармап алып, ошону менен соттолуп кетип, келбей калган кишилер болгон. Эки килограмм арпа учун соттоп жиберген, ошондо тартип ото эле каттуу болгон
И. Сталин каза болгон куну эсинизде барбы?
Х. Эсимде бар. Сабакта болчумун, Сталин олду деди, ошону менен, балабыз да биз, мугалимибиз ыйласа баарыбыз кошулуп ыйлаганбыз. Бешинчи март беле, жок … бешинши март болуш керек эле
И. Эл Сталин менен кантип коштошкон сиз жашаган жерде?Коп киши ыйлаган деп жатасыз
Х. Ой, тимеле мен коргондон кишинин баарысы эле ыйлаган. А мыгалимибиз ыйлап атса Сталин олду деп, биз дагы ыйлаганбыз балдардын баары, бир класста отурганда угуп калдык да … эсимде … Сталин олоордо мен туш коруп атам, жатам, туш корсом бизде, ойдо жакта Босого деген жер бар, ошол капчыгайдын туйундо элдин баарысы эле момунтип атат. Укмуш болуп эле , согуш болгон атабы, эмне болгон атат, дагы бир нерсе коруп анан ойгонуп кеттим, бирок менин такыр эсим чыкчу эмес. Ойгонуп кетип, эшке чыккым келип калыптыр. Тонду,тонду жамынып эшике чыктым, кышытын куну эмес беле, март. Эчке чыксам ай карарып туруптур, тутулуп атыптыр, анан ушуну айтып кирсем эле, иий ай тутулуп аткан турбайбы, кудай сактасын айланын, тиги-бу деп калышты, ошондо Сталин олду.
И. Сталин отуп кеткендин кийинки учур кандай болду? Эмне менен айрымаланды?
Х.Сталин отуп кеткенден кийинки учур, мен анчалык эми бир нерсе айландырып, ойлоно турган жаш эмес, жаш эмес да биздики, андайды мындай эле откоруп койгон курактабыз да. Ошондон кийин анан … репрессияга кеткендер кетишти, тигиндей куч колдоно тургандар эч ким жок мисалы, анан озунчо анан эмне жылдык беш жылдык план эмне жылдык план деп алып туруп анан ошолор менен иштеп анан ошолорду, 1953-жылы олдубу?
И. 1953
Х. Ии, ошол 1953 жылы, анан 1954 жылы, эки жылдан кийин анан жанакындай эмгек алганга жетишип, 1955 жылдан эмгек анан иштеп калдык.
И. Азыр айылда жашаган элдин азыркы жашаган турмушу ошол колхоздо жашагандан эмнеси менен айрымаланат?
Х. Айылда мисал учун азыр, азыр айылда жашагандар, Кыргызстандын айылдында жашагандар шаарда жашагандардар алда канча жакшы боло баштады жашоосу. “Самый главный” тамагы бар, акчасы бар, сатам десе малын сатып коёт сразу. Айылдын турмушу шаардыкына караганда онолду, бар , келечеги бар
И. 1990-жылдагы колхозду жоюу чечими туура болгон дейсизби?
Х. Такыр туура болгон эмес, такыр! Жон эле бир жанагы немелерди бир коюп, бир ботолко арак болуп , жон эле чыккынчылып да бул озу (агрессивно). Тигини оз ордунда коюп койсо турат эле да, озунчо байыйт элек, озунчо журот элек. Макул таратып берсин элге, анда “отдачасын” алышы керек болчу да, договорлошуп мисал учун. Менин атам тируу болчу анда, анан бул жерде бир балам бар азыр, ошол колунда, 8-9 класспы. Ошолр туруп кой алабыз деди, беш жан экенде алар, сыртта учетто бешоо. Бешооно он бештен кой алып жуз бирдеме кой, жетимиш беш кой алабыз дейт, мен такыр болбой койбодумбу. Албайсынар, анын эртен доолайт, жунун доолайт толун доолайт, кол коюп договорлошсонор алгыла, болбосо албагыла деп мен алдырбай койбодумбу. Алдырбайм койдум. Озум фабриканы ошондо жойду, жоё турган комиссия келди орус кыргыз аралаш, бут, тиги-бу деп, машине анан озунчо бир машинени ал дедиби, машинелерден ал дедиби же тиги тукаба, чий-баркут дегендер бар да складта. Ошолордон аласынбы деди, мен албайм дедим, кыргыз бар экен, “переводи” мен орусча билбейм да. “Булунгондон, булдугу лбайт” деп болбой атат, булунуп атат союз, албайм деп атат, ошондой немеси бар экен деп тушундурду бул кишинин, башын чайкап кулушту (кулуп).Мен бир эчтеке алган жокмун фабрикадан, эч нерсе. … Жаман кылды, ошол убакта бул колхоздорду таратуу, малдын баарысын таратуу, мен баягы куну телевизордон кордум, мурду эле калыптыр, мурду эле, башка бир килтейген анан жаман карыптыр, менден эчак жаш болуш керек эле, ушу немени чыгарган, момул малды таратып, колхозду таратып, мамлекеттие менчикти таратып, бут неметкен неме.
И. Чарба салыгы деген эмне эле?Ошол убакта салык толочу беленер?
Х. Жок мен тааныш эмесмин. Ал салыкты колхоздун эсеби, колхоз озунчо бутун салык толосо керек. А “индивидуальный” элдер озунчо салык толочубуз аз-азтан, аз-азтан анан анчалык эмес, коолап эмес. Казыр аябая жесткий да, салык эле салык деп жатабыз, антпесе иш бутбой калчудай болуп. Анан жанагы онугом деген майда немелер бар, алар онукпойт да ошонун аркасынан.
И. Сиз айтып кеттиниз ачарчылык болгон, аябай кыйын учурда жашадык деп, ошону эмне женгенге жардам берди. Элге, кыргыз элине же Нарындыктарга болобу, эмне менен ошону жендик деп ойлойсуз?
Х. Элдин озунун туруктуулугунан, чыдамкайлыгынан, бир жакшы нерсеге умтулуусу бар илгери, ушуну женсек ачкачылыктан чыгып кетебиз деген ишенич менен чыгышты окшойт. Ошондой менен чыкты.
И.Элдин ынтымагы болсо керек ээ?
Х. Элдин ынтымагы, болбосо мындайн тескери ойлогон немелер чыкса элди бузуп жарып, биз ушинтип эле ачка отурат белек, бул Сталин бакчын бизди, же болбосо жгорку жактан баксын деген тескери нерсенин баарын суйлоп чыкмакта. А бизде кыргызча айтканда жоош, жоош дебейбиз эми, жоош деп айтканда болбойт, мындай биримдик, токтоолук, келечектен жакшы умутту умуттонгон эл болуп калды да, элдин ынтымагы, ошого карап неметип калдык.
И. Мурдагы эл абдан ынтымактуу болчу дейсиз, азыркы жаштарга эмне насаат айта аласыз? Олкодо ушундай болуп жатканда
Х. Азыркы жашка бул ардагер, улгайган адамдар озунун баскан турганы менен, суйлогон созу менен, келечектен бир жакшыраак нерсени умуттондуруп, ошол жакшыраак нерселерге ой жугуртуу менен жаштарга мамиле кылып, ошолорду жайылтса деген ой бар, тилегибиз ошол. Жаштар … кээде андай деле жери жок, жаштар ушул биздин койгон калыбыбыз менен журсо жакшы болоор эле деген бир оюм бар да.
И. Суроолорум деле бутту го дейм. Чон рахмат сизге!