Title
Жораева Айниса
Subject
Интервью алуучу: Наргиза Максатова
Интревью берүүчү: Жораева Айниса
Интервью алуучу жер: Баткен
- Бала чагыңыз жөнүндө айтып бербейсизби, апа?
- 34-жылдан жаш, 34-жылдан 42-жылга чейин билем. Ошол убакта колхоз турулган, мурун колхоз жок эле да. Колхоз куруп, баарыбыздан биттадан мал алып, кой, колхоз мал кылган. Анан...колхоз иштеген да, топурак көтөргөнбүз, мен тогуз-ондо элем, мен ам иштегемин. Ошо маладан алып келип, жерге төгүп...34...36...37-жылы пахта келген, пахта эккенбиз сээлеге. Пахта эгип...эки, пахта эккем.
- Колхоз биринчи түзүлгөндө каршы көрсөткөндөр болду беле, апа?
- Биринчи уөргөндү раис кылды, бригад кылды, колхоз кылды, бизге мектеп ачып берди. Баткенден экита бала келип, үзүштал жок, мондай курук үйдө окуткан, “Бир, эки” - деп. Онон кийин айттым го, пахта келди, колхоз ошентип курулуп-курулуп, котундар иштеди, эркектер иштеди, колхоз кылып койду да, раис кылып, колхоз кылды. Колхоз иштеп, суу жок, кудуккөйлөп алабыз. Кара-Булактан эгинге суу келет, биетте суу жок, кудук менен суу ичип иштедик. Аа…
- Ким жарыялады колхоз түзүлүү боюнча?
- А?
- Колхоз түзүлдү деп ким жарыялады эле айылга?
- Эмне барды?
- Ким жарыялады эле?
- Колхоз төзөлдү деп?
- Ии
- Ы, ону билбейм, өзү...өзү мына балдар келип, жызып кетти. Ол убакта неме, Оштон келет эле, бир-экита коңкобайлар. Келип, о, Баткенде айтып-айтып кетет эле. Бизге о, айылдын балдары кишиден айтат эле, окутат эле да.
- Колхоз түзүлгөнгө чейин эмне жумуш кылчы элеңиз?
- Бекер болчу да [күлүп жатат] [02:40] Иш жок баары жата кожо болуп жүргөн да. [баласы ары жакта сүйлөп жатат] [02:46] Мен 34-жылдан бери, нарагыны билбейм. Өзүм 1928-жылы туулгам, 94 кирдим.
- Сиздин ата-энеңиз колхоздо эмне болуп иштечи эле?
- Менби?
- Ата-энеңиз
- Менин ата энемби? Колхозчу эле болгон, анан атам бригад болгон. Эки кампири 53 жыл Алайда станцияга иштеп, 15 миң пенсияга чыгып, бир жыл болду, келип өлүп калды. Аа...каттасы райкомдун комсомолунда иштеп жүрүп өлдү, ого 15 жыл, 20 жыл болду. Мунун балдары бар, жүрөт.
- Сиздин тиричилигиңиз кандай эле, канча малыңыз бар эле?
- Менин тиричилигим, мен, 42...неме [жөтөлүп жатат] [03:56] Он...он сегизимде турмушка чыктым...онон дароо чыгып келдим. Онон кийин жыйырма бешимде турмушка чыктым шоропко. Барып, рабочийга тийип, кырк жыл жүрүп келип анан биетте ол өлүп калды эле, иштеп… Анан бир мына Баткендин жолун биз курадык...[жөтөлүп жатат] [04:31]
- Айтып бере бериңиз, апа.
- Мачанын каналын биз кылдык, Кара-Булактын суусун биз алып келдик...аа, мурун Баткенге жол жок эле, мына дон, дөң менен барат эле. Аа...[жөтөлүп жатат] [04:53] ошентип иштеп-иштеп, турмушта жүрүп, келип анан өзүм иштеп, он эки жыл иштеп анан жалык болдум, пенсияга чыктым фронтовой болуп. Биз жак мал-салыбызды алып алып, бизди фронтко катыштырып, оондой мылтык аттырганды үйрөтөт эле. Мылдык атып үргөнүп, окуп, онон турмушка чыгып, балалуу болуп, пенсияга чыктым, фронтовой болуп. [баласы: Колхоздун маалыда, тракторчы эжелер, биринчи таркторчу] [05:39] Аа, ону билбейм. [баласы: Кимдер айдаган, трактор качан келген колхозго] [05:42] Трактырбы? Трактыр 41-жылы трактыр келди, менин атам бригад. Келсе, жамгыр жааса, талаага жаап койду [күлүп жатат] [05:55] өлгү болот деп. Анан...шопур жок! Бир Саты деген кишиге эки кап буудай берип, бүт, Араванга окутту. Келип ол трактыр айдады...онан, экинчи жылы комбаинга, комбаинга окутту анан, ол анан келип комбаин алып...окуп келип, битта комбаин келди. Комбаин келгенден кийин анан шопур жок да! Саты өзү экөөнү айдап жүрсө анан тогуз катынды трактыр окушка жөнөттү Араванга. Олор барып окуп келди. Ай анан тогуз катын трактыр айдайт, тогуз катын кош айдайт, тогуз катын кырман жанчат, тогуз катын суу коет, тогуз катын .[жөтөлүп жатат] [06:53] кырман сапырат. Фронт башталып кетти, 41-42-жылы, бүт ам катын болуп кетти да. Ушул убакта биз бойго жетип калган кыз элек, биз ам иштедик. Ай, энди фронт башталып, жийда кыйналдык: нан жок, оокат жок. Бир кило макка, бир кило макка ун 300 сом болгон, Тажикистандан алып келет эле, кымбатчылык да энди. Буудай бышкыча кыйналат элек, буудай бышып анан колхоз нан жаап, нан берет эле. Буудайды оруп, укалап оруп, уурдап качат элек [күлүп жатат] [07:39] Алып келип үйгө койсок, келип обыск кылып алып кетип калат эле. Ай ушу раис бар эле, ол ам жакшы раис болду, ол ам өлдү. Молус малды раис болду, ол ам өлдү, эми баары амалдарда кетти.
- Ошо ачарчылык учурда элдер кантип күн көрдү? Ошо ачарчылык учурда элдер кантип күн көрдү?
- Эмне дейт? Кулагым оор да. [баласы: Ошо фронт маалда кыйналгансыздарбы ачарчылык, эл кандай жашаган, башка эл, элдер дейт. Эл ам кыйналганбы? ] [08:20] Ал бүтүн, Ош боюнча кыйналган да! Нан кымбат болгон, ич баля жок, только макка, буудай бышкыча кыйналабыз, макканы анан өкмат келгенде берет. Машина жок, пассажир жок, свет жок. О, пиала, свечага май куюп, чыракка ылайдан тешик кылып, сасык май куюп, чырак кылып коюп отурабыз очоктун башыга. Печка жок, сандал куру. Сандал менен каталик, 60-жылы свет келди, 60-жылы пирган чыкты, 60-жылы базар чыкты, 60-жылы эме...пу, кылды, тегирмен чыкты. Кокондон барып нан алып, Кокондон барып ун алып келет элек. Биз 47-жылга чейин кыйналганбыз, анан биягыга жок түзүк эле.
- Кандай тамактарды жечи эле анан, эл кандай тамактарды жечи эле ачарчылык учурунда, эмне кылып курсак тойгузчу эле?
- [күлүп жатат] [09:33] Тамак, макка нан жейбиз, конок нан жейбиз, буудайды өкмөт алып кетип калат. Конокту жанчып, кебегин нан кылып жедик, күн жара жедик нан кылып, ыйлап. Биттадан сыйырды саап, айран-сүт ичтик. Базар жок, касал болсок - дары жок. Андижандан бир чал келип, адамдар котур болду...ысытма болду, ошого Андижандан бир чал келип, мынаетке салып дарылады, дары сүртүп, айыктырып кетип жүрдү, доктур жок да. Бир жыл, эки жыл эл ирип кетти, ушундай котур болду. Ошо чал келип анан баарын дарылап, айыктырды, Андижандан келди. Кийин 70-жылы доктур чыкты бизге, ояк, о узак да энди. Биз доктурду кечээ жакында көрдүк да, мурун доктур жок эле. Колхоз түзүлгөн, кантип көбөет, тарбыз. Нарагыны билбейм, 34-жылдан берагыны билем. Колхоз биттадан контрактыга мал алып, короо кылды өздөрүгө. Аа, үй жок, адамдар биттадан үйдөрдү салат, сандал курат. Курук печка жок, тандыр жок, патир кылып жейт. [баласы: казанга ] [11:11] Биздин жомогуну айтсаң башың ооруп кетет.
- Буудайды кандай уурдачы элеңер, апа?
- Эмнени?
- Буудайды кантип уурдачы эле элдер?
- Оруп-оруп алып укалайбыз да, укалап белибизге ям байлайбыз, колтугубузга ям салабыз, [күлүп жатат] [11:28] жеңибизге ям байлап, оо, ушуеттен алсак, оо, айланып качып келет, жолдо караул коет. Алып келип анан кууруп, талкан кылып жейбиз, тегирмен жок. Кийин колхоз кышта келип, окматка жардам бергиле деп, алып кетип калат.
- Эмнени алып кетип калат?
- Ошо жыйган буудайыбызды. Төшөк жок, үйдө бир мынандайды билбейбиз! Жерде эле салып, макканы жанчып, почогуну жыябыз гектерлеп. Жаман биринчи заман келген да. Кышы менен анан ушу тезек менен, ушу макка менен. Көмүрдү билбейбиз, майды билбейбиз, ошо шыйырдан май кылып жейбиз. Коконго барып, эки күндө алып келет чалдар, базарга барып ат-араба менен.
- Ошо буудайды түндө уурдачы белеңер же түндө уурдачы белеңер?
- Эмнени?
- Буудайды, буудайды. Күндүз уурдачы белеңиз же түндөбү?
- Аа, ошо оруп жүрүп, пышыпчы алып келип, жечибиз да.
- Күндүзбү?
- Күндүз эле орок оруган жерде алабыз да, каляр көөлайбыз [күлүп жатат] [12:37]. Каляр көөлап жеп жүрдүк энди, расса ам уурдап ам жеп жүрдүк.
- Мамлекет кандай нан берчи эле?
- Колхоз неме, бул жерден, үч катын нан жабат бир бригадка, ошону саар экита, түштө экита берет. Менин атам бригад болуп, ошо он жыл бригад болуп, фротко кетти. Фронттон келип ам бригад болду. Аа...эки катыны бар эле, катта катынынан эки уул, үч кыз эле, баары өлдү. Кичине катынынан алты уул, эки кыз эле, азыр эки уулу өлдү, бир кызы өлдү, оягы бар. Атам өзү ям өтүп кетти.
- Апа, эки аялы менен кандай, бир үйдө жашачы беле? Кандай жашачы элеңер?
- Буудай ооганда эркек калган эмес, катын калган. Бир күндө тогуз катын тууган, эркек жок, эркек жок да, ошол убакта булар тууган да. Тууп, бири - экита, бири - үчта, бири - экита, бири - битта тууп анан бир күнү келип сот кылды, Алыкул соту, Самаркандектен. Сот кылса, катындар айтты: “Биздин эрибиз фронтто, биз карып калдык, битта-экитадан тубабыз деп туудук” - деп анан бакырды. Бакырса анан баарын үй-үйгө нике кылып берди. Никак болгула деди анан барын үйүбүзгө нике кылды анан экитадан болуп калды энди [күлүп жатат] [14:17]. Атам ам ошондо нике кылып анан үч баласынан кийин нике кылды: бир кыз, эки уулдан кийин. Ошо балдарыдан бар азыр. Э, сен билбейсиңби, катын эркек жок катындар көчөдө калганбыз баары, тубат да бечараларды. Фронт башталып атса, эри армияга кетип калса, баары тууду, кыйматчылыкта.
- Алар кандай күн көрчү эле анан?
- А?
- Кандай күн көрчү эле эркек жок? Кантип жан бакчы эле?
- Эркек жок айттым го өздөрү-өздөр тирилик кылат эле да. Эркек жок болсо, жазда, айттым го, колхоз нан берет, гөш берет. Жеп, ысык тамак кылып берет, жеп, келип жатып жүрдүлөр. Фронт башталгандан кийин анан доктур чыкты, баары колхоз дагын түзүк эле. Кечээ мына 53-жылдарынан кийин заман оңолду, 53-жылга чейин заман оңолгон жок, кедей болуп жүрүп оңолду! Баары Тажикистан, Өзбекистанга көчүп кеткен, Баткенде 12 миң...17 миңби, жок, 8 миң 600 адам бар эле, үчта колхоз эле, мен атама табилчи болуп эүрөм да. Ошонон 40 үй калган, 40-20, 100 үй калды үчта колхоздон. Баары көчүп кеткен ачарчылыкта Тажикистанга, Өзбекистанга. Барып он жылдап, он беш жылдап келип, 75-жылы келип анан баарыга жер берди, баары анан үй салып, кыштак болуп калды да. Ал көбү баласы ошоякта калды.
- Өзбекистан менен Тажикистанда жашоо жакшыраак беле биякка караганда?
- Өзбек менен Тажик жакшы эле, олор шаары түзүк эле. Бу кыргыздар кеткен да баары, көбү Өзбекистан, Тажикистанда жашап келди, баз ам барып бир жыл, эки жыл жүрүп келдик.
- Ал жакка барганда сиздер эмне жумуш кылдыңыз анан?
- Качан?
- Өзбекистан менен Тажикистанга барганда сиз да бардым деп атпайсызбы.
- Барып жамакчылык кылдык, мынандай [күлүп жатат] [16:45] мынандай ычкыр кылып сатып жүрдүк, битта ычкыр кылсак, битта ун берет. Анан жип, эчкинин жүнү, койдун жүнү өздөрүнөн алып, жип кылып беребиз, пул берет. Тажиктин төшөгүнү жамап беребиз, таарын жамап бердик. Анан Өзбекистанга баргандар мал кылып, мал койчу болуп, саанчы болуп жүрүптүр. Ошентип тирилик кылдык да, биз ам барып эки жылдан жүрүп келдик, шаар көрүп.
- Өзбекистанга бардыңыз э сиз?
- Жок, мен Тажикистанга бардым.
- Тажикистанга э, тажиктердин мамилеси кандай эле кыргыздарга?
- Тажиктер ам мамилеси ошо биздей эле да энди, олор эме да...мисалы тажиктер....тегирмен-тегирмен кылып чакоорчулук кылат эле, шаарларга узакка барып. Маасы кылып сатып, өтүк кылып сатып, чапан кылып сатат эле олор, анан мал кылат экен. Кыргыздан кылган эч баля жок. Аа, пахтадан уурдап, чегитини чыгарып, чартка ийирип, көйнөк кылып кийдик, штан кылып кийдик. [тышта адамдар сүйлөшүп жатышат жана эшикти ачып, баласы кирип келди] [18:10] Материал жок, 44-жылы материал келди пахтага.
- Материал каяктан келди?
- Оштон келди. Пахтага алып келди чыт, анан ушу 44-жылда биринчи чыт келип, пахтадан кийим көбөйдү да. Мурун жок эле да, Тажикистандан алып, биеттен алып жүргөн да. Баары биеттегилер 20-15-жылдары, 10-жылдары чекелден келген да биеттин кыргыздары, мурун жайык жок экен да. Ошко барып, үкам сегиз жыл жүрдү комсомолдо, бала-чакасы ошоякта азыр, келини сот болуп иштейт Бишкекте.
- Колхоздо иштебейбиз деп качкандар болду беле, апа?
- А?
- Колхоздо иштебейбиз деп…
- Айттым го баары качып кетип, 42-43- жылы көчүп кетип, 60-жылы баары кыргызга келди деп атпаймынбы, азыр бир 12 500 короолук болду бул жерде. Мурун 500-600 эле, баары келди да, баары Өзбекистан, Тажикситанда жүрүп келген да.
- Мектепте окудуңуз беле, апа?
- 7-класска чейин окугам, айттым го 7-класска чейин окугам. Мектеп жок, мынандай үйгө отургузуп, стол жок, бир-эки деп жаздырып, кийин анан жанагы стол кылды, мындай узун-узун. Кызыл Жолдон Мендеев Карим деп бир бала келди, ошо 7-класска чейин окудук.
- А кимдин үйүнө окудуңуз эле?
- А?
- А кимдин үйүнө окудуңуз эле?
- Бир катындын үйү эле, ана дөңдүн алдында.
- Ал өзүнүн үйүн бөлүп берди беле сиздерге?
- А?
- Сиздерге бөлүп берди беле үйүн?
- Үйдү?
- Ии, үйдү берди беле мектеп кылып?
- Жаңыдан мектеп кылып, жаш бала да. Биринчи мектеп ачылган, үйта колхоз үчта мектеп кылган да, балдарды үч жерге бөлгөн. Кийин 45-жылы, 46-жылдан, бир-эки жерге жакшы мектеп салды. Биз 7-класска чейин окудук.
- 7-класстан кийин окуган жоксузбу?
- 7-класска чейин окудук анан окушка ям баралбадык, барганы барды, мен, биз барбадык.
- 7-класстан кийин эмне жумуш кылдыңыз анан?
- А?
- Эмне кылдыңыз анан 7-класстан кийин?
- 7-класс, турмушка чыктым [күлүп жатат] [21:06] колхоздо иштеп жүрдүм, турмушка чыктым.
- Турмушка кантип чыктыңыз эле, сүйлөшүппү же ала-качып кетти беле?
- А?
- Ала качып кетти беле же кандай чыктыңыз эле турмушка?
- Турмушка?
- Ии
- Турмушка ошо өз атам өз аталарына, икаларына берди. Анан ажырап анан башкаларга берди. Туубай жүрүп-жүрүп, отузумда туудум, ого чейин расса иштедим. Иштегениме пенсия берет эми, кызыл белектерди. Жакшы иштеген элем.
- Сиздин колхоздо отличник, ударник болуп бөлүнчү беле?
- А?
- Отличник, ударниктер бар беле колхозуңузда?
- Отличник иштеген?
- Ии, отличник, ударниктер бар беле колхоздо?
- Ии, иштегени карайт эле да.
- Колхозуңуздун башкармасы ким эле?
- Бизде башкарма бир раис бар эле, анан оетте неме...эсимден чыгып калды, Ашыр раис бар...дагы биттасы бар, эсимден чыгып калды...Баткенден келет эле да.
- Алар менен мамилеңер кандай эле?
- Биз мамилени билбейбиз, 53-жылга чейин биз, айттым го, колхоз болуп жүрө бергенбиз. Базар жок...аа, машина жок, пирган жок. Биерде эле колхоздо иштеп, кыштап, үйдө отуруп жүргөнбүз. Жазда иштеп, кышта, көң көтөрүп, топурак көтөрүп жүргөнбүз да.
- Аны эмнеге көтөрчү элеңиз?
- Көң менен топуракты эмнеге көтөрчү элеңиз?
- Пахтага салабыз, буудайга салабыз, маккага салабыз, трактор кошо айдайт да. Колхозго биз иштедик, көң көтөрдүк, топурак көтөрдүк, кетмен чаптык, буудай ордук, канал көөладык...аа, колхоздо ошентип…
- Жанагы арык казганбыз дебедиңизби, арык каздыңыз беле, канал?
- Канал оо, Ак Сайдын каналын көөладык, Кара Булактын каналына таш тиздик, ушундай, Ыспарага жол салдык. Жаш, эрибиз жок, жаш бир чийдирман чалып, приганда иштеп жүрдүк. Замбар менен топурак салып, Ыспаранын жолугачы, бир ай - бир ай пирганда жүрүп, жол оңдойт элек. Жаз болсо орок орот элек, тоолорго чыгып буудай орот элек, макка орот элек. Кышта буудай тазалайбыз ижарага барып, таардын үчтүнө отуруп, колхоз буудай тазалап эгет да.
- Апа, ошо каналды ким казды?
- Каналды?
- Каналды Баткен облусу казды да өзү
- Өзү каздыбы? А сиздер эмне жумуш кылдыңыз?
- А?
- Ошо канал казып атканда сиздер эмне жумуш кылдыңыз?
- Каналды биз каздык да, эрибиз жок. Катын-аял, катындар кылган, эркек жок да [күлүп жатат] [24:43]. Катындар канал казган деп атпаймынбы, мына жолду Кара Булактан, катындар иштеген да, эркек жок да, баары фронтко кеткен 41-жылы, 42-жылы кетип калган.
- Канча күн каздыңыз эле?
- А?
- Канча күн каздыңыз эле? Каналды канча күн каздыңыз эле?
- Канча күн, биякты - эки ай, жолду - бир ай, каналды - эки ай. Төрт бригад кылып коебуз, бригад-бригад болуп, каналды өлчөп казат. Сегиз бригад кылат, өлчөп-өлчөп казат. Тогуз бригад кылат, өлчөп-өлчөп жол оңдойт. Бригад бригад кылып коет, иштеп келебиз пиргам менен барып, ишибиз ошол эле. Жазда эгин эгебиз, кышта жол оңдойбуз, буудай тазалайбыз...Баткенде базар ам жок эле, доктур ам жок эле [күлүп жатат] [25:42]. 60-жылы свет келди, доктур келди.
- Жана айтпадыңызбы, апа,котур болгонбуз депчи
- А?
- Котур болгонбуз деп айтпадыңызбы, ошону деген кандай кылып даарылыдыңыр?
- Котурду айттым го, 38-39-жылдары котур болдук...анан чотур болдук, доктур жок. Андижандан бир чал келип, калпагы бар, чепкени бар, мынандай кылып, жарып коюп, акыны алып, ушуетте бир ай жүрүп кетти. Жок, ушул чал айыктырды, ушу даары менен, даары айыктырды. Иий, эчки котур болуп, төө котур болуп, бир жыл катын-эркек кыйналдык! Онан кийин анан ысытма болдук, ысытмадан кийин анан жүрүп-жүрүп анан Баткенге доктур ачты. 44-жылы кичине базар ачты...оой, магазин жок. Мектептен ырдап барабыз, чарбакта дакалата айтат экита коңкубай, угуп кайтып келебиз. Базарда эч баля жок, битта чолок курут менен өрүк сатса, ошону алып, майрамга бардык деп келебиз, магазин жок. Аа… биздин колхоз, колхоз түзүлгөндө амалдар ам кам эле. Жаңы түзүлүп атат да, илими жок көп да, биттадан секин-секин-секин башталды да.
- Эң биринчи трактор келгенде элдер кандай карады ошону? Кандай көз караш болду элде?
- О, трактор, менин атам бригад, Сатыкты окутуп алып келип, жер айдатты, пахта эгти, буудай эгти.
- Элдерде трактор кандай көрүндү?
- А?
- Элдерде трактор кандай көрүндү?
- Жакшы көрүндү, ошо айттым го, трактордон кийин комбаин келди, комбаинден кийин анан атам тогуз катынды жөнөтүп, Араванга окуп келип, катындар тракторчу болду да. Кош айдайт эле, кырман жанчат элек, кийин трактор келип, комбаин келип анан оруп беребиз. Комбаин ам өзүбүз жанчыдык, буудайды канек кылып таштайбыз, түнү-күнү жанчабыз.
- Буудайларды обыск кылчы деп атпайсызбы, апа....
- А?
- Обыск кылчы деп атпайсызбы буудайларды,
- А?
- Ошондо кайда катчы элеңер, кандай кылып катчы элеңер уурдап келген буудайды?
- А?
- Кандай кылып катчы элеңер үйдөн?
- [күлүп жатат] [25:42] Утуру уурдап келип, жейбиз да кууруп, эч баля жок да, уурдап келип жеп. Колхоз нан берет, өзүбүздүн талааларга эгин жок, суу жок. Анан чөнтөгүбүзгө, белибизге байлап келип, талкан кылып жеп жүрдүк дедим го.
- Өзүңүздүн малыңыздар бар беле?
- А, битта–экита сыйырыбыз бар эле, саап ичип жүрдүк. Биетте көчмөнкүт бар эле, көчмөнкүт жаткаып корук эле, бул кечээ жакында жер болду. Көк жаткан корук эле, көчмөнкүткө мал алат эле. Ошо бечара көбүнчө калапайча берип, элди бакты бечара. Энди ачарчылыкта уурулугубузду айтабыз да, уурдап жеп, иштеп жүрчүк да.
- Кошуналар бири-биринен уурдачы беле, апа?
- А?
- Кошуналар бири-биринен уурдачы беле?
- Коңшулар?
- Ии
- Жок, колхоздон алып келип, сокуга талкан кылып жейт элек, бирибизден-бири уурдабай. О, баары көчүп кеткен, адам аз да.
- Айылыңыздарда орустар бар беле?
- Оруктар?
- Орус, орустар бар беле?
- Жок, орус 47-жылы эки татар келди, тоок бакты. Үчта орус келип Баткенде жашады, биетте орус жок эле. Орус, 53-жылдан кийин келе турган болду, мурун орус жок эле.
- Ленин менен Сталин жөнүндө кантип үйрөтчү эле, эмне деп үйрөтчү эле мектептен?
- Сталин жөнүндө ошо китепти эле окута берет эле: тарых, адабият, математика окутат.
- Орус тилде окутчу беле?
- Жок, немис тилде окуганбыз, немис тилде окуганбыз.
- А немис тилин ким үйрөтчү эле?
- А?
- Ким окутчу эле немис тилди?
- Немис тилди ошо өзүнүн жазуусун окутат эле да анан кийин Сталин чыккандан кийин, Сталин фронтко кошулгандан кийин латынчага өттүк да. Мурун биз немис тилден окуганбыз, 30...34-37 жылдары, 35-жылдары, 41-42-жылдары немис тилде окуганбыз биз. Анан кийин анан биз А, Бларды окуганбыз, биринчи биз немис тилин окуганбыз.
- Колхозуңузда байлар бар беле, апа?
- Жок, бай жок эле.
- Кулакка тартуу жөнүндө эмне билесиз?
- Эчтеке билбейм
- Кулак болуп кеткендерди билбейсизби?
- Кулак?
- Ии, кулак
- Кулак?
- Ии
- Эмне болду?
- Ал жөнүндө билбейсизби?
- Жок, жок
- Колхоз түзүлүп атканда кимдердин малдарын алып кетти эле?
- Үй баш сайын колхоз контрактка салган, өкмөткө мал кылабыз деп: торпок, улак, пада бергенбиз. Фронтко тукум, жүн, май, кийим деп келет эле, жардам берип жүрдүк катындар.
- Малдарды алып кетип атканда каршы болгондор болгон жокпу?
- А?
- Колхоз түзүлүп ошо мал алып кетти деп атпайсызбы ар бир үйдөн, ошондо каршы чыккандар болгон жокпу?
- Малды алып барып, ал жерде өкмөт көбөйткөн да раистер. Мурун жаңы колхоз болгондо, биринчи колхоз болгон. О, ошояктар мурун болгон, бул жак кийин болгон да. Колхоз деп коет, колхоз түзгөндө 34-жылы колхоз түзгөн, биз ошону билебиз. Мектеп ачкан, оягы Ошто Андижан жакта болгон, өзбектерде, бизге 34-жылдары келген.
- Колхоздо сиз эмне болуп иштедиңиз?
- Айттым го колхоздо жазда буудай оробуз, макка оробуз, мына топурак төгөбүз....макка чабабыз, кийин пахта келип, пахта чабабыз, кышта карап отурабыз. Анан ошентип иштедик да, жашпыз, иштеп жүрдүк. Колхоз анан макка, буудай берет, жейбиз. Базарды билбейбиз, магазинди билбейбиз, кишилер барып Кокондон базарлык алып келет, жеп отурабыз. [бир киши кирип сүйлөп жатат] [34:34]
- Колхоздо чогулуштар болчу беле, апа?
- Аны раис кылат эле, раис кылып эле жакшы болгула, жакшы иштегиле дейт эле. Анан Токтогул артис болуп, ар ордукта Токтогул келип ырдап берет эле, барат элек. Раис кылат эле, аол раис дагы өлүп калды.
- Аялдардын жумушу менен эркектердин жумушуну айырмасы бар беле?
- Эркектер ам ошо эгин эбип, кош айдайт. Кийин баары 42-44-жылы фронтко кетип калды, катындар, айттым го, катындар калды да, эркек калбады. Бүтүн катын, биздин мына үч колхоздо сегизта чал калган, баары фронтко кеткен. 33-жылы шейиттен 16 кирген баланы, 30 баланы топу кийгизип, мылтык астырып, анан ошоеттен армияга алып кеткен, олордон эч ким келбеди. 32-жылы кеткен балдардан келбеди, биринчи фронтко алып кеткен да 16-17 балдарды, келбеди. Ошол убакта фронтко ушуеттен огуну байлап, кийимди кийгизип алып кетет эле. А кийин атамдарды жөн эле алып кетти, атам элден кийин барып, атам ам үч жыл жүрүп келди.
- Апа, колхоздо өлүп калган малдарды эмне кылчы эле?
- А, ону өкмат өзү билет да, өзүнүн малын өзү билет да.
- Элдер нааразы болуп чыкчы эмес беле?
- Жок, эл неме кылбайт эле. Ар бир колхоздо экитадан короосу бар, жайда жайлоого кетет, кышта келет. Өлсө ошо өздөрү жейт, өлбөсө ошону көбөйтүп, калхоз алып жүрдү. Бир өзүбүздүн малыбызды өзүбүз багып, жеп жүрдүк да. Битта-экита эле мал, койчу бадага чыгарат, кошобуз, кайтарып келет.
- Мамлекеттин эмес өзүңүздүн жериңиз бар беле бир нерсе айдаганга?
- Бизге 25 сотиктен жер берет эле, ого биз эгип жейт элек, жер берген.
- Апа, үй-бүлөңүздө динге болгон көз караш кандай эле?
- А?
- Динге болгон көз караш кандай эле?
- Эмне болгонго?
- Динге.
- Эч баляны билбейбиз, окушка барабыз-келебиз. Катындар үйдө отурат, колхоз, базарга барбасак, бир жакка барбаса, үйдө эле отуруп турмуш кылган да. 60-жылдан кийин, айттым го, анан адамдар, ого чейин үйдө отурган да булар, колхозго иштеп.
- Жана айтпадыңызбы апа, 60-жылы свет келген деп, ошо светти ким алып келди айылга?
- Эмнени?
- Айылга светти ким алып келди?
- 60-жылы светти Баткенден өкмөт алып келди.
- Ким орнотту светти?
- Баткендин катталары орнотту да, механиктер, өтүп кетти да баары, Баткенден алып келип отургузуп берген да.
- Кыргыздар беле же орустар беле?
- Жок, орус эмес, өзүбүздүн кыргыздар. Баткенден алып келген 60-жылдары, 60-жылы айттым го, доктур, свет алып келген, ондон мурда жок эле.
- Свет келгенден кийин адамдардын жашоосу кандай өзгөрүлдү?
- Свет келгенде баякы эле, печка жок. Печка келсе...немеде, 78-жылы, 80-жылы чыкты, мурун сандал курат элек, печка кийин чыкты, сандал менен жашадык. Катталар секин-секин печка куруп берди, Базар ачты Баткенге, клуб ачты. Бирөөнү сот кылып барсак, мынандай үйдө эле сот кылдык, үй жок да, бир катын сот болгон Үбадат деген. Кийин анан үй салды, почта салды...Колхоз жаңы түзүлгөндө эч балээ жок эле да, кийин кылдылыр да.
- Кандай кишилерди соттошчу эле? Эмне кылгандары үчүн соттошту эле?
- Ким билет, энди өздөрү рабочий кылышкан да. Солдаттар келген, солдаттар, камалгандар кылган. Солдаттарды иштеткен, камалгандарды алып келип иштеткен да.
- Апа, жанагы айтып атпайсызбы, буудай уурдагам депчи, ошо кармалып калгандар соттолчу беле?
- Ой аны пушоп келип жейбиз, о, караул кылчы. Анда туштан кармап алып, кырманга таштайт, биз болсо алып келип, талкан кылып жейбиз да.
- Обыск болуп жатканда, кармалып калгандар соттолчу эмес беле?
- А жок, сот жок эле. Эч балээ жок, ээ оруп, укалап алып келип жейбиз. Кийин анан колхоз кырман жасаса, буудай берет, колхоз нан берет, ошону жейбиз.
- Буудайдан башка дагы бир нерселерди уурдачы белеңиз?
- Буудай, макка, тарык, конок 1-2 кило
- Ошоллрду уурдачы белеңиз?
- Жок, только буудай мурун бышат, ошону анан алып келип жейбиз. Кийин анан уурдабайбыз, колхоз берет.
- Апа, боюнда бар аялдар каяктан төрөчү эле?
- Доктур жок, үйдө эле тубат эле.
- Өзү элеби же ким барып төрөтчү эле?
- Өзү эле тууп, үйдө жашаган, кийин анан, айттым го, колхоз түзүлгөндөн кийин анан 43-45-жылдарынан малдарга метирке берди, мурун жөн эле тууп жүрө берет эле. Үйдө эле тууп, үйдө катта кыла берет эле, доктур жок.
- Айылыңызда бир аял бар беле боюнда барларды төрөткөн?
- Жок
- Андай жок беле, өздөрү эле үйдөн…
- Өздөрү эле үйдөн кампир-кампир төрөтөт эле. Үйдө эле туубат эле. Айттым го, колхоз жаңы түзүлгөн, эч ким окуган эмес, Ош жакта окуган бар эле, биякта жок эле, секин-секин болду да.
- Апа, кышка даярдык кандай көрчү элеңиз?
- Эмнени?
- Кышка кандай даярданчу элеңиз?
- Эмнени?
- Отун-потун даярдачу белеңиз?
- Күз болсо, октябрь-ноябрьларда пахтанын отунуну жулуп алабыз, бардачтан чыбык алып келебиз, тезек теребиз. Кышы менен анан сандал эле жагып отурабыз да, очок оерде, сандал биерде, оокат кылып жеп, отурабыз да.
- Тезекти кайдан терчи элеңиз?
- Талаадан теребиз да, жаткан корук паралар келет, ошону терип алып келип, она болду көрүп, битта сыйырдан 2 жылдан бери 30 кылдым жайып. Ошентип жыйып, тирилик кылганбыз да.
- Анда көмүр деген нерсе жок беле?
- Жок, жок эле. Көмүр кечээ...75-жылдан кийин көмүр келди, мурун көмүр жок эле. Сата турган келди, сатат мына азыр.
- Апа, 30-40-жылдары кандай идиштерге тамак ишчү элеңиз? Идиштериңиз кандай эле?
- Жигит?
- Идиш
- Бир жыгачтан касаль, гүлботодон каса...анан жыгачтан челек, гүлботодон көжөгө суу ичет элек. Анан бир нерсеге чай кайнатып ичет элек, идиш жок да! Ошоетте, тажиктерде кашык чабат, гүлботодон каса кылат, илеген кылат, ошону алып келип дөлүлөр сатат. Буудайга, маккага алып, ошону идиш кылып жейт элек. Дөлүлөр алып келип сатат эле.
- Кимдер?
- Дөлү, дөлү…
- Ал кандай кишилер?
- Маззан дөлү да, азыр ам бар дөлү. Она темир жыйып жүрбөйбү, ошолорду дөлү дейт да, машина менен. Маззан деп коет, ошолор алып келип сатат, алат элек.
- Апа, ат-араба бар беле ал учурда?
- Ат-араба бар эле, эчкилгиректүү бир ат менен анан пирган бар эле.
- Аны кандай колдончу элеңиз? Эмне үчүн колдончу элеңиз?
- Ону эме...колхоздор биттадан шопур кылып коет эле, ошол айдайт да: пая ташыйыт, буудай ташыйт...кашек ташыйт, ошентип жүргөн да.
- Апа, учетчиктер бар беле?
- А?
- Колхоздо учетчиктер бар беле?
- Сүт?
- Учетчик
- Аа, жок...айтып атпаймынбы, 34-жылы берагын билем, жок, ич балээ жок. 53-жылдан кийин свет келип, анан ошонун биягына болуп атам, мурун жок эле, курук эле отурганбыз.
- Колхоздун жанакы нормага жетти, нормага жеткен жок деге кишиси жок беле, текшерген?
- Бар эле, өздөрү колхоздо текшерип жүрчү эле.
- Нормага жетпей калса эмне болчу эле?
- Нормага жетсе ям, жетпесе ям колхоз өзү төлөйт эле...элге берет, элден калганы урук кылат, ошентип жүрөт да.
- Кийин эмгек армиясына кеттиби элдер? Кимдер кетти?
- Согушка кетти...она, айтып отурам, үй баш сайын кетти да. Эркек үй баш сайын кеткен, эркек калган эмес. Айттым го, үч колхоздо алты та чал, төртта эркек, онта калды да үч колхоздон. Үчта бригад, атам айылдан келди, кош айдаган - катын, кырман сапырган - катын, трактор айдаган - катын, пирган айдаган - катын, комбаин айдаган - катын, бүтүн катын болуп кеткен да, суу койгон ам - катын. Ошол убакта бир күндө тогуз катын тууган да, [күлүп жатат] [46:53] кийин аны сот келип, жай-жайына нике кылган бечараларды, мейли биттадан баланы багып алгыла деп. Биздики ям бар, атам ам ойноп жүргөн экен, эки уул, бир кыздан нике кылып, жайга койгон да. Жайда жүрүп, баары өлгөн да, балдары бар.
- Ошо экинчи аялына нике кыйып атканда, сиздин өзүңүздүн апаңыз кандай акыбалда калды?
- Биз өзүбүздүн үйдө калганбыз, апам касаль эле. Мен өзүм иштеп, эки икам менен мен өзүм иштеп бактым. Анан атам барып-келип, жашынып жүрүптүр да, барып-келип жүрүп анан кийин нике кылгандан кийин, чыгып кетти, биз өзүбүз калдык, ошоякта жүрдү, биз өзүбүз катта-катталып, бир үкамды район комсомолго иштеттим, бир үкамды Москвага почтага окуттум, 53 жыл Алайга, Кара-Колго, механика телевизор коюп жүрдү. Анан пенсияга чыгып, пенсияда чыгып, 15 миң пенсия алып, мына 14 ай болду, келип давление болуп, ол баламдын үйүндө көмүп койдук. Аял алды, экита аял алдары бузулуп, айдап жүгөрдү, өзү жеке жашап өтүп кетти. Катта үкамдан төрт уул, эки кыз калды эле, азыр экитасы жоголуп кетти, бири өлдү, битта уулу калды. Битта баладан 5-6 бала кады, келини Пишпекте сот.
- Апа, окуган кыздар болду беле, мектептен кийин, 7-класстан кийин окугандар болду беле?
- Бизден кийин окуш токтобой келе жатат да.
- Жок, силердин учурда
- Сиз айтып атпайсызбы, 7-класска чейин окугам деп, башка кыздар окуду беле андан кийин?
- Мурун биз 7-класста бүткөнбүз, үчтүнкүлөр 11-класс болду.
- Жок, андан кийин окууга окушту беле кыздар?
- Ондо кыздар барган, айттым го, Ошко барып келип окуп, мугалим болду, окуган кыздар бар эле
- Ошо окуган кыздарга эл кандай карады?
- Караган жок, алар окушту өздөрү окуп келип, өздөрү иштеп.
- Эл анан сөз кылган жокпу ал кыздарды?
- Эл кандай жардам берет, өзү зорго отурса.
- Элдер сөз калган жокпу ал кыздарды?
- Жок, окуп келип мугалим болдулар, артис болдулар...доктур болдулар, секин секин.
[Баласы: Оо, окуп келип, Ошко барып, түстү кийди деп, чал-палдар неме кылган жокпу, түрүп-пүрүп, урушуп?] [50:11]
- Жок
[Баласы: Ошондой ям болгон да кээбир жерде] [50:11]
- Апа, тиги медалдарыңыз эмне медаль, эмне сыйлыктарды алдыңыз эле?
- Мен 47-жылы пахтага гетрачы болгонмун, ошол убакта нормам толгон, агроном Ошко алып барып, медаль берген, 300 сом пул, үч метр көйнөк берген, өзү алып барып, өзү алып келген.
- Эмне материалдан эле көйнөгүңүз?
- Сыйдан эле, сыйдан эле, кып-кызылы. Анан кийин келип иштеп, турмушка чыгып кеттим.
- Андан кийинки сыйлыктар эмне сыйлыктар, тилигер?
- Онон кийин дагы турмушка чыгып, турмуштан ажырап келип алып, сегиз жыл иштедим. Сегиз жыл иштеп, экита медаль алдым.
- Эмне үчүн алдыңыз ал медалды?
- Колхозго иштедим да.
[Баласы: Ошо Оштон алган да, калгандары юбилейный. Баягы согуштун 40 жылдыгы, согуштун 30 жылдыгы, 50 жылдыгы, анан кечээ 75 жылдыгы, Москвадан келди] [51:34] Экитасы үкамдыкы, өзүмдө бешта медалым бар. Былтыры Москвадан бүтүн битта берип жүгөрдү, Пишпектен битта келди, битта биякта өкматтан келди. Бир фронтовой книжкабыз бар да, кызыл книжка.
- Сиз фронтто эмне жумуш кылдыңыз эле?
- Биз убагында күнү-түнү иштеп, фронтко кошулганбыз да, күнү-түнү иштегенбиз биз, герой болгонбуз. Каналга иштеп, эгинге иштеп, күнү-түнү иштей бергенбиз, эркек жок. Ошол убакта бизди фронтко кошкон да, фронт деп. [Баласы: Күндүз иштеп, түндө айдын жарыгына орот экенсиздер да] [52:27] Ии, түндөсү орок орот элек, иий...орок окуп, бакырып. Ошондо бизди биринчи фронтко кошулган деп, акырысынды 53 жыл ушундай далыма, 53 жыл болгон экен, акыры барып, балам архивден иштегенимди таап келип, өкмөт кызыл книжка берди, 4000 пулду жеп отурам.
- Фронтко жардам деп Кыргызстандан эмне кетчи эле? Сиздин колхоздон эмне кетчи эле фронтко жардам деп.
[Баласы: Апа, о, фронт маалдачы, тукумуңуз бар, майыңыз бар...фронтко эмне болсо алып кете берет эле] [52:50]
- А, ол фронтко тукум, жүн, май, анан төшөк берет элек, фронтко берет элек.
- А төшөктү ким даярдачы эле?
- Колхоз бар, раис бар, директор бар, табилчи бар.
- Аны аялдар көктөчү беле?
- Багалтыр катындарды топтойт эле, багалтыр болгон...
[Баласы: Жок, түшүнбөй атат, апа, төшөктү кантип каптайсыздар, кандай төшөк болгон дейт] [53:46] А ушундай эле каптайбыз. [Баласы: ким каптайт эле дейт] [53:50] Өзүбүз каптап, өзүбүз кылабыз, чебер жок эле. Магазин ам жок эле дедим го. Өзүбүз ушундай кылып эле, ол үйдөям бар, ол үйгө тазасыны басып таштайбыз. [Баласы: Баягы пахта терип, ийирип...] [54:11] Метровой кылып, пахтадан көйнөк кылып, штан кылып кийдик, материал жок да. Өзбекистандан барып алып келип, мал сатып, кийим алып келет эле чалдар Кокондон. Ачарчылыкты айтпай эле...айтсак тантык болуп калабыз.
- Айтып бериңиз, апа. Ачарчылык жөнүндө көбүрөөк айтып бербейсизби?
- Эмне дейт?
[Баласы: Ачарчылыкты көбүрөөк айтып бериң, эстегениңизди. Ким өлдү, ким ыйлады ачкачылыктан] [54:51]
Эй, эмнесин айтайын...аны тизмелеп отурабы...Менден кийинкилер айтат да, бар да
- Сиз айтып бериңиз, апа. Айтып берсеңиз жакшы болмок, сиз.
- Эмнесин айтам эми
[Баласы: Ой, чоң атам чаркөөгө терини ачылып, барып келгиче жан талашып турчу беле, артыбыз ачты...] [55:22] Араба менен чалдар барып, Кокондон базар кылып келет эле дедим го. Базар жок, тегирмен ям ошояктан келет, биетте тегирмен ям жок, базар ам жок. Ыспарада 42-жылы тегирмен чыкты, 48-жылы базар чыкты, Баткенге 60-жылы чыкты. Мурун баары Коконго барып жүргөн да, Кокондон кылып келип жүргөн.
[Баласы: Бир үйдө жашаган да булар, чоң атам завхоз, баарын бөлүп берет, а? Бир чаркада жашап, чоң атаңыз завхоз, бөлүп берет...] [56:09]
А биз алтуулда, алтуул анан чеснок айдайбыз. Оруп, үч жерге кырман кылат, биз оп айдайбыз. Ону чал үйүп, кампага салат, ошону анан эшек менен араба менен Кокондогу чаркөөгө тартып келип, алты үйгө юөлүп берет завхоз да. Кийин ошентип жүрүп, о, илгери битта кой тууганда, бириникини бири жейт эле да, азыр бербейт бир тууган бир тууганга. Ошо чалды карап, катта болдук да, о чал ам өтуп кетти.
[Баласы: Сүлүктүгө тоомат менен нече жыл отуруп келди чоң ата? ] [57:09]
Жок, ол колхоздун ижарасыдан эшек ууру кылабыз деп, колхоздун буудайыдан уурдаптыр да эки эркек, ачарчылык да. Алар ижарадан уурдап, көтөрүп келиптир. Келсе, мына алма бакта биз он эки үй элек, ушуек биздин жайыбыз. Буудай төгүлүп келип, короого кириптир да, көңдүн ичине көмүп коюптур, төрт кап буудайды. Анан өкмөт кууп келип таап алып анан үймө-үй обыск кылса, биздин чоң атабыздын үйүнөн беш кап буудай чыгат. Сегиз жылга кести Сүлүктүгө, камады. Кийин анан эсен ууруну тутуп, аларды сегиз жылдан айдады. Ууру көбөйгөн да кечкиси, келет...биз тым жатабыз, бычак менен майбы, нанбы, чайбы алып чыгып, тоого алып барып жейт. Биз анан комсомол бригадка иштеп, колхозго жанта курабыз да, малына кышка, кашекке, жанта куруп беребиз. Барсаң анан төрт көлдүн үстүдө, сайда, төртта ууру жатат, казанда гөш турат, ташта май турат, төртта тери турат, капта жарым ун турат, алтыта патир турат. Алты уул, тогуз кыз барганбыз комсомол бригад болуп...анан секин экитабыз барып, бир патырыдан, гөшүнөн уурдап келип, биетте жеп келип алып анан биетте зивинага айттык. Зивина анан участковойго айтып, барып айтсак, аларды ат менен кууп, баттасын тозуп келди, тутуп келип түркөкө байлап, алып барып камады, сегиз жылга.
- Үчөөсү кайда кетти?
- Үчөө качкан экен анан үч милиция болуп барып, тоодон атып, тутуп келди үчөөнү ям. Тутуп келип, булар фронттон качып талаада жүргөн экен да, баарын камады. Алар анан баары ошол жактан бүтүп келип, ушуеттен өлдү, балдары бар. Кечкисин ууру келгенде, “Аааа” деп бакыра берет элек, малды ям алып кетет, жегенди ям алып кетет. Үйдүн биягыны ачып, үйдөгүнү алып кетет, ыйлай берет элек. Милиция келгиче ыйлап отурабыз, милиция келип анан көрүп-көрүп, таппайт, кетип калат. Ууру көбөйгөн эле да, ууру көбөйгөн, баары балдары бар, аталыры өлдү.
[Баласы: Өзүңүз дубал тешип, катталардын немелерин алып кеткен...немелерди алып кетип калган го, анан ийизини кууп барса деп сүйлөп берчилеңиз го] [1:00:46]
- Ошону айтып бербейсизби?
- Биз атам фронтко кеткенде эшикке жатабыз да, жатсак, Так! Так! Деген таянемдин эчкилери эле оетте, энем жата бер дептир. Саар турсак, ушундай үй да, оягыны ачып, такталарды оякка таштап...мага кылган себим бар эле, атамдын кийими бар эле, атам өзү Москавага барып, материал алып келген, ошолордк алып анан майыбызды, наныбызды, унубузду алып кетип калыптыр. Анан милицияга барсак, бир милиция келсе, жамгыр жаап ийизи жоголуп калды! Ийизи жоголду анан калып кетти, табылбады, ошону менен жок болуп кетти. Кийин Шоропко турмушка чыксам, Жармат жүн алып барды, сатып бер деп. Ошондо анна Жармат айтты: “Биз силердикин алып, үч адам алып, үч арга сатып алганбыз, сыйрыңырды уурдап, торпогу менен үч арга сатканбыз. Атаң бизди фронтто качканыбызды айтып берген” - деп, “Биз уурдаганбыз” - деди. Ошентип ууру көбөйгөн эле да, кийин ууру ям жоголду...ууру жийда көп эле. Нан! Нан! Деп ыйлайбыз да...Коноктун кебегин нан кылып жедик, күн жараны нан кылып жедик, ыйлап. Ушул эле эсимден чыкпайт да!
[Баласы: Баягы фронтко таятамдарды анан мурда жөнөткөнүңүздү айттыңызбы] [1:02:51]
Атамдарды, 200 адамды, мына ушуетте парадка тургузуп, Жолматов деп военкоматтын ичине алып барып, кызыл белге чечип барып, эки кыз Ааааааййй! Деп бакырсак, атам “Качкыла!” - дейт. “Ата, ата, атамды алып кетип баратат” - деп, экөөбүз бакырабыз, ал Эргештин кызы, мен Жусуптун кызы. Алып кетти анан экөөбүз ыйлап, ыйлап келип алдык. Мынает менен алып кетет эле анда, кызыл жолдун биягы менен кетет эле, оякта жол жок эле, оякта жол жок эле, пирган кете турганга. Ошентип атам кетип, пленге түшүп, кийин келди. Үч жерге ок тийген экен, келип алты уул, эки кыз көрүп, жашырып катын алып, карып, өлдү да, ошо катыныкында өлдү да. Мурун катынынын балдары бөлөк эле, башка жерде жашадык, ошолор эле.
Баласы [Ошо таятамдарды 200 эркектей согушка кеттиби, канчасы кайтып келди?] [1:04:08]
Олор кам кайтып келди, бир онтасы кетти, баары жок болуп кетти, онтасы келди.
-Апа, кайтып келген кишилерчи, ошо фронттон, согуштан келип эмне жумуш кылышты бияктан?
- Алар барып, майып болуп келип, үйдө эле жүрдүлөр да.
-Колхозго чыгып ишешкен жокпу?
-Бири буту чолок, бири колу чолок, бири касал келип, бечаралар жүрүп, карып өлдү, 100 кирип, 100 ашып кеттиби [күлүп жатат] [1:04:41] Балдары бечаралар, фронттон келип өлдү, баары үйгө келир өлдү.
[Баласы: атасыны, таятам да эми, эки үкасы менен кеткен да, үчөө болчу. Таятам кайтып келген, берки үкасы жок] [1:05:05]
-Апа, Сталин өлгөндө кандай болдуңуз эле?
[Баласы: Апа, Сталин өлдүбү, ошол күнү, неченчи, 50-жылы, расса ыйлагансыздарбы же...] [1:05:24]
-Ыйлаган эмеспиз, радио сүйлөгөн. “Стойт!” - деди, парадка тургузду анан радиолор бакырды ошоетте. Бир убакта басылдырып, Сталин өлдү деп анан кол көтөрүп, айланып-айланып кетип калдык.
-Сталинди жакшы көрчү белеңиз же жаман көрчү белеңиз?
-Качан билели, жакшыбы...
[Баласы: көрбөсө деп күлүп жатат] [1:05:50]
Биз жашпыз да, 18-17деги кызбыз, эмнени билебиз.
-Үйүңүздө ата-энеңиз эмне деп айтчы эле ал жөнүндө? Сталин жөнүндө эмне деп айтчы эле?
-Атабыз армияга кеткен, энебиз үйдө касал, биз ойноп жүрөбүз да. Мектепте айтат, “ыы, ыы” - деп коебуз да.
[Баласы: ырдайт-ырдайт. Сталин биздин атабыз, Аталап айтып жатабыз деп ырдайт элек мектептен] [1:06:05]
Барып, Баткенге ушуетке Байратта төрт катар бар эле.
“Сталин биздин атабыз,
Аталай айтып жатабыз.
Сталин биздин атабыз,
Германды биз утабыз,
Сол колдо - согул,
Согуп жүргөн элденбиз.
Согушка чыккан душмандын,
Канын суудай төгөбүз” - деп, ырдап барабыз [күлүп жатат] [1:06:34]
“Кызыл-кызыл козуну,
Көрпөн салам, о айдан.
Кыздан болсоң бул үйдүн,
Эркеликке койбосоң, чалга саттым” - деп анан ырдайбыз. Битта кызды, эр жок, үч килограмм буудайга саткан баары. Эркек калган эмес, кыздар бекер берген.
-Кимге?
[Баласы:чалдарга]
-Баары каттарып калган да, бекер-бекер кыздарды берген да, ошондо ырдаганбыз: Мышык, чычкандайбыз, мышык жолун мынантип-мынантип тоголотуп, топ тетип, мынантип-мынантип парадка туруп, ырдар барабыз.
-Апа, жаш кыздарды кимге берип салчы эле?
-Жүргөн чалдарга берген, чалдар өттү, алар ам кемпир болуп өттү, мына мен 94 кирип отурам. Мен 94 жашта! 6дан кийин 100!
[Баласы: Акматбайдфн аялы, нече жашта тийген дедиңиз?]
О, Майрабы, он төртүндө тийген. Ону он төртүндө эле энеси бекер бергенден кийин, Акмат үкалары менен, эне-атасы өлгөндө бекер эле киргизип берген.
[Баласы: Айтчы элеңиз го, барып ойнойбуз аны менен деп]
-Ойнойбуз көшөгөнүн артына. Кыздардын көбүн берди бекерге, бай-бай-бай! Эр жок, чалдарга ям, 50-60 жаштагы чалдар алган. Азыр булар тийбейт.
[Баласы: Азыр эми баары жок бар]
-Эмне үчүн сатып салчы эле, апа? Эмнеге кыздарын берип салышчы эле?
[Баласы: Эмнеге чалдарга берет эле дейт] [1:08:21]
-Карыган чалдарга эмнеге берип салчы эле?
- Кыздар 30-25 жашка кирип калды, чалга берет да! Кыздар баары 20-25-30 кирген кыздарды чалга берген да. 15 жаштагыны да берген, эр жок да, каяктан эр табат!
-Бербей койсо болбойт беле?
- Бербеген кыздар тууп койсо эмне болот?! [күлүп жатат] [1:08:49]
-Эркек жок болсо кайдан тууйт?
-Эркек жок болсо Коконго барат, чаркөөгө барат, тубат да.
-Аялдар ошентип ар-кайсы шаарларга барчы беле?
- Шаарга баргандар тубат да, биетте ким бар.
-Апа, колхоз тараганы туура болдубу?
-Эмне дейт?
[Баласы: СССР бузулганы жакшы болдубу дейт]
-Аа, жакшы-жакшы.
-Жакшы болдубу?
[Баласы: Жаман да дейт азыр заман, колхоз жоголду дейт]
-Колхоз жоголду эми, коммунизмге өтүп калды. Ар ким өзү таап, өзү жеген, үлуш кылып, жеп жатат да.
[Баласы: Акыйкат эмес да. Акыйкат берген эмес да дейм]
-Ошо жерди, малды, техниканы бөлүштүргөндө сиздин үйгө бир нерсе тийдиби?
[Баласы: Алты сотик жер бар]
-Алты сотик?
[Баласы: Ии, оетте. Анан 0,5 кайрак]
- Малчы, мал тийди беле, мал?
[Баласы: Жок, мал тийген эмес]
-Колхозго битта-битта берип көбөйтүп бердик. Өзүбүз таап, жеп жүргөнбүз.
-Апа, дагы кандай окуяларыңыз бар?
-Окуя жок, эмнесин айталы, өтүп кетти. Бул уулум, 32 жашымдагы. 30 жашта тууганым өлдү, 31 жаштагы кызым, бул 33 жашымдагы. Төрт уул, бир кыз туудум да туубай жүрүп. Экита турмуш кылдым, бири авамдын уулу эле, чыгып анан бири шахтада иштеди эле. Шахтага тийип келип анан колхозго иштеп...
-Экинчи жолдошуңуз канча жаш улуу эле өзүңүздөн?
[Баласы: тең]
-Тең беле?
-Экөөбүз тең элек
-Биринчи жолдошуңузчу?
-Биринчим бир жаш катта эле менден.
[Баласы: Өзүнүн туугандары эме кылган да]
-Макул апа, рахмат! Чарчадыңызбы?
-Жок, чарчаган жокмун
-Дагы анда айтып бересизби?
[Баласы: Эстегениңди айтып бериң]
-Эмнесин айталы...ошо 34-жылдагыны билем, берагыны 53-жылга чейин деп отурбаймынбы. Анан Шоропко турмушка чыктым, анан келдим, эрим жок иштеп дагын, эрге тийип төрөп, карып калдым да. Айттым го, 93 кирип отурам, маззам жок. Алтытадан кийин 100.
-Апа, колхоздон кийин айыл кандай өзгөрдү? Жакшы жакка өзгөрдүбү же жаман жакка өзгөрдүбү?
- Колхоздон кийин айттым го, өкмөт үлүш берди, колхоз иштетпей койду, үлүш менен тирилик кылдык, үлүш берип эле колхозду жоготуп койду да. Үлүш берди, колхоз жоголду. 88-жылы үлүштү берди, ошону менен жоголду да. Эми биздин турмуш [күлүп жатат] [1:12:48] Ээй...жыңы келген кыргыздар ары жактан келген да. Баары биттадан бизди салып алып кыйнаган, бизди тууп коюп өлүп кала жаздаган. Балдар ам армияга барып келген...
- Апа, биякта, сиздин колхозуңузда, башка улуттагы адамдар бар беле? Азербайджандар, кавказдар жок беле?
- Жок...
- [Баласы: О, Сталин кууганбы биякка?Татар, чечен, ошолор бар беле дейт]
- Анча-мынча фронтко өлгөндөр...татар-патар, биякка келген эмес, анагы Андижан, Ош, Кокон, ошеяктарга келген, бизге келген эмес, Баткенге келген.
[Баласы: О, бирде айттыңыз эле го, апа...орустарды же татарлардыбы биттеп кетип, көйнөктөрүн отко пар! Пар! Өрттөшөт деп]
- А ол эки татар менен эки орус келип, көчөлөрдө бечаралар биттеп кетип...Колхоздун тоогун бакты алар. Катындары фронттон качып келип, орус катындар үймө үй кирет, аталар тогуз катынды тогуз үйгө киргизип койду, карагыла деп. Бечаралар буудай орот, келет, жатат сандалда. Биттеп кетсе тезекти очокко жагып, энем жакса, орус катындын көйнөгүн кагып күлөт эле. Бир жыл, бир жыл туруп анан баары шахтага, Чаркөөгө, Чаркатыга кирип кеттилер. Бир жыл орустар келип, бечаралар үймө-үй жашап, бригадттар багып анан баары кетип калды, ошондон калган орустардан бар Баткенде, биетте жок.
- Апа, самын бар беле ал учурда?
- Жок, самын жок, бизге Кокондон дөлүлөр алып келет эле, ак самын. Ак самын алып келип, пулга алат элек, дөлүлөр алып келет эле.
[Баласы: О, оеттен...о, бир чөпкө жууп алат элек…]
- Дөлүлөр алып келет, ошо самын жок эле да, жер самынга жуубат элек.
[Баласы: Ии, жер самын эмне?]
- О, от чыгат да...самын от бар да, о, арыктын бойдо жазда, ошону алып келип, ошону менен жуубат элек...
[Баласы: Көбүгү чыгабы?]
- Ии, жибитип койсо көбүрүп калат да.
- Аны кандай даярдачы элеңиз, апа?
[Баласы: Оруп келип эле жибитип коет дейт]
- Дөлүлөр ак самын алып келет, ап-ак, Кокондон алып келет. Буудайга, майга барып кир жуубат элек. Айттым го, базар ам жок, доктур ам жок, аз эле кыргыздан жүргөнбүз да, Баткенде ям жок.
- Банячы, баня бар беле?
- Жок, баня кечээ… [күлүп жатат] [1:16:05] Баня кечээ 80-жылы чыкты, Баняга барасың а…
- Ага чейин кайда жуунчу элеңиз?
- Үйдө эле, үйдө эле жуунуп жүргөнбүз да...Биздин заманды айтып да кереги жок, кыйналганбыз…
- А ал баняны ким салды? Кайдан үйрөнүп келипшти?
- Баняларды Баткенден келип салып кетишти, ана жерге келип салып койду. Мелисаканага, доктурканага анан башка жакта жок, адамдар өздөрү душ киргизип алды…
- Рахмат апа! Апа, фамилияңыз эмнеге кайын атаңыздын атына катталып калган?
- Жораева Айниса
- Кимдин атына катталдыңыз эле?
- Мен ошо паспортум Жораева Айниса болгон да, кайын атамдын атына.
- Эмнеге кайын атаңыздын аты, атаңыздын атына эмес?
- Айттым го, Жораев Шайдилла
- Эмнеге атаңыздын атына эмес, кайын атаңыздын атына катталгансыз?
- Турмушта эримде пасморт алгам да, кызым, балдарды тууп мына ушул жактан паспорт алгам да
- Өзүңүздүн атаңыз таарынган эмес беле?
- Мен туулуп өзүмдүн турмушумдан калгам да
- Паспортту кандай алдыңыз эле, каяктан алдыңыз эле?
- Мурун мен Тажикистандан алып, чалым өлүп 200 сом менен пенсияга чыккам, домохозяин болуп. Кийин биетке келип иштеген аркүтүмдү Кызыл-Кияда күйүп калыптыр, архивте, балам барып, Баткенден таап келди. Кечээ өлгөн үкам книжка, пул книжка, паспорт, кызыл книжканы үкам Баткенден алып, өзүм жасап, өзүмдү кожоюн кылып, он эки сотик жерди алып, үй салып берди, үй салып берип өлдү, өзүм жеке кожолук. Баламдын үйү бар, катыны кууп жүгөргөн, үчта баласы бар, келини бар.